Эсиңиздерде болсо, жылдын башында, тагыраагы, 8-февралда өзүн кыргыздын деми атаган Гүлзат Мамытбек мурунку жолдошунун үйүнө балдарын алганы барып, мурунку жолдошу тарабынан токмок жеп, тепкиге алынган эле. “Ажырашканга чейин көп жыл бою ушундай кордукта жашап жүргөм” деген Гүлзат айым сабаганы үчүн мурунку жолдошунун үстүнөн Сокулук РИИБине арыз менен кайрылган. Жакында райондук соттун чечими чыкты, Гүлзат Мамытбек ага макул эместигин айтат.
– Медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыкты. Мени уруп, тепкен видео турса да райондук сот мурунку жолдошумду актап, ишти анын пайдасына чечип койду. Сокулук РИИБинин кызматкерлерине ыраазычылык билдирем. Абдан адилеттүү, адамгерчиликтүү жигиттер иштешет экен. Райондук сот “өзүң барып бутун кармап алып тептиң. Тырмагыңды дарбазаны ургулап жатып өзүң сындыргансың” дейт. “Видеодо урган, тепкендери турат, күбөм да турат” десем, “биз ошондой жыйынтык чыгардык” дейт. Мен алардын чечимине макул болбой, Чүй ОИИББине кайра арыз менен кайрылдым. Буюрса, соттон утсам, мурунку жолдошум кылган жоругу үчүн мага 60 миң сомго жакын акча төлөп берет,- дейт Гүлзат Мамытбек.
star@super.kg
Чоңойтуп койгон соң эшигине келип догурунса любой эркектин жини келет.
Күнөө бир тарапта эмес, күнөө экөөсүнөн тең кеткен...
Балдарын таштап,башка улутка тийип жатса,оозунан, ,ак ит кирип,кара ит"чыгып жатса,куйоосуну тынч балдары менен жашап жатса,келип тынчтык бербесе...Эмне эркек темирден жаралыптырбы?Куйоосу дагы сабырдуу экен,коп эркектер мындан да жаман кылмак.
Гулзат,мындай пейили менен эч качан бактылуу болуп жашай албайт.Куйоосу достойный жигит экен.Корунуп турат.Акылдуу аялдарга ошондой жигиттер туш келсе,бактылуу болуп жашамак.Мен куйоосун видеодон эле кордум,тузук эле жигит экен.
Кээ бир экектер аялын сатып алган кулундай эле көрөт,аял жакшы сөзгө,жакшы мамилеге МУКТАЖ.