БИР БҮРКҮМ. ӨЛКӨДӨ 190 АВАРИЯЛЫК АБАЛДАГЫ МЕКТЕП БАР...
№881 19-25-сентябрь, 2019-жыл
Кыргыз Республикасынын Катардагы элчиси болуп Чыңгыз Эшимбеков дайындалды.
-
Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстанга 50 миллион доллар грант берет. Акча дыйкандарды колдоого жумшалмакчы.
-
2020-жылы Бишкектин түндүк жана түштүк аймагында бирден сейил бак ачылары айтылды.
-
Өлкөдө учурда 190 авариялык абалдагы мектеп бар.
-
“Манас” аэропортунан баасы 500 миң долларлык кымбат баалуу ташты мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды.
-
Муктар Жумалиев Кыргыз өлкөсүнүн Люксембургдагы элчиси, Түндүк Атлантика келишим уюмундагы (НАТО) туруктуу өкүлү болуп дайындалды.
-
Президент Сооронбай Жээнбеков: "Кыргызстанга латын алфавитине өтүүнүн кажети жок".
-
Энергетика маселелери боюнча эксперт Эрнест Карыбеков абактан жатак абакка которулду.
-
Кыргызстанга ушул жылдын 6 айында чет өлкөдөн 393 миллион долларлык түз инвестиция келген.
-
2018-жылы Кыргыз өлкөсүндө 239 адам экстремизмге күнөөлүү деп, анын 176сы шарттуу түрдө соттолгон. Бул тууралуу акыйкатчы Токон Мамытов парламенттик комитеттин жыйынында билдирди.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
2