Архив
1152
1153
1154
1155
1156
1157
1158
1159
1160
1161
1162
1163
1164
1165
1166
1167
1168
1169
1170
1171
1172
1173
1100
1101
1102
1103
1104
1105
1106
1107
1108
1109
1110
1111
1112
1113
1114
1115
1116
1117
1118
1119
1120
1121
1122
1123
1124
1125
1126
1127
1128
1129
1130
1131
1132
1133
1134
1135
1136
1137
1138
1139
1140
1141
1142
1143
1144
1145
1146
1147
1148
1149
1150
1151
1049
1050
1051
1052
1053
1054
1055
1056
1057
1058
1059
1060
1061
1062
1063
1064
1065
1066
1067
1068
1069
1070
1071
1072
1073
1074
1075
1076
1077
1078
1079
1080
1081
1082
1083
1084
1085
1086
1087
1088
1089
1090
1091
1092
1093
1094
1095
1096
1097
1098
1099
997
998
999
1000
1001
1002
1003
1004
1005
1006
1007
1008
1009
1010
1011
1012
1013
1014
1015
1016
1017
1018
1019
1020
1021
1022
1023
1024
1025
1026
1027
1028
1029
1030
1031
1032
1033
1034
1035
1036
1037
1038
1039
1040
1041
1042
1043
1044
1045
1046
1047
1048
944
945
946
947
948
949
950
951
952
953
954
955
956
957
958
959
960
961
962
963
964
965
966
967
968
969
970
971
972
973
974
975
976
977
978
979
980
981
982
983
984
985
986
987
988
989
990
991
992
993
994
995
996
897
898
899
900
901
902
903
904
905
906
907
908
909
910
911
912
913
914
915
916
917
918
919
920
921
922
923
924
925
926
927
928
929
930
931
932
933
934
935
936
937
938
939
940
941
942
943
844
845
846
847
848
849
850
851
852
853
854
855
856
857
858
859
860
861
862
863
864
865
866
867
868
869
870
871
872
873
874
875
876
877
878
879
880
881
882
883
884
885
886
887
888
889
890
891
892
893
894
895
896
792
793
794
795
796
797
798
799
800
801
802
803
804
805
806
807
808
809
810
811
812
813
814
815
816
817
818
819
820
821
822
823
824
825
826
827
828
829
830
831
832
833
834
835
836
837
838
839
840
841
842
843
740
741
742
743
744
745
746
747
748
749
750
751
752
753
754
755
756
757
758
759
760
761
762
763
764
765
766
767
768
769
770
771
772
773
774
775
776
777
778
779
780
781
782
783
784
785
786
787
788
789
790
791
687
688
689
690
691
692
693
694
695
696
697
698
699
700
701
702
703
704
705
706
707
708
709
710
711
712
713
714
715
716
717
718
719
720
721
722
723
724
725
726
727
728
729
730
731
732
733
734
735
736
737
738
739
635
636
637
638
639
640
641
642
643
644
645
646
647
648
649
650
651
652
653
654
655
656
657
658
659
660
661
662
663
664
665
666
667
668
669
670
671
672
673
674
675
676
677
678
679
680
681
682
683
684
685
686
583
584
585
586
587
588
589
590
591
592
593
594
595
596
597
598
599
600
601
602
603
604
605
606
607
608
609
610
611
612
613
614
615
616
617
618
619
620
621
622
623
624
625
626
627
628
629
630
631
632
633
634
531
532
533
534
535
536
537
538
539
540
541
542
543
544
545
546
547
548
549
550
551
552
553
554
555
556
557
558
559
560
561
562
563
564
565
566
567
568
569
570
571
572
573
574
575
576
577
578
579
580
581
582
479
480
481
482
483
484
485
486
487
488
489
490
491
492
493
494
495
496
497
498
499
500
501
502
503
504
505
506
507
508
509
510
511
512
513
514
515
516
517
518
519
520
521
522
523
524
525
526
527
528
529
530
427
428
429
430
431
432
433
434
435
436
437
438
439
440
441
442
443
444
445
446
447
448
449
450
451
452
453
454
455
456
457
458
459
460
461
462
463
464
465
466
467
468
469
470
471
472
473
474
475
476
477
478
374
375
376
377
378
379
380
381
382
383
384
385
386
387
388
389
390
391
392
393
394
395
396
397
398
399
400
401
402
403
404
405
406
407
408
409
410
411
412
413
414
415
416
417
418
419
420
421
422
423
424
425
426
322
323
324
325
326
327
328
329
330
331
332
333
334
335
336
337
338
339
340
341
342
343
344
345
346
347
348
349
350
351
352
353
354
355
356
357
358
359
360
361
362
363
364
365
366
367
368
369
370
371
372
373
264
265
266
267
268
269
270
271
272
273
274
275
276
277
278
279
280
281
282
283
284
285
286
287
288
289
290
291
292
293
294
295
296
297
298
299
300
301
302
303
304
305
306
307
308
309
310
311
312
313
314
315
316
317
318
319
320
321
Популярдуу макалалар
|
"ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН МУГАЛИМИ УЧУРДА КАРЫЛАР ҮЙҮНДӨ ЖАШАЙТ"№883 3-9-октябрь, 2019-ж.
