Президенттик аппарат Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна “Мүлк” мамлекеттик ишканасы башкарган “Ак-Кеме” мейманканасы тууралуу кат жөнөттү. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары маалымдады. Ал катта Ак үй аталган отелдин имаратын Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргыз өлкөсүндөгү өкүлчүлүгүнө берүү ишин тездетүүнү өтүнгөн. Кайрылууда мейманкана БУУга өтсө Кыргыз өлкөсүнүн эл аралык аренадагы имиджин жакшыртып, конференц-туризмди өнүктүрөт деп жазылат.
Ошондой эле Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна мейманкана комплексинин юридикалык иштерин бүтүрүп жана ал мекемени ижарага алып иштеткен адамдар менен маселелерди чечүүнү тездеткиле деген сунуш айтылган.
Эске салсак, аталган мейманканага байланыштуу чуулуу окуялар бар. Мисалы, 2017-жылдын июнунда таң эрте жүздөгөн милиция кызматкерлери мейманкананы курчап, ал жерде иштеген жумушчуларды сыртка чыгарышкан. Ал эми Кыргыз-Малайзия биргелешкен ишканасы (КМБИ) иштеткен "Ак-Кеме" мейманканасынын жетекчиси Руслан Сарымсаков аталган басып алууну мыйзамсыз деп эсептеген. Бирок өкмөт муну четке каккан. Өкмөттүн маалыматына таянсак, “Ак-Кеме” мейманканасынын Каржы министрлигине карызы
452 миллион сомго жеткендиктен, 2012-жылы Бишкектин райондор аралык соту мейманкананы Каржы министрлигине өткөрүү чечимин чыгарган. Ал эми 2017-жылдын 3-февралында Каржы министрлиги “Ак-Кемени” Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна өткөрүп берген.
Учурда БУУнун Бишкектеги имараты борборубуздун так ортосунда, мурунку “Балдар дүйнөсү” (“Детский мир”) дүкөнүнүн имаратында орун алган.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg