Көпчүлүккө Чыпалак баатыр каймана аты менен таанылган Зарылбек Аликенов ырчылыкка аттанды. Тагыраагы, ал "Бул жашоо, өмүр бир келет" аталышындагы ырды аткарып чыкты. Ыр Чыпалак баатырдын жашоосунун сүртүмдөрү экенин анын продюсери Микаш (Мыктыбек Ашырбай уулу) айтып берди.
– Чыпалак баатыр мага ырдап чыккысы келип жатканын айтты. Мен алгачкы ыры анын жашоосу тууралуу болсун дедим. Чыпалак баатыр мага башынан өткөн окуяларын, турмушун айтып берди. Дароо эле ырдын мазмуну көз алдыма келип текстин, андан соң обонун жаздым. Баары даяр болгондон кийин студияга барып аранжировкасын жасадык. Чыпалак баатыр өзүнө тиешелүү тексттерди ырдады, мен рэп айттым.
Чыгарманы интернетке, социалдык тармактарга жарыялагандан кийин окурмандардан жакшы пикирлерди угуп жатабыз. Учурда клип тартууга демөөрчүлөрдү издеп баштадык. Клип жөн салды эмес, мыкты болушу керек. Жаш, ишин жаңыдан баштаган клипмейкерлерден сунуш түшүп жатат. Бирок аларга көп ишеним арта албай жатабыз, - дейт ал.
Чыпалак баатырдын продюсери мындан ары күйөрмандарына жаңы чыгармаларды тартуулай тургандыктарын кошумчалады.
star@super.kg
Тим эле койчу ушу сен.
Калгандары да жетишет
Группанын атын кандай койсо жарашат????????