Карылар кеңешинин төрайымы Гүлипа Майнанкулова кичүү уулу каза болуп калган соң бул жакка келгенин айтат. – Атым Гүлипа Майнанкулова, 1938-жылы Барскоондо туулгам. Билимим орто, 23 жашымдан баштап жеңил өнөр жайда өндүрүү тармагында иштедим. Бул жерге 2007-жылы 14-апрелде келгем. Күйөөм менен ажырашып кеткем. 2 уул 1 кызым менен 3 бөлмөлүү үйдө турчубуз. Балдарым бой жетип үйлөнүштү. Келиндерим бири-бири менен урушуп-кагыша башташты. Тагыраагы, 3 бөлмөлүү үйгө батпай баштадык. Кызым турмушка чыгып кеткенден кийин бул үйдү сатып эки балама эки башка үй алып берейин деп чечтим. Улуу уулума ошол эле подъездден 1 бөлмөлүү үй сатып бердик. Кийин кичүүсүнө өзүм да чогуу турам, ыңгайлуу болсун деп жер там издеп баштадык. Ошентип жүрүп бир күнү автокырсыктан кичүү уулум каза болуп калды. Бизде кыргызда билесиңер, азага да бир топ каражат коротобуз. Уулумду жерге берип, өлүк каадасын көрүп жүрүп кийин үй ала албай калдым. Таанышым аркылуу бул жакка келдим, мени 3 кишилик бөлмөгө киргизишти. Бош жүрбөйүн деп короо шыпырып, ашканага жардам берип жүрдүм. 10 айдан кийин мени карылар кеңешинин жетекчиси кылып шайлашып, атайын кабинет бөлүп беришти. Улуу балам 54 жашта, келип турат, өзү неберелүү болгон. Кызым да бала бакыралуу болгон, бирок жолдошу каза болуп калды. Ар кимисинин өзүнчө турмушу бар. Мен балдарыма жүк болгум келбейт.Ооруп калсам алып кетем деп убара болбо дейм кызыма. Өзүң келип кетип турсаң мейли, сөөгүм деле ушул жерден чыксын деп отурам. Көзүм өтсө ушул жерде мени менен чогуу жашаган кишилерди ыраазы кылып кой деп жатам. Өзүмдүн бир туугандарымдын баары каза болуп калышкан. – Балдары ата-энесин эшиктин алдына таштап кеткен 2-3 эле учур болду. Калгандары көпчүлүк учурда өздөрү келип алышат. Мен 13 жылдан бери бул жердемин. Акыркы кездери кыргыз балдардан ыйман кетип баратат дегенге кошулбайм. Бул менин жеке оюм. Себеби ушунча убакыт ичинде бизди ушул жерде жаштар, студенттер эле багып жатат десем болот. Жаштар кийим-кечени чогултуп келишет, тамак-аш, кир жуучу каражаттар, баарын ошолор эле алып келип беришет. Жөн эле келип короо-жайды тазалап, бөлмөлөрдү жууп, ишембилик өткөргөндөрү да бар. Анан мен кантип жаштардан ыйман кетти деп айтам? Москвада жүргөн мигрант балдар бир нече ирет акча салышкан, Алматыда иштеген кыргыз балдар, акча чогултуп даараткана салдырып берип кетишкен.
