Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Үмүтай Абдышова, ырчы: “ДЕМӨӨРЧҮМ ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫМА ЖАРДАМ БЕРГЕН”

№876 15-21-август, 2019


“Элдин фишкасы жүзү, келбети, акчасы, балким, хайпы болушу мүмкүн. Меники эл кайсы ырды сурабасын такалбай, тайманбай ырдап бергеним” деген ырчы айым бар. Үмүтай Абдышова ырчылык жолу оңой болбогонун, өзүнүн тагдырын уулу кайталап калганын, балалыгын, максаттарын баяндап берди. Маек сизди да кайдыгер калтырбайт деп ойлойм.

– Үмүтай, маекти акыркы жаңылыктардан баштайлы деп турам.

– Балыкчы шаарына барып тушоо кесүү концертимди берип келдим. Быйыл күзүндө жеке концертимди берсем деп ойлонуп жатам. Бирок эмнегедир тайсалдап дагы эмгек кылып, анан берсемби деп да турам. Эми аны убакыт көрсөтөт. Менин репертуарымда 100гө жакын ыр бар. Хит болсун деп эмес, жүрөгүмө жаккан ырды ырдап жүрө берем. Албетте, мындай ырларды кайсы бир элдин катмары гана угушу мүмкүн, бирок булар туруктуу катмар деп ойлойм. Эми өлчөп, ченеп хит ыр да чыгарганга аракет кылып жатам.

– Комуз менен ырдап элге таанылдың, өзүң айткандай, даңкылдак-дүңкүлдөк кошуп, шоу жасап көрсөм деген ойлор болбойбу?

– Ырдаган ырларымдын баары өзүмдүн тагдырыма байланышып кетет. Анан текст менен иштегенди жакшы көрөм, ырдын тексти жан дүйнөмө отурат, анан эле ырдагым келет. Хит болсун деген максат – жан дүйнөгө жаккан ырлардан башка, бирок аны деле кылып көрдүм. “Карап тур, кийинкисинде шаңдуу, бийлей турган ыр жаздырам” дейм да, кайра эле мазмуну терең ырларга өтүп кетем. Бирок комуз менен чыккан Үмүтайдын күйөрмандары абдан көп, аларды иренжитким келбейт.

– Жан дүйнөнүн тереңдигин аңдоо да чанда кездешет, сага кимдер мындай тарбия беришкен?

– Таята-таенемдин тарбиясында 12 жашыма чейин болдум, андан кийин апамдын колуна келдим. Интеллигент абышка-кемпирдин колунда чоңойдум. Сөз баккан адамдар эле. Таятам да, апам да кыргыз адабиятынын мугалимдери, өзүм да Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин адабият жана котормочу факультетин бүтүргөм. Ырчы болгум келчү, апам "олуттуу кесип танда" деп болбой койгон. Бирок беш жылдык студенттик жашоомдо болгон маараке, кечелерде комузумду колума алып ырдап жүрдүм. Кичинемден эле сахнага чыккым келчү, 9-классымда республикалык сынактан жеңип, биринчи устатым Роза Аманованын колуна келгем. Эжеден көп нерсе үйрөндүм, көмөкөй менен, тил менен ырдаган кандай, вокал деген эмне экенин билдим. Кийин баары бир Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинен билим алдым.

– Ырчылыкты тандагандан кийин сага эң татаалы эмне болду?

– Башында “акчасы барлар эле чыгат го” деп ойлочумун. Мага жалкоолугум чоң жолтоо болду. Жулунган сапатым жок. Балким, мен ырчы болуп чыкпай калмакмын. Интернет эмне экенин мен биле электе эле ырдаган ырым жайылып кетиптир. Бир жерге барып ойдо жок жерден комуз менен ырдап койгом. Ошол сапатсыз эле видео жайылып кетип, менин чыгармачылыгымды улантышыма түрткү болду.

– Айрымдар хайп же жүзү, харизмасы менен элди өзүнө тартып жатышат, сенин фишкаң эмне?

– Ооба, кээде кооз кийим менен элди тартышат. Менин фишкам эл кандай ырды сурабасын жандуу үн менен ырдап бергеним болуш керек. Айрымдар жандуу үн менен ырда десе тайсалдап калышат го, менде андай жок. Эми сыр эмес, кээ бир ырчылар жаздырган ырын жаттай алышпайт, бир сабын айтса экинчисин унутуп коёт. Студиядан кагаз кармап ырдайт, кийин унутуп калат. Мисалы, мени “Асанкалыйдын ак булутун ырдап көрчү, кыйын экенсиң” деп сынаган күндөр болду. Мен ырды жатка билем, авторун, тарыхынан бери айтып туруп ырдайм. Эл ошол нерсемди баалайт. Вокалдан сабак алган жокмун, бирок үнүмдү өзүм таптадым. Үйдөгүлөр менден тажап, от жагылбаган бөлмөгө кубалап жиберишчү, муздак бөлмөгө барып ырдап, комузумду күүлөп, өзүмдү-өзүм таптап отуруп эл алдына чыктым. Өнөргө ушунчалык суусаганымды мындан билиңиз, таңкы саат алтыда комуз сабагына барчумун. Анткени музыкалык мектепте орун жок болуп калып устатымдын алтыда эле убактысы болчу. Ошол учурда болгон аракетим эми жемишин берип жатат.

– Финансы булагың кайда деп сурасам ашыкча кетпеймби?

– Билгендер билет, билбегендер билбейт, бирок мен көп учурда чет өлкөгө гастролдоп кетем. Европа, Азия, Түркия, Орусия, Кытай, Индия, көп жерлерде болдум. Түрк тилин билген үчүн Түркияга көп барам. Анан тойлордон акча табам, той ырчысы деп бөлгөндөргө таң калам. Мурунтан эле ырчылар тойдо ырдап келген да, тойдо ырдабаса кайда ырдайт. Мени таптаган да тойлор болду. Биринчи алкышты, кол чабууну тойдон уктум.

– Демөөрчү канчалык деңгээлде ырчынын жолун ачат?

– Өмүрүмдө бир жолу белгисиз демөөрчүнүн жардамына таянып эки ырыма клип тарттыргам. Барган жеримден сөзсүз “демөөрчү болом, үнүң жакшы экен, жылдыз кылам”  деген бирөө чыгат. Ишке келгенде эле жок болуп кетишет. Бир жолу ошондойлордун бири деп ойлоп жаңылышыптырмын. Демөөрчү болом деген мырзанын каттарына жооп бербей койсом “карындаш, үй-бүлөм бар, сенин талантыңды сыйлайм. Орусияда жашайм, Кыргызстанга келе турган оюм да жок”  деди. Эки клип тарттырып, ырымды жаздырып, формаларымды тиктирип берди. Кызыгы, атын да айткан жок, Ош шаарынан экен, "клип Ошто тартылсын" деген бир гана талап койду. Башка эч бир демөөрчүм болгон жок, мен дагы издеген жокмун. Бирөөгө көз каранды болгум келбейт.

– Ырлар тагдырыма байланышкан деп жогоруда айтып калдың?

– Атам менен апам ажырашып кеткенине байланыштуу тайларымда өстүм. Канчалык көзүңдү карабасын бала үчүн өз ата-энесине жетпейт. Атамды көрбөй чоңойдум. Үч жыл мурун эле атым таанылгандан кийин атам байланышка чыкты. “Кызым” деп баштады сөзүн, жүрөгүм жибип келе жатканда эле “ажырашып кеткенибизге апаң күнөөлүү” деп салды. Апамды күнөөлөгөн адам менен сөздү улантууну туура көргөн жокмун. Эмнеге апам азап-тозокту жалгыз тартып чоңойткондон кийин келип аны күнөөлөдү? Апам эч качан “атаң күнөөлүү” деген эмес. Ата-энем ажырашканда эки бала экенбиз, көрсө, байкем чоң ата-чоң энесинин колунда калыптыр. Кийин ал апамды издеп келди, азыр катташып турабыз. Тилекке каршы, тагдырымды азыр уулум кайталап калды. Атасыз өсүп жатат, таенесинин колунда. Башыма келген бардык нерсени жакшылыкка жоруганга аракет кылам. Эгерде ажырашып кетпегенде ырчы болуп чыкпай калат элем, көкүрөгүм суусаган нерсеге толтура албай калат белем. Мурунку күйөөм дагы ырчы болчу.

