Архив
1152
1153
1154
1155
1156
1157
1158
1159
1160
1161
1162
1163
1164
1165
1166
1167
1168
1169
1170
1171
1172
1173
1100
1101
1102
1103
1104
1105
1106
1107
1108
1109
1110
1111
1112
1113
1114
1115
1116
1117
1118
1119
1120
1121
1122
1123
1124
1125
1126
1127
1128
1129
1130
1131
1132
1133
1134
1135
1136
1137
1138
1139
1140
1141
1142
1143
1144
1145
1146
1147
1148
1149
1150
1151
1049
1050
1051
1052
1053
1054
1055
1056
1057
1058
1059
1060
1061
1062
1063
1064
1065
1066
1067
1068
1069
1070
1071
1072
1073
1074
1075
1076
1077
1078
1079
1080
1081
1082
1083
1084
1085
1086
1087
1088
1089
1090
1091
1092
1093
1094
1095
1096
1097
1098
1099
997
998
999
1000
1001
1002
1003
1004
1005
1006
1007
1008
1009
1010
1011
1012
1013
1014
1015
1016
1017
1018
1019
1020
1021
1022
1023
1024
1025
1026
1027
1028
1029
1030
1031
1032
1033
1034
1035
1036
1037
1038
1039
1040
1041
1042
1043
1044
1045
1046
1047
1048
944
945
946
947
948
949
950
951
952
953
954
955
956
957
958
959
960
961
962
963
964
965
966
967
968
969
970
971
972
973
974
975
976
977
978
979
980
981
982
983
984
985
986
987
988
989
990
991
992
993
994
995
996
897
898
899
900
901
902
903
904
905
906
907
908
909
910
911
912
913
914
915
916
917
918
919
920
921
922
923
924
925
926
927
928
929
930
931
932
933
934
935
936
937
938
939
940
941
942
943
844
845
846
847
848
849
850
851
852
853
854
855
856
857
858
859
860
861
862
863
864
865
866
867
868
869
870
871
872
873
874
875
876
877
878
879
880
881
882
883
884
885
886
887
888
889
890
891
892
893
894
895
896
792
793
794
795
796
797
798
799
800
801
802
803
804
805
806
807
808
809
810
811
812
813
814
815
816
817
818
819
820
821
822
823
824
825
826
827
828
829
830
831
832
833
834
835
836
837
838
839
840
841
842
843
740
741
742
743
744
745
746
747
748
749
750
751
752
753
754
755
756
757
758
759
760
761
762
763
764
765
766
767
768
769
770
771
772
773
774
775
776
777
778
779
780
781
782
783
784
785
786
787
788
789
790
791
687
688
689
690
691
692
693
694
695
696
697
698
699
700
701
702
703
704
705
706
707
708
709
710
711
712
713
714
715
716
717
718
719
720
721
722
723
724
725
726
727
728
729
730
731
732
733
734
735
736
737
738
739
635
636
637
638
639
640
641
642
643
644
645
646
647
648
649
650
651
652
653
654
655
656
657
658
659
660
661
662
663
664
665
666
667
668
669
670
671
672
673
674
675
676
677
678
679
680
681
682
683
684
685
686
583
584
585
586
587
588
589
590
591
592
593
594
595
596
597
598
599
600
601
602
603
604
605
606
607
608
609
610
611
612
613
614
615
616
617
618
619
620
621
622
623
624
625
626
627
628
629
630
631
632
633
634
531
532
533
534
535
536
537
538
539
540
541
542
543
544
545
546
547
548
549
550
551
552
553
554
555
556
557
558
559
560
561
562
563
564
565
566
567
568
569
570
571
572
573
574
575
576
577
578
579
580
581
582
479
480
481
482
483
484
485
486
487
488
489
490
491
492
493
494
495
496
497
498
499
500
501
502
503
504
505
506
507
508
509
510
511
512
513
514
515
516
517
518
519
520
521
522
523
524
525
526
527
528
