Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

ОШТО МЕКТЕП ОКУУЧУСУ БЫЧАКТАЛЫП КАЗА ТАПКАН. МАРКУМДУН ЖАКЫНДАРЫ ТЕРГӨӨГӨ НААРАЗЫ БОЛУУДА

№876 15-21-август, 2019


Үстүбүздөгү жылдын 30-май күнү 15 жаштагы Самат Ахматов аттуу 8-класстын окуучусу өзү теңдүү балдардын бычагынан каза болгон. Окуя акыркы экзамен күнү, Ош шаарындагы «Кыргызстандын 40 жылдыгы» атындагы мектептин айланасында орун алган. Маркумдун эжесинин айтымында, каза болгон окуучу жакшы окугандыктан экзамендерден бошотулган. Бирок акыркы экзамен күнү досторун колдоо үчүн мектепке барган.

Бүгүн маркумдун жакындары тергөө адилеттүү жүрбөй жатат деп укук коргоо органдарынын ишине нааразы.

«ИНИМЕ БАЛДАРГА САЛЫК САЛЫП ТОПТОП БЕР ДЕП КЕЛИШКЕН ЭКЕН»

Кылмышка шектелип аталган мектепте окуган М.А. аттуу окуучу жана Рудаки атындагы орто мектептин сырттан окуу бөлүмүндө окуган Д. уулу Н. кармалган. Маркумдун эжеси Динара Тутаева окуя тууралуу буларды айтып берди:

– Балдар тергөө учурунда алардын урушу эмне себептен чыкканын айтып беришти. Алардын айтымында, мурун ушул мектепте окуп кеткен Д. уулу Н. аттуу бала окуучуларга салык салчу экен. Ал бала бул мектептен жүрүм-туруму начар болгону үчүн айдалып, Рудаки атындагы мектепте окуп калган. Күндөрдүн биринде ал бала менин иниме «салыкты сен жыйнап бересиң» деген экен. Самат баш тартыптыр. Бир апта мурун келип эскертүү берип кетишсе да, Самат алардын буйругун аткаруудан баш тартыптыр. «Салыкчы» балдар акыркы экзамен күнү дагы келип, өз талаптарын коюшуптур. Самат ал күнү экзамен башталганча мектепке барган. Досторун күтүп турганда 3 бала келип, экөө ичкери кирип, Саматты чакырып чыгышыптыр. Иним аларга орой жооп кайтарып, талаптарын аткаруудан баш тартып койсо арданып кетишсе керек. Ачууланган Д. уулу Н. инимдин артынан келип, сол тараптан бычак сайыптыр. Бычак баланын сол бөйрөгүнүн челин тешип кетиптир.

Саматка бычак сайылганда ичин кармап эле тырышып калды деп айтышты көргөн балдар. Ошол убакта кызыл түстөгү Chevrolet үлгүсүндөгү унаа балдардын жанына барып токтоптур. Саматка салыкты доолаганы келген балдар унаанын ичине шаша-буша отуруп, качып кетишиптир. Бери жакта турган достору унаанын артынан кубалап, токтотууга аракет жасашыптыр. Бирок токтогон эмес. Мунун баарын мектептин жанында жүргөн балдар көрүшкөнүн айтып беришти.

«20ДАЙ БАЛА БИЗДИН БАЛДАРДЫ САБАШКАН»

Шектүүлөрдүн бири М.Анын атасы Ибайдулло А. кылмышка шектелип жаткан балдарды мурда маркум Самат Ахматовдун 20дай досу көптөп сабаган дейт:

– Каза болгон балага сайылган бычакты менин уулумдан алганын айтып жатышат. Андай эмес. Мен экспертиза боюнча Бишкекке чейин барып келдим. Бычакты менин балам берген болсо, анда бармак издери калмак да. Бир да бармак изи жок. Эч нерсе далилденген жок. Эми кандай чечим чыгарын билбейм. Иш менен жактоочубуз алектенип жатат. Биз мыйзамдарды жакшы түшүнө бербейт экенбиз. Менин балам да мектепте жакшы окуган, активист, классында класском болчу. Быйыл 10-класска көчтү. Мен анын тартибин такай көзөмөлдөп турам.

Азыр эми Жалал-Абадда жашы жете электердин абагында отурат. Бул иш кокустук да. Тополоңдо 19-20дай бала күнөөлөнүп жаткан балдарды сабап баштаган экен. Экзаменге чейинки даярдыкка бара жаткан менин уулум кокусунан эле ошол топко кошулуп калыптыр. Самат ал күнү мектептин экзамендеринен бошотулган экен. Жумушу жок болсо да анын уруш болгон жерге эмнеге барганы белгисиз. Менин уулум бычакты алып барып бергени тууралуу кепти эч ким далилдей элек. Бул кимдир бирөөлөрдүн эле жапкан жалаасы болуп жатат. Соту качан болорун да билбейм. Тергөө бүтө элек.

КЛАСС ЖЕТЕКЧИ: «ШЕКТҮҮ БАЛА ЖАНЫНА БЫЧАК АЛЫП ЖҮРЧҮ ЭКЕН»

Каза болгон маркум Самат Ахматов тууралуу анын мугалимдеринен сурап көрдүк. Окуучунун класс жетекчиси Калыс Төрөева буларга токтолду:

– Самат Ахматов жакшы окучу, кишиге жумшак мамиле жасаган тартиптүү, досторунан, мугалимдерден жардамын аябаган бала эле. Эч качан ачууланып, агрессияга алдырганын көргөн эмесмин. Дайыма баарын күлдүрүп, шайыр жүрчү. Географиядан олимпиадага катышып, 57 мектептин ичинен 2-орунду ээлеген.

