Гезитибиздин мурунку сандарында ырчы Кызсайкал Кабылова модель, актёр Эрнис Айдаралиев ажырашып кетишкени тууралуу билдиришкен. Андан көп өтпөй Эрнистин үйлөнгөнү айтылып жүрдү. Жакында ал Инстаграмдагы жеке баракчасына “сен меники болгонуң үчүн Кудайга шүгүр, биз түбөлүккө бир болобуз” деген сүйүү сөздөрүн жазды. Актёрдун үйлөнгөнү тууралуу маалыматтын чын-бышыгын тактоо иретинде байланыштык.
– Азырынча үйлөндүм же үйлөнбөдүм деп ачык айта албайм. Бардык нерсенин өз учуру болот. Кудай буюрса, убагы келгенде бардыгын ачыктайм,- дейт Эрнис.
Эске салсак, мындан 2 жыл мурун Эрнис менен Кызсайкал баш кошушкан. Алардын ортосунда бир кызы бар.
star@super.kg
Эрнисти жамандап эле калыштыго.
Кызсайкалдан куноо кеткени менен эч кимдин иши жок
Мен да Эрнисти жаман коруп эле жургом.
Корсо кеп башкада экен .аны да Кызсайкалдын досторунан уктум