529
530
427
428
429
430
431
432
433
434
435
436
437
438
439
440
441
442
443
444
445
446
447
448
449
450
451
452
453
454
455
456
457
458
459
460
461
462
463
464
465
466
467
468
469
470
471
472
473
474
475
476
477
478
374
375
376
377
378
379
380
381
382
383
384
385
386
387
388
389
390
391
392
393
394
395
396
397
398
399
400
401
402
403
404
405
406
407
408
409
410
411
412
413
414
415
416
417
418
419
420
421
422
423
424
425
426
322
323
324
325
326
327
328
329
330
331
332
333
334
335
336
337
338
339
340
341
342
343
344
345
346
347
348
349
350
351
352
353
354
355
356
357
358
359
360
361
362
363
364
365
366
367
368
369
370
371
372
373
264
265
266
267
268
269
270
271
272
273
274
275
276
277
278
279
280
281
282
283
284
285
286
287
288
289
290
291
292
293
294
295
296
297
298
299
300
301
302
303
304
305
306
307
308
309
310
311
312
313
314
315
316
317
318
319
320
321
Популярдуу макалалар
|
ДОСТУККА КЫЯНАТ (Кыйышпас достор, достуктун бузулушу, сүйүү үч бурчтугу тууралуу сериал)№881 19-25-сентябрь, 2019-жыл
– Киного барышты. Сүйүү тууралуу фильм экен. Андагы башкы каармандар да куду Эржан менен Аселдей кокустан жолугуп, бири-бирин жактырып калып, сүйүүсүн сактап калуу үчүн далай сыноону, бут тосууларды жеңишти. Айрыкча каарман кыз бактысы үчүн күрөштө көрбөгөн азапты көрүп, ата-энесинен укпаган жемени укту. Бирок көк бет экен, акыры түбү көздөгөнүнө жетип тынды. Эржан да, Асел да тасмадан өздөрүн көрүп отурушту. Деген менен жашоо Индиянын киносу эмес да. Асел экөөнүн сүйүүсү жаңыдан алоолоп баратканда бир заматта астын-үстүн түшүп, айнектей бырчаланып, карманар айласы жок экөө эки жээкте каларын ал кезде сезишкен жок. Эржанга шылтоо эле табылбай турган, анын үстүнө биринчи жолугушуудан соң өзүнө ишеним пайда боло түшкөн. Аселди күндө жолугушууга чакырат. Кыз деле кылыктанып, жок шылтоону айтып жигитти убарага салгысы келбеди. Ал дагы Эржанга тартылып бара жатты. Экөө күндө шаар кыдыра сейилдеп, жетелеше киного барышат, балмуздак жешет. Арадан 4 эле күн өтсө да, экөө кадимкидей ынак, жакын болуп кетишти. Бүгүнкү сейилдөөдөн кийин бөлмөсүнө узатарда Эржан кыздын бетинен акырын өөп койду. Аселдин бети кызара түштү уялганынан. Анысын билдирбеске дароо бурулуп бөлмөсүнө кирип кеткиче шашты. Эржан болсо жашоого ыраазы, жатакананын жарыгы аз күңүрт коридору да көзүнө ажайып кооз көрүнүп кетти. Шаңыраңдап маанайы жарык бөлмөсүнө кирип барса, баары уктап жатышыптыр. Жигит бүгүнкү “эрдигин” күндөгүдөй досторуна мактанайын деди эле, болбой калды. ххх Эртеси Эржан менен Нурлан өздөрүнүн окуусуна кайтмак. Башка облус, башка шаар, башка адамдар, башка жатакана... Эржан кеткиси келбей, бир аз эле илинчек болсо эртең да калгысы келип турду. Эртең менен көзүн ачса терезеден кирген күндүн нуру бетине тийип, моюну нымданып тердей баштаптыр. Айтпаса да белгилүү, бөлмөдөгү жигиттер Эржандан жолугушуу кандай өткөнүн, үтүр-чекитине чейин сөзсүз сурашмак, суроо артынан суроо жаай баштады: – Ии, анан, сүйлө жигиттин гүлү. Жолугушуу кандай өттү? – Таң аткыча эмнени сүйлөштүңөр? –Сүйүп калдым, айым, күнүм, сенсиз жашоо жок дедиң да, ээ? Ха-ха-ха... – Балдар, мен чын эле сүйүп калдым окшойт. Эмне, Аселдей аяштуу болсоңор жаманбы?