Окуя болгон күнү кечиккендерге чалып балдарды экзаменге даярдап жаткам. Сынак башталганына 10 мүнөт болуп калган. Ошол маалда окуучулар келип, Саматты бычактап кетишти деп калышты. Эмне болгонун көрбөдүм. Ооруканага алып жөнөдүк.

Кармалган балдарга да орус тилинен сабак берчүмүн. Алардын бири М.Анын үстүнөн сентябрдан бери арыздана берип тилибиз тешилип бүттү. Сабакта мугалимдерге орой мамиле жасайт, класс жетекчисине, окуу иштери боюнча бөлүм башчыга дагы кайрылып, ата-энеси менен такыр байланыша албай койдук. Өзүм билемдик кылып, ата-энесин чогулушка да чакырчу эмес. Мен өзүм класс жетекчиси болбосом да, сабагы боюнча ата-энесине чалып арыздангам. Классташтары "ал дайыма жанында бычак алып жүрчү" деп айтып жатышат.

«САМАТТЫН ИЧИНЕ КАН УЮП КАЛЫПТЫР»

Самат Ахматовду ошол күнү мектепке келген ата-энелердин биринин унаасы менен ооруканага жеткиришкен. «Бул арада инимдин ичине кан уюп, куткарууга мүмкүнчүлүк болбой калыптыр»,- дейт маркумдун эжеси.

– Окуядан кийин Самат ичин кармап мектептин короосуна киргенде, мугалимдер топтолуп, унаага салып ооруканага алып жөнөшүптүр. Дароо эле операция жасоого алып кирип кетишиптир. Мугалимдеринин айтымында, Самат ооруканага чейин «ичим ооруп жатат» деп сүйлөп эле барыптыр. Дарыгерлер ичине кан уюп калганын айтып, "жардам бере албай калдык" дешти. Экспертиза жүргүзүү үчүн өлүкканага жиберишти. Бул арада Саматты токмоктогон балдар тараптан 10 чакты киши келиптир. Алар чогулуп алып «бул бала өзү спортсмен бала экен, биздин балдарды коркутуп урган» деп бет тырмоочулук кылып, жаңжал чыгарышты.

Ош ШИИБинин кызматкерлери ишти тыкыр карабай коюшту. Саматты мектептен чакырып чыккан баланы дагы жоопко тартууну сурансак, аны жашы жете элек деп камабай коюшту. Жашы жете элек деп эле балдарга колуна балта-бычак берип көчөгө чыгарып койсо, каалаганын өлтүрүп кете берсе боло береби?

30-июнда Д. уулу Ннын баш коргоо чарасы каралды. Ага биздин жакындардан эч ким чакырылбаптыр. Ошол соттук отурумдан бир күн мурда иш боюнча таанышып коёлу деп Ош ШИИБине барсак, биздин ишти карап жаткан милиция кызматкерлери, тергөөчүсү баш болуп, күнөөлөнүп жаткан тараптан келген 7-8 киши менен сүйлөшүп отурушуптур. Мындан улам жең ичинен иш бүтүрүп жатат деген ойго келдик.

«ИНИБИЗ ЖЕРГЕ БЕРИЛГЕНДЕН КИЙИН ДА БЕРЕНЕ ӨЗГӨРГӨН ЖОК»

– Күнөөлөнүп жаткандардын үстүнөн 138-берене (саламаттыкка оор залал келтирүү) менен кылмыш иши ачылган. Кийин иш менен таанышалы деп делону алсак, 138-берене боюнча өзгөрбөй турат. Бул маалда балабыздын саламаттыгына оор залал келмек тургай, каза болуп, жерге берилген болчу. Биз талап кылгандан кийин гана беренени 130-беренеге (адам өлтүрүү) алмаштырышты. Биз Ош
ШИИБинин жетекчисине жана Саматтын ишин тергеп жаткан тергөөчүгө бир нече жолу нааразычылыгыбызды айтып кайрылдык. Алар биздин укукту коргоп бергендин ордуна «муну кароого биздин убактыбыз жок, каалаган жагыңарга алып барып тергетип алгыла» деп делону колубузга карматып коюшту. Ушундан кийин ишти ИИМдин алдындагы аймактар аралык башкармалыкка өткөрүп беришти. Учурда ишти аталган башкармалыктагы тергөөчү тергеп жатат.

Ички иштер министрлигинин алдындагы аймактар аралык башкармалык менен байланышканыбызда, тергөө иштери бүтө электигин айтып, «тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн» деп маалымат берүүдөн баш тартышты. Ал жерден 130-берененин негизинде иш жүрүп жатканын билдиришти. Бул ишке күнөөлөнүп жаткан эки окуучу Жалал-Абаддагы жашы жете электердин абагында кармалып турушат. Ошондой эле окуяга катыштыгы бар болушу мүмкүн деген башка адамдар дагы тергөөгө чакырылып жатышканы маалым болду.

Айпери Хожаева
koom@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(3)
19.08.2019. 21:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Сакендер эч качан эл болбойт мүнкүн болсо буларды көчүгүнө бир тээп АНА ватанина жөнөтүш керек
20.08.2019. 04:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Kulatov,bul jerde kim saken tushunbodum senin kommentine
20.08.2019. 07:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Өлтүргөндүн атасы Ибойдилло деп жатпайбы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: