Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Самара Каримова, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: “ИНГРИД САХНАДА МАГА ТИЗЕЛЕП ТААЗИМ КЫЛДЫ”

№887 31-октябрь-6-ноябрь, 2019-ж


Самара Каримова Кремлдин ак сарайында "Азиянын жүрөгүнөн дүйнөгө" деген аталышта концерт берди. Концертке коюлган билет баасынан тартып, элдин кол чапканына чейин талкуу болду десек болот. Ошол жана башкалар тууралуу ырчы баяндап берди.

– Самара, концертти кандай өткөрүп алдың, баары өзүң элестеткендей болдубу?

– Өзүм элестеткенден да жогорку деңгээлде өттү. Кыргыз ырчылары жеке концертин Кремлдин ак сарайында өткөрүүнү кыялданышат. Бул кыялды мен ишке ашырдым, кыргыз маданиятынын тарых барактарында жазылып кала турган бурулуш болду. Дүйнөлүк деңгээлдеги мен-мен деген жылдыздар концерт берген жерге биздин ырчыларыбыздын да концерт беришине тилектешмин.

– Байкашымча, Кыргыз өлкөсүнүн гимнин ырдаган учуруң баарынан таасирдүү болду...

– Гимн ырдалып баштаганда сахнадагы экрандан Кыргыз өлкөсү, желегибиз көрсөтүлүп турду. Концерт башталганда эле жүрөгүм ыргып кетчүдөй толкунданып кеттим. Эч ким мени гимн ырдайт деп ойлогон эмес да, колумду көкүрөккө коюп ырдап баштаганда эле элдин баары ордуларынан туруп, колдорун көкүрөктөрүнө алып туруп угушту. Мекендештеримдин элине, жерине болгон сый-урматын, сүйүүсүн, сагынычын сездим. Тамагыма бир нерсе тыгылып калгандай болуп, өзүмдүн да ыйлагым келип үнүм каргылданып кетти. Ошол жердеги симфониялык оркестрде ойногон 60тан ашуун музыкант, Кремлдин кызматкерлеринин бүт баары гимнибизди туруп угушту. Кээ бир мекендештеримдин көз жашын аарчып жаткандарын көрдүм.

– Концертке кандай даярдык көрдүң эле? Анткени социалдык тармактарда “концерт облустун деңгээлиндей болуп калды” деген талкуулар болду.

– Концертке бир жылдан ашуун даярдандым. Кремлдин концерттик залын алуу деле оңойго турган жок. Узак сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында максатыбызга жеттик. "Облустун деңгээлиндей болду" деген талкууларды окуган жокмун. Менин телефонум куттуктоолордон, элдин ыраазычылыктарынан жарылып кете жаздады. Азыр дүйнөнүн бардык бурчунда кыргыздар бар эмеспи, айрыкча мигрант болуп жүргөн мекендештерибиз толкунданып “бизге да келиңиз” деп жазышты. Кыргыздар эле эмес, Кремлдин кызматкерлери да “киргизы молодцы” деп аябай макташты. "Облустун деңгээлинде" деп жазгандарга деле таарыныч жок, адам эмнени көргүсү келсе ошону көрөт. Дүйнө таанымы кандай болсо башканы да ошондой кабыл алат.

– Эмгекчилсиң, башынан эле бул сапат барбы? Же жолдошуңдун да демилгеси болуп жатабы?

– Мен эмгектенип жатып эс алам, эс алып жатып эмгектенем. Табиятымдан ушундай адаммын. Чарчадым деп айтпайм. Азыр 28 жаштамын, иштесем ишке, аш жесем ашка тойбой турган курагым. Азыркы эмгегим балдарымдын, үй-бүлөмдүн, өзүмдүн келечегим. Мен азыр туура жолдомун деп ойлойм. Жашоого биз бир миссия менен келебиз. Бүтүндөй өмүрүңдү бирөөлөрдү жамандап, көрө албай өткөргөнчө эмгек кылуу керек. Тарбиянын башаты эне эмеспи, апам бизди эркектин да, кыздын да жумушун кылдырып эмгек кылууга үйрөткөн. “Жакшы жашоо асмандан түшпөйт, ал үчүн кыйналышың керек, эмгек кылышың керек” деп көп айтчу. Тынбай изденем, эмгектенем. Менде “бул нерсени кылып койсом эл эмне дейт, тууган эмне дейт?” деген коркуу жок. “Ойчул ойлонгончо тобокелчи тоо ашыптыр” дегендей, тобокелчимин. Жашоого бир жолу жаралгандан кийин бардык нерсени жасап көрүүдөн коркпойм. Жаңылгандан адам коркпош керек, жаңылсаң да андан сабак алып жолду улай билүү керек.

Ал эми жолдошума келсек, ал мыкты менеджер, идеяларга бай адам. Менин сүйүктүү жолдошум аябай баласаак адам. Экөөбүздүн чөйрөбүз бир болгон үчүн, ойлорубуз бир чыккан үчүн ийгиликтер болуп жатат деп ойлойм.

– Италиялык ырчы Ингрид айым менен баарлашканга убакыт болдубу? Кандай адам экен, эмнеси менен сага таасир калтырды?

