Кыргыздын саны дагы бир баатырга көбөйүп актёр Кубанычбек Курманбековдун үйүндө наристе үнү жаңырды. 30-июлда актёрдун жубайы Замира уул төрөдү. Бул жубайлардын экинчи уулу.
“Жубайым 30-июль күнү борбордогу төрөтканалардын биринде көз жарды. Кудайга шүгүр, эне-баланын абалы жакшы. Уулумдун салмагы 3 килограмм 650 грамм, бою 53 сантиметр болуп төрөлдү. Наристебизге ысым тандай элекпиз”,- дейт ал.
Эскерте кетсек, 2015-жылы Кубанычбек Курманбеков Замира аттуу бийкечке үйлөнүп, түгөйлөр уулдуу болушкан. Актёр "До+Фа", "Браво", "Пентхаус", "Бир мүшөк акча", "Понт" жана башка тасмалардагы ролу менен белгилүү.
star@super.kg