БИР БҮРКҮМ. ДЕПУТАТ ҮЙ КАМАГЫНА АЛЫНДЫ...
№878 29-август - 4-сентябрь, 2019-ж
-

"Коопсуз шаар" долбоорунун экинчи баскычында өлкө боюнча
306 камера орнотулары расмий маалымдалды.
-
Улуттук статистика комитети: Быйыл 6 айда 295 миң жаран чакан каржы уюмдарынан насыя алды.
-
Кой-Таш айылында Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында курман болгон УКМК кызматкери Үсөнбек Ниязбековго "Эрдик" медалы ыйгарылды.
-
Атамбаевдин жана анын жакын туугандарынын камакка алынган 135 мүлкүнүн 20сы текшерүүдөн кийин кайра камактан бошотулду.
-
Казакстандын Кыргыз мамлекетиндеги элчиси болуп Кайрат Нурпеисов дайындалды.
-
Алмазбек Атамбаевдин тарапташы, парламент депутаты Ирина Карамушкина 8-октябрга чейин үй камагына алынды.
-
Экс-депутат Мээрбек Мискенбаевдин апасы дүйнө салды.
-
Билим берүү жана илим министрлиги: Өлкөдө 16 мектеп урап калуу абалында.
-
Сапар Исаков ооруканадан УКМКнын СИЗОсуна которулду.
-
Сентябрдан тарта Бишкекте автобустарда жол кирени электрондук түрдө төлөө системи ишке киргизилмекчи.
- Мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева коррупцияга шектелүүдө. Ал сот чечими менен үй камагына алынды.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0