БИР БҮРКҮМ. МУГАЛИМДЕРДИН АЙЛЫГЫ КӨТӨРҮЛӨБҮ?..
№883 3-9-октябрь, 2019-ж.
2019-жылдын январь-август айлары аралыгында Кыргыз Республикасынын бюджетине 98,4 миллиард сом киреше түштү.
-
Билим берүү жана илим министринин орун басары болуп Нурлан Өмүров дайындалды.
-
Бишкектеги олимпиадалык резервдер мектеби 48 миллион сомго оңдолду.
-
Бишкектин Биринчи Май райондук соту КСДПнын мүчөлөрү Фарид Ниязов, Алга Кылычов, Амантур Жамгырчиевди 9-декабрга чейин камакта калтырды.
-
Бишкектин Биринчи Май райондук соту Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкинаны 9-декабрга чейин үй камагында калтырды.
-
УКМКнын мурдагы төрагасы Бусурманкул Табалдиевге эл аралык издөө жарыяланды.
-
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 1-октябрдан тарта мугалимдердин айлыгын 30 пайызга көтөрүү тууралуу токтомго кол койду.
-
Өкмөттүн токтомуна ылайык, 2019-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүн көбөйтүү каралууда.
-
Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын судьясы Курмантай Абдиев 70 жашка чыгып, улгайгандыгына байланыштуу кызматтан мөөнөтүнөн мурда бошотулду.
-
Нарын облусунун Ат-Башы районунда Кытайдын көмөгү менен 280 миллион долларга өнөр жай соода-логистикалык борбору курулат.
-
Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы болуп иштеп келген Нурбек Молдокадыров Нарын шаарынын мэри болуп шайланды.
-
Бишкек мэриясынын бөлүм башчысы 7 гектардан ашык жерди турак жай куруу үчүн мыйзамсыз бөлүп берип, 2 миллион сом алган деп шектелип, УКМК тарабынан кармалды.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
2