БИР БҮРКҮМ. 11 АДАМ ЖЫНЫСЫН АЛМАШТЫРДЫ...
№880 12-18-сентябрь, 2019-жыл
Туристтик сезон аяктаганына байланыштуу Бишкек-Балыкчы поезд каттамы токтотулду.
-
Бишкекте жеңил унаа менен автобус сүзүшүп, 4 адам каза тапты. Жаракат алган 6 адам ооруканага жеткирилди.
-
Парламент билим берүү жана илим министри кызматына Каныбек Исаковдун талапкерлигин колдоду.
-
9-сентябрда өлкөдө комуз күнү белгиленди.
-
Бектен Сыдыгалиев “Кыргызстан” фракциясынан парламентке депутаттыкка мандат алды.
-
ИИМ унаасына жасалма мамлекеттик номур тагып жүргөн айдоочуларга айып пулду эки эсе көтөрүп, 20 миң сом кылууну сунуштоодо.
-
Мамлекеттик каттоо кызматы: "2018-жылдын январынан бүгүнкү күнгө чейин өлкөдө 11 адам жынысын алмаштырды".
-
9-сентябрда күтүүсүз кар жаап, Суусамыр өрөөнүндө 5 миң гектар жерге эгилген арпа кар алдында калды.
-
Быйыл январь-июль айларында Кыргыз мигранттары өлкөгө 1 миллиард 351 миллион сом которушканын Улуттук банк билдирди.
- 10-сентябрда Араван районунда Төө-Моюн айылынын тургундары "Өзбекстандын аскерлери Кыргызга караштуу жерди тосуп жатат" деп нааразычылык билдирип чыгышты. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.
Перизат Музуратбекова
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
-1