- Эржан тамашалай, балдарды суроолуу тиктеп калды. – Жок, жакшы дечи... Бирок... – Бирогу жок эле, жакшы кыз экен. Анын үстүнө анын да менде көңүлү бардай... Эржан досторунун бири Асел тууралуу жаман кабар айтып жиберчүдөй шашып кетти. Аны байкаган достору “койгула” дегенсип бири-бирин көз аркылуу тыйып, Эржандын көңүлүн көтөрүп коюшту. – Болду анда. Аяш энебизге "тойго камына бериңиз" деп сүйүнчүлөйт окшойбуз. Асел чын эле жакшы кыздай көрүнөт... Ушундай маанайда бөлмөдө бир топко каткырык жаңырып турду. Күн шашке болгондо Эржан менен Нурлан жолго чыгышты. Алдыда Нурлан бакылдап айдоочу менен кеп куруп бир нерселерди айтып берип баратат. Анда-санда кылчайып, арткы орундукта маанайы пас, ойлуу бараткан Эржанды тиктеп баш чайкап коёт. Эржан болсо Аселдин басканын, сүйлөгөнүн, күлгөнүн көз алдына элестетип, андан алыска кетип жатканына ичи ачышып келе жатты. Кайра “эмне эле болуп жатам?” деп ичинен өзүн жемелеп, “дареги бар го, кат жазып, телефон чалып турам да” деп өзүн-өзү сооротот. Кетерде Асел “кат күтөм, байланышып туралы” деп жылмайып коштошкон. Эмне кылса, окуусун Бишкекке которобу? Жок, жок, анда жума сайын дем алышта айылына барып ата-энесине каралаша албай калат. Түмөн түрдүү ойлордун курчоосунда Нурлан экөө эл жатар маалда батирине жетип келишти. Узак жол жүрүп чарчап келгенине карабай диванга сулк кулаган Эржан көзү илинбей көпкө жатты. “Асел сөзсүз меники болот. Аны эч кимге бербейм, экөөбүз баары бир чогуу болобуз” деп ичинен күбүрөнүп жатып уктап кетти. ххх Арадан 1 апта өттү. Күздүн суук шамалы чыйрыктырып, моюн-башын кымтыланып кыз баратты. Ойлуу. Канчалык алаксыйын десе да болбой Эржан менен өткөргөн 3-4 күн ичиндеги окуялар чууруп көз алдына тартыла берди. Асел үйдүн жалгыз кызы, эки агасынан кийин жарыкка келген үй-бүлөнүн кенжеси, эркеси. Атасын көрбөй калды. Аны Асел энесинин курсагында 7 айлык кезинде шахтада көмүр басып калып каза болгон. Бой жеткиче апасы ата да, апа да, эже да, курбу да болду. Жалгыз карындашыбыз деп эки агасы Аселдин көзүн карап турушат. Баары көзүн карап турса да Асел эркелебей, элпек болуп чоңойду. Апасы дайым “наны бүтүн болушу үчүн кыз киши сөзсүз жогорку окуу жайда окушу керек” дей берчү. Эки агасы чет жерде мигрант, жетишип-жетишпеген турмуштун айынан алар университетте окубай калышты. Айылда үйүндө бир жеңеси менен апасы бар. Асел келишимдик негизде окууга өткөн. Окуу акысын болсо жок дедирбей агалары төлөмөк болушкан. – Эмне эле болуп баратам? Апам “окууңду бүтмөйүнчө жигит тууралуу ооз ачпа” дебеди беле? Апам байкуш курут-майын мага жөнөтүп, эки агам бөтөн жерде иштеп тапкан акчасын менин контрагыма төлөп жатышат. Эржан анын окууга болгон бүт кызыгуусун жоготуп, өзүнө багындырып, жашоосун таптакыр башка нукка буруп жиберчүдөй элестетип кетти. Бирок Эржанды унутуу же ага көптүн бири катары мамиле жасоого эрки жетпей турганын да сезип турду. Ушундай ойлордун жетегинде жатаканага кантип жеткенин байкабай калды. Бөлмөгө кирери менен сүзмөнүн жыты мурунга урду. Кыздар кечки тамакка камынып жатышкан экен. Бурулайга айылдан азык-түлүк келиптир. Мындай күн жатаканада ачка-ток калып жашаган студенттер үчүн той эмеспи. Аңгыча бөлмөнүн эшиги ачылып, Максат Аселге кат берип кетти. Эржандан келиптир. – Охоо! Бөлмөдөгү кыздар кызыга карап калышты. – Жетип-жетпей жатып кат жазыптыр го жигит, эмне дептир, кел окуйлучу,- деп дароо үймөлөктөп калышты. Асел ыңгайсыз боло түштү. Катты кыздардын көзүнчө окуй алмак эмес. “Анан окутайын” деп шылтоолоп кагазды чөнтөгүнө салды. Асел Эржанды унутууга аракет кылууну, бүт көңүлүн окууга бурууну чечкен болчу. ххх Эржан Бишкекке жөнөгөн бир айылдашынан Аселге кат жазып жиберген. Ал кезде азыркыдай уюлдук телефон жок. Шаардык телефон аркылуу чалуу үчүн башка айылга телефон станциясына барыш керек болчу. – Асел катымды алды бекен? Кат Максаттын колуна жетсе го ишеничтүү. Ал катты сөзсүз бергендир...- Эржан өзү менен өзү ушинтип ичинен сүйлөшүп калмай адат тапты. ххх Күндөр өтүп, ноябрь айы ортолоп калды. Эржан баягы жазган катынын жообун алган жок. Убакыт өткөн сайын Аселге деген сагынычы күчөп, ар түрдүү ойлорго кептелет. "Менде көңүлү жокпу, көңүлү жок болсо жолугушууга макул болуп, мени менен киного барбайт эле да. Анда эмне үчүн катка жооп жазып койбоду?.." Студенттик жашоонун да кызыгы кетип, супсак тартып баратты. Классташы, курсташы Нурлан да контрагын төлөй албай, окуусун убактылуу токтотуп, Орусияга иштегени кеткени жатат. Ал Бишкектен учат экен, аны узатууну шылтоолоп борборго барып келсечи. Эржан ушинтип чечти. Туура 1 аптадан кийин Эржан менен Нурлан Бишкекте болушту. Нурландын алысыраак тууганынын үйүнө түнөп, эртеси классташын Орусияга узатты. Аэропорттон түз эле Асел жашаган жатаканага жөнөдү, келип эле сагынган Аселин жатаканадан таба албай калды. Эмне кыларын билбей коридордо турса Максат келип, таң калып учурашып калды: – Ии, кайдан бу? Тынччылыкпы деги? – Жаңы эле келдим. Аселге берип койсун деп сага кат жөнөттүм эле, алдың беле? – Ооба, алгам. Ошол эле күнү бергем Аселге. – Анан? Жообун берген жокпу? – Берсе сага жөнөтөт элем да. Эмнегедир акыркы күндөрү Асел көрүнбөй калды. 2 апта мурун жолукканда маанайы жоктой көрүнгөн. Ооз учунан гана учурашкан болчу. Таң калып койгом. Андан бери көрө элекмин. Прокурордой эле суракка аласың го шумдук. Жүр, бөлмөгө киреличи. Экөө ичкериге кирип, өткөн кеткенди кеп салып отурушту. Чынында Аселди Максат дагы жактырып калган болчу. Эржан кеткенден кийин Аселдин бөлмөсүнө болбогон шылтоо менен тез-тез барып, кызды кепке тартууга аракет кылып жүрдү. Эржандын каты колуна тийгенде да Аселге бербей эле коёюн деп кайра абийири чыдаган эмес... (Уландысы кийинки санда) "Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Башка сандарда:
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:
|