29-июлда Нарын облусунун Кочкор районунда камактагы саясатчы, экс-премьер-министр Сапар Исаковду колдоо митинги өттү. Бул күнү мурдагы өкмөт башчы 42 жашка толду. Тарапташтары Сапар Исаковду саясий туткун атап, эркиндикке чыгарууну талап кылышты.
"Ак ийилет, бирок сынбайт" аттуу акцияны Сапар Исаковду колдоо жана коргоо штабы экс-премьердин туулган күнүнө карата өткөрүштү. Митингге Жогорку Кеңештин депутаты Асел Кодуранова, Сапар Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов, мурдагы элчи Кылычбек Султан, "Айкөл Ала-Тоо" коомунун төрагасы Амантур Жамгырчиев, КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Алга Кылычов жана башкалар катышты.
Мурдагы элчи Кылычбек Султан Сапар Исаковдун баштаган алгылыктуу иштери анын камалышы менен аягына чыкпай калганын баса белгиледи. "Сооронбай Жээнбеков репрессияларын токтотуп, экономикага көңүл буруп, жанындагы бузукуларын тыйышы керек",- деди мурдагы элчи.
Митингдин соңунда президент Сооронбай Жээнбековго бир нече талап койгон резолюция кабыл алынды. Алардын катарында Сапар Исаковго саясий куугунтукту токтотуу, сотко жана укук коргоо органдарына кысым көрсөтпөө талабы бар.
Сапар Исаков 2018-жылы камакка алынган, ал Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу жана Мамлекеттик тарых музейин оңдоп-түзөөдөгү жемкорлукка тиешеси бар деп айыпталууда. Учурда кылмыш иши боюнча сот процесси жүрүп жатат.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg