БИР БҮРКҮМ. СПОРТ ШААРЧАСЫН КУРУУГА ЖЕР БӨЛҮНДҮ...
№882 26-сентябрь - 2-октябрь, 2019-жыл
-
.jpg)
Казак президенти
Касым-Жомарт Токаев ноябрда Кыргыз өлкөсүнө мамлекеттик иш сапары менен келет.
-
Саламаттык сактоо министрлиги: «Ыктыярдуу кан тапшыруу кескин азаюуда. 34 жыл мурун ыктыярчылар 178 миң адамды түзсө, 2018-жылы 39 миңди түздү».
-
II улуттук көчмөндөр оюндары 2021-жылы Ош облусунда өтөт.
-
Парламентте билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков ант берип, кызматына расмий киришти.
-
Ош шаарынан Өзбекстандын Анжиян шаарына каттам ачылды.
-
Улуттук банк 24-сентябрда «Тарыхый окуялар» сериясынан «Евразия экономикалык союзуна 5 жыл» күмүш коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарды.
-
Бишкекте спорт шаарчасын курууга Чыңгыз Айтматов көчөсүнөн 12 гектар жер бөлүндү.
-
Бишкекте Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын 2 кызматкери кармалды. Алар жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан пара талап кылышкан.
-
Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова: “Өлкө боюнча 652 мектепте ысык тамак берилбейт”.
-
Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаев «Кыргызстан» партиясынын лидери болуп кайрадан шайланды.
-
Мамлекеттик каттоо кызматы Кыргызстанда жарандарга берилген убактылуу айдоочулук күбөлүктүн мөөнөтү 2019-жылдын 31-декабрына чейин узартылганын маалымдады.
-
25-сентябрда Ош-Бишкек жана Бишкек-Ош багытындагы 4 авиакаттам убактылуу токтотулду.
-
Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы: "Кыргыз Республикасында 2669 мечит каттоодон өткөн, мындан башка каттоодон өтпөгөн 300 мечит иш алып барууда".
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
2