Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384
Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
БАЛДАР ҮЧҮН КЕҢЕШТЕР
№875 8-14-август, 2019-жыл
Балдар, Умарбектин окуясын окугандан кийин оюңарга эмне келди? Төмөндөгү бир нече кеңештерди эсиңерге түйүп алгыла:
-
Өз алдыңарча эч качан жалгыз басып кетпегиле.
-
Көчөдөн сөзсүз улуулар менен чогуу колунан кармап өткүлө.
-
Тааныш эмес адамдар канчалык таттуу берип кызыктырса да, алар менен чогуу эч жакка барбагыла.
-
Чоочун адамдын машинесине отурбагыла.
-
Оюн аянтчасында күүгүм киргенге чейин ойнобогула.
-
Мектептен чыкканда оюнга кызыгып кеч калып калбагыла.
-
Кокус ата-энеңерден адашып калсаңар, адашкан жерден алыс кетпей тургула, апаң сени ошол жерге издеп келет.
-
Адашып калган учурда формачан милиция кызматкерин көрсөңөр, аларга барып, абалыңарды айткыла.
-
Сөзсүз түрдө атыңар менен кошо фамилияңарды, жашаган дарегиңерди, мүмкүн болсо, ата-энеңердин телефон номерин жаттап алгыла.
Гулийпа Маметосмон кызы
balakai@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0