– Бойдок, жаш, анан эл көзүндө болсоң кайырмак ыргыткандар көп эле болсо керек?

– Сунуш кылгандар бар. Бирок бирөөнүн үй-бүлөсүн бузгум келбейт. Мен жакшы көрүп турсам дагы анын балдарын жетим калтыра албайм. Ырларымда тагдырыма байланышкан саптар бар деп жатпаймбы, “Көздөгү сыр” деген ырда таасирдүү саптар бар. Экөөбүз канчалык сүйүшсөк да бирге боло албагандан кийин убара болбойлу деген мааниде.

– Демек, тажрыйбаң болгон экен да...

– Чындыгы бар, үй-бүлөлүү адам сүйүүсүн арнады, бирок мен макул болгон жокмун.

– Бай, улгайган адам менен жаш кыздын сүйүүсүнө терс көз карашта экенсиң да...

– Кээде батирлеп жүргөнчө балам Ысык-Көлдө, мен борбордо сагынышып, кыйналып жашаганча бай адамга турмушка чыгып кылтыңдап жашагым келет. Балам барган сайын “мени алып кетпейсиңби” деп айтат. Жүрөгүм ооруйт, анткени борборго алып келсем той-топур кечинде башталат. Алып келип да көргөм, кыйналып калат экенбиз. Ошентип ойлонуп колунда бар кишиге турмушка чыгып кетсемби дейм. Бирок сүйүүсүз мүмкүн эмес экен. Кечээ жакында Америкадан бир улуу байке келип издетиптир. Бай экен, бир жолу сыйлап чакырганда ырдап берип кетип калгам, эртеси чайга чакырыптыр. Сунушун айтты, бирок кабыл албадым. Мен аны бактылуу кыла албайм, анткени сүйбөйм, анын акчасы болуп туруп мени бактылуу кыла албайт. Андыктан бири-бирибизди бактысыз кылбай эле жөн коёлу дедим.

– Жашоодогу эң чоң ийгилигиң жана жеңилүүң...

– Жеңилүүм – өзүм толук эмес үй-бүлөдө чоңойгонум, уулум да ата-энеси туруп жанында болбой жатканы. Жеңишим – эл сыйлаган ырчы болуп калыптанып баратканым жана акылдуу, сезимтал уулум бар экени, апамдын ден соолугу чың болуп жанымда жүргөнү.

Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg



Үмүтай Абдышова, ырчы: “Балам менин тагдырымды кайталап, атасыз өскөнүнө өкүнөм”

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(11)
19.08.2019. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кандай жакшынакай кыз суйлогону да ачык айрым орду менен
19.08.2019. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тааныбайт экем...
19.08.2019. 13:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Sagyn.91,[moderated]тан кара, сонун ырдайт голосу булбулдай
19.08.2019. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
"Айшооладан"кордум го биринчи жолу.Анан билдим ырчы экенин.Ашыкча боенгону жакпайт .А так таланттуу.
19.08.2019. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
vikidiki,"Акшоола"
19.08.2019. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Соонун ырдайт куйоосу кайсы ырчы болду экен
19.08.2019. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Таланттуу, сулуу кыз. Чыгармачылык ийгилик каалайм. Соонун ырдайт.
19.08.2019. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Таланттуу,татына кыз.Бактылуу бол,Умутай!
SUPER.KG видео
19.08.2019. 21:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырларын коп укчумун,бирок менден чон го деп ойлочумун,корсо мени менен тен турбайбы.
SUPER.KG видео
21.08.2019. 22:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кинодон коргондо жаккан эмес болчу. Анан дагы чачын келиштирип сары кылып боёп алганы жарашкан эмес. Азыр тимеле татынакай болуп кетиптир. Азамат кыз. Кыргыздын сыймыгы болуп журо бериниз.
SUPER.KG видео
22.08.2019. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун маек болуптур, ачык айрым суйлопбериптир. Жакшы ырчы, ийгиликьерге жетише берсин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: