КЫРГЫЗ ТИЛИНИН КӨЙГӨЙҮН ЫРДАГАН АСЫЛБЕК МАРАТОВДУ КОНЦЕРТКЕ КИРГИЗБЕЙ КОЮШТУ
№882 26-сентябрь - 2-октябрь, 2019-жыл
23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнүнө карата өкмөт тарабынан уюштурулган концертке төкмө акын Асылбек Маратовду киргизбей коюшту. Бул тууралуу Асылбек Маратов өзү айтып чыкты. “Концерт болор алдында бизди уюштуруучу аткаминерлер ырдатып көрүшкөн. Анда тил маселеси боюнча акындык дилимден чыккан сунуштарды, орчундуу ойлорду камтыган ырымды ырдап бергем. Бирок андай ыр азыркы бийликке жакпайт окшойт. Эртеси иш-чарага келсем, тизмеде жоксуң деп түртүп киргизбей коюшту. Тил майрамдын күнүндө тил кескени эмнеси?”- дейт төкмө. Асылбек Маратовдун мамлекеттик иш-чарада ырдачу ырында бийликтегилердин кыргыз тилине кылган өгөй мамилеси тууралуу айтылат.
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0
Аларга алтын.акча.элди алдап жеш.жерди сатып жеш эле болсо болду.
Арасында бар болуш кк куйгону аны оз ара эле тынчытышат.чыгарышпайт.же каматышат.