БИР БҮРКҮМ. ҮЙ-БҮЛӨЛҮК ЗОРДУКТАН 62 АЯЛ КАЗА ТАПТЫ...
№886 24-30-октябрь, 2019-жыл
-

Кыргызстанда мектеп окуучулары 4-ноябрдан 11-ноябрга чейин күзгү
каникулга тарашат.
-
Өкмөттүн аппарат жетекчисинин орун басары Бакыт Калмуратов кызматтан бошотулду.
-
2018-жылы үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан 62 аял каза таап, 288 аял жаракат алган. Бул 2017-жылга салыштырмалуу эки эсеге көп.
-
“Электр станциялары” ишканасынын директорунун орун басары Азамат Жөөтуманов каза болду.
-
Казакстанда Кыргызга таандык мамлекеттик номуру бар автоунаалар жол эрежесин бузса, айдоочуларга айып пул төлөтүү каты Бишкекке жөнөтүлөт.
-
2020-жылдагы шайлоолорду уюштуруу жана өткөрүүгө 928 миллион сом сарпталат. Мунун 560 миллион сому парламенттик шайлоого жумшалат.
-
Билим берүү жана илим министрлиги: Октябрь айынан тартып Кыргыз өлкөсүндөгү бардык мугалимдердин айлыгы 30 пайызга жогорулайт.
-
Бишкек шаарындагы эски аянт мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин ысымынан аталат. Мындай чечимди депутаттар кабыл алышты.
- Бишкектин четиндеги Алтын-Ордо конушундагы (Полиция шаарчасы) көчөгө мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин ысымы ыйгарылды.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
2