– Мен бул жерде 19 жылдан бери жашайм. Өзүм 1939-жылы Кеминде туулгам. Атамдын биринчи аялынан 3 кызы, кийинки аялынан дагы 3 кыз анан мен туулдум. Эжелеримдин баары каза болуп жалгыз калдым. 1958-жылдан тарта Бишкекте иштеп, жашап калдым. Аялым менен 2 балалуу болгондо ажырашып кеттик. Өзүм бут кийим оңдоп, жаңы бут кийим ултарып иштечүмүн. Кийин ар кимдин үйүндө батирлеп жүрдүм. Карыганда ушул жерге келип баш калкалап калдым. 3 жыл мурун мени Карылар кеңешине мүчө кылып алышты. Анда мүчөлөр чогулуп, тартип бузгандарды, эрежеге баш ийбегендерди тартипке салабыз. Ар кандай сынактарда ырдап-бийлеп активдүүлүгүмдү көргөзүп келем. Ушул жакта жашагандардын баары бут кийим, сумкасы жыртылып калса мага кайрылышат. Балдарыбыздын улуусу мындан бир нече жыл мурун каза болуп калыптыр. Кичүү уулум анда-санда келип кабар алып жүрдү. Кийинчерээк такыр эле келбей калды, эмнеге экенин билбейм. Азыркы жубайым менен ушул жерден табышып, экөөбүз баш кошуп алганбыз.
– Мен Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунан болом. Жаш, эмгекке жарамдуу кезде жетекчилик кызматтарда иштеп жүрдүм. Райондун акимчилигин 9 жыл башкаргам. Аялдар конгрессинин 5-съездине делегат болуп чакырылгам. 2004-жылы күйөөмдүн көзү өтүп кеткен. Жалгыз уулум бар. Ал Ала-Бука райондук администрациясында иштейт, жеке бизнеси да бар, бала-чакалуу. Уулум жумушунан которулган сайын аны ээрчип жүрө бербейм да. Үйдө жалгыз калып калам. Карыган киши үчүн айылда жашагандын түйшүгү бар. Кышкысын үйдө жалгыз өзүм кыйналчу болдум, бутум да ооруйт. Кир жууш керек, отун-суу ташыш керек, көмүр түшүрүп, от жагыш деген көйгөйлөр көп. Кийин шаарда жашаган иним “кышында айылда кыйналсаңыз менин үйүмдө жашаңыз” деп чакырган. Бир күнү интернеттен ушул жер тууралуу видео көрүп калдык. Анан келиниме "барып билип келчи, кимдер жашайт экен?" дедим. Ал келип бул жактын жетекчилиги менен таанышып, шарттарын көрүп келди. Мен ошол жерге жашайм деп чечтим. Угуп эле чочулап калышты. Албетте, башында “эл эмне дейт, инилери карабай коюптур” дешет деп каршы болушту. "Эл мен үчүн жашап бербейт, мага жашоо шартым жакшы болсо болду. Эл айтып-айтып кала берет" дедим. Уулум угуп алып “мен элдин бетин кантип карайм?” деп ыйлады. Ошентип келиним документтеримди даярдап берип, бул жакта жашап калдым. Келгениме 1 жыл 6 ай болду. Бул жер коомдук жай да, сүйлөшкөнгө, баарлашканга киши табасың. Кокус ооруп калсаң дарыгерлер бар. Шарттар жакшы, этсиз тамак болбойт, жуунуп-тазаланып алууга шарттар түзүлгөн. Коомдук иштерге катышабыз. Майрамдарда өзүбүз даярданып концерттик программа уюштурабыз. Бишкек шаардык улгайган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн жалпы типтеги социалдык стационардык мекеменин директору Эркингүл Абдылдаева карылар тууралуу айтып берди. – Бүгүнкү күндө мекемебизде 200гө жакын адам жашайт. 200 адамдын ичинен 70ке жакыны кыргыздар. Кыргыздар деп бөлүп айтканымды түшүндүрө кетейин. Негизи биздин менталитетте ата-энесин карылар үйүнө өткөрүп коюу деген уят нерсе болуп келген. Биз өзүбүз талдап көрдүк, эмнегедир мекемебизге кайрылган кыргыз карыяларынын саны жылдан жылга өсүүдө. Ушундай темп менен кете турган болсо бир кезде жалаң кыргыздар болуп калышы да ыктымал. Бул биринчи эле кезекте өлкөбүздөгү социалдык кырдаалга байланыштуу. Жумушсуздуктун айынан ички жана тышкы миграция күчөп, калктын эмгекке жарамдуу катмары өлкөдөн массалык түрдө чыгып кетүүдө. Натыйжада калктын аялуу бөлүгү болгон карыялар каралбай калып жатат. Балдары чет өлкөгө кетерде бирөөгө табыштап коюшат, бирок алар карабайт. Өзгөчө эркектердин саны көп. Себеби кемпири каза болуп калгандан кийин “келиним батырбай, карабай жатат” деп келгендер көп. Бул кыргыз элинин нравалык баалуулуктарынын түшкөнү десек да болот. Бизде жашагандардын теңинен көбү балдары бар туруп келип алгандар. Андан кийин жалгыздык себеп, балдары жумушка кетип, эки жакка басканды, баарлашууну, теңтуштары менен сүйлөшүүнү каалап, үйдө камалып жатпай мага эрмек керек деп келишет. Арак ичкен балдары пенсиясын талашып, “кол көтөрөт” деп келгендер да жок эмес. Бул жакта баш кошуп бирге жашаган түгөйлөр да бар. Учурда мындай үй-бүлөдөн жетөө жашап жатат. – Мекемебиздеги эң кары адам быйыл 100гө чыкты. Ал улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовду окуткан Крамарева Анна Семёновна. Анын быйыл 100 жылдык юбилейин белгиледик. Азыр кулагы укпай калган, кагаз-калем менен жазып сүйлөшөбүз. Үй-бүлө мүчөлөрү улгайган ата-энесин кайра алып кеткен учурлар абдан аз. Кээде алып кетишсе, көнбөй кайра келип алышат. Баса, карылар күнүнө карата Жаңы жыл, Нооруз майрамдарына чукул гана жардам беребиз дегендер жанданып калышат. Мамлекеттен ар бир жашоочунун тамагына күнүнө 100 сомдон, дары-дармегине 12 сомдон бөлүнөт. Врачтар күнү-түнү нөөмөткө туруп, такай көзөмөлдөп турушат. Биз кызматкерлер аларды моралдык, психикалык, руханий, жактан колдоого, жардам берүүгө аракет жасайбыз. Иш-чаралар, экскурсиялар уюштурулат. Кол өнөрчүлүк кабинети бар. Кандай шарт түзсөң деле карыганда келиндин ысык чайын ичип, неберелерди тегеректетип жылуу-жумшак үйдө отурганга эмне жетсин деген көздөрдү сезебиз... Баланын өзүн төрөйт, бирок кыял-жоругун кошо төрөбөйт эмеспи. Боор эт менен тең бала кийин ата-энесин боор этке тең көрөбү же жокпу, дээринен көз каранды. Небере эркелетип алардын ызы-чуусунан чарчоо ырахатынын ордуна терезе тиктеп телмирип отурган карылар жүрөктү оорутат. Ошондуктан ар бир ата-энеге баланы ыйманы менен берсин дейбиз. Айпери Хожаева "Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() |
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:
|
Балдарыбызга ыйман берсин , кудайым !?
Анан теманы жакшыле коюпсунар(Журналист) , ошончо барыпсынар, а Айтматовдун мугалиминен да бир эки ооз интервью алып койсонор соонун болмок, Айтматов жонундо сурап дегендей, кагаз менен жазышып болсо да.
Эмнеге билбейм тузу аз, супсак даярдалган!