БИР БҮРКҮМ. АТАМБАЕВ 2 АЙГА КАМАКТА КАЛДЫ...
№877 22-28-август, 2019-ж.
-

Кыргыз өлкөсүнөн
АЖЫЛЫК САПАРГА кеткендердин алгачкы тобу 17-августта Бишкекке кайтып келишти.
-
Ош шаарында 17-августта «ОШ ФЕСТ-2019» туристтик фестивалы өттү.
-
Жол эрежесин бузуунун 8 түрү боюнча АЙЫП ПУЛДУН СУММАСЫ азайтылат. Бул тууралуу вице-премьер Жеңиш Разаков билдирди.
-
Бишкектин Биринчи Май райондук соту мурдагы президент АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВДИ 2 айга, 26-октябрга чейин камакта калтырды.
-
"Мыйзамдагы ууру" Азиз Батукаевдин жактоочусу АЛИ КАСЫМОВ 26-октябрга чейин үй камагына чыгарылды. Ал быйыл 2-августта кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген эле.
-
УКМК: Социалдык түйүндөрдө массалык баш аламандык боло тургандыгы жөнүндө БИЛДИРҮҮ ТАРАТКАН жаран кармалды.
-
Жалал-Абад шаарында 21-август түнү Бакиев көчөсүндө жайгашкан базардан ӨРТ ЧЫГЫП, базардын 2500 чарчы метр аянты күйүп кетти.
-
Кыргыз жеринде 22-23-24-август күндөрү аба кескин салкындап, ЖААН-ЧАЧЫН БОЛОРУ күтүлүүдө.
-
АЗИМБЕК БЕКНАЗАРОВ Кой-Таштагы 7-8-августтагы окуялар боюнча күбө катары суракка чакырылганын ИИМден кабарлашты.
-
21-августта Бишкектеги "Фрунзе" заводундагы КАМПАДАН ӨРТ ЧЫГЫП, эки адам жабыркады.
-
ЖЫЛДЫЗБЕК ИСАКУЛОВ Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы болуп дайындалды. Ал буга чейин Баткен облусунун жетекчисинин орун басары эле.
-
Кой-Таш жана Арашан айылдарынын тургундары Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын уюштурган күч түзүмдөрүнүн жетекчилерин КЫЗМАТТАН АЛУУНУ СУНУШТАП президент Сооронбай Жээнбековго кайрылышты.
- РЕНАТ ТҮЛӨБЕРДИЕВ "Улуттук башкаруучу компания" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы болуп дайындалды.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0