– Ооба, келгенге чейин телефондон байланышып жатканбыз, келгенден кийин да сүйлөштүк. Шайыр, позитивдүү, жашоого болгон көз карашы башкача айым экен. 46 жашта болсо деле энергиясы төгүлүп-чачылып турат экен. Сахнада сальто секирип жиберди. Ал дагы “концерт мындай мыкты деңгээлде өтө турганын билген эмесмин, кыргыздар ынтымактуу калк экенсиңер, аябай бири-бириңерди колдойт экенсиңер” деп баа берди. Ингрид айым сахнада отура калып тизелеп “Самара, рахмат сага” деп таазим кылды. Бул күтүүсүз болду, анткени ал дүйнөлүк жылдыз да. Ошого карабай кичи пейил экен. Ал биздин элге кызыгып, сөзсүз Кыргыз өлкөсүнө келем деди.

– Кремль ак сарайында да кыргыздар ышкырып, кыйкырып отурушту деген талкуулар болду, окудуңбу?

– Анын эмнеси бар? Бул жерден мен эч кандай жаман нерсе көргөн жокмун. Ыйлаган жерден ыйлап, бийлеп, каткырып, ышкырып жакшы колдоп отурушту. Башка улуттун деле эмоциясы ушундай болмок деп ойлойм. Мен деле өзүмө жаккан жерден эмоциямды жашырбай, бакырган жерден бакырып сүрөп отурам. Мага элдин маанайы жакты.

– Ар дайым талкуу үстүндө жүрөсүң. Кызматка дайындалсаң да, спектаклде роль аткарсаң да, Кремлде концерт берсең да. Талкуу чордонунда болгон өзүңө жагабы?

– Мындан бир эле жыйынтык чыгарыш керек, демек, мен мыктымын! Биринчимин, ийгиликтүүмүн. Мен жүдөгөн, сүйрөлгөн, ийгиликсиз бирөө болгонумда эч ким мени талкуу кылмак эмес. Марага чуркап келе жатканда артыңдан тарткандар, бут тоскондор көп болот. Талкууласын деп иш кылбайм, өзүм да билбей талкууга түшүп калам. Бирок мени талкуулагандарга баш оорутпайм. Анткени ишим көп. Мен үчүн чыгармачылыктан да ар дайым үй-бүлөм биринчи турат. Алар менен чогуу болгондо башка дүйнөнү унутуп калам. Талкуулаган адамдар чындап мени билишпейт. Мен өзүмдүн мүнөзүмдү жакшы билем. Кудай мага узун өмүр берсе жарата турган ийгиликтерим али алдыда. Мени кызматка коюп туруп кайра алып койсо да, артымдан талкуу болуп жатса да эч качан капа болбойм. Мени көбү сындырам деп ойлошот, бирок жаңылышат, эч качан сынбайм.

– Актрисалык, ырчылык өнөрүң менен эле тим болбой, төкмөлүктү да ала кеткенге аракет кылдың. Таенем төкмө болгон дедиң...

– Адамда 1 пайыз талант болсо, 99 пайызы эмгек болуш керек. Мен өзүмдү төкмөмүн деп айта албайм, бирок ыр жазам. Мендейлерди жамакчы дешсе керек. Кичинемде таенемдин колунда чоңойдум. Ал киши жамакчы, сөзмөр, санжыраны мыкты билген адам эле. Андай кемпирди мен өмүрүмдө көрбөдүм. Турган жеринен ыр токуп жиберчү. Албетте, таенемдей сүйлөй албайм. Көп жерде интервьюларда же кечелерде мени сөзгө жыгам деп аракет кылгандардын колунан келбей калат. Анткени сөзгө жыгылбайм. Ошондон улам таенемдин колунда чоңойгонум жакшы болуптур деп ойлоп кетем. Таенемдин көп неберелери бар болчу, тентек кылгандарды чыбык менен жамбашка чаап койчу. Арасынан мага эле тийчү эмес, “Ак Самашым” деп чекемден сылап койчу. “Бул элдин кызы болот” деп көп айтчу. Таенем олуядай эле өнөр адамы болорумду билген экен. Төкмөлүк өнөргө кызыгам, бирок убакыт бөлө албай жүрөм. Төкмөлөрдөн Элмирбек Иманалиев “сенден төкмөлүк чыгат” деп батасын берип, колдоп келет. Спортчулар машыккандай, төкмөлүк менен да машыгуу керек, бирок менде убакыт болбой жатканына байланыштуу токтотуп турууга туура келди.

– Алдыда дагы кандай долбоорлор бар?

– Идеяларым көп. Китеп жазгым келет, чиймелеп жазып деле жүрөм, бирок китепке ылайыктуу эмес. Сүрөт тартам, укмуш тартам деп айтпайм, бирок жаман эмес. Кыргыз элине таанылдым, эми дүйнөгө таанымал ырчы болууну максат койдум.

– Азаматсың, максаттарың ишке ашсын!

Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg



Самара Каримова: "Ингрид сахнада тизелеп таазим кылды"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  7 
Комментарийлер(38)
SUPER.KG видео
31.10.2019. 16:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик болсун дейли.
SUPER.KG видео
31.10.2019. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Өмүрлүү, бактылуу бол азамат кыргызды дүйнөгө таанытып жүрө бер.
SUPER.KG видео
03.11.2019. 20:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Азамат Самара! Кремльде болгон концертти качан көрсө болот болду экен?
04.11.2019. 09:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Эн начар аял экен ушул. Башка созум жок. Соз да жетпейт экен буга,бир жагынан очурсо,бир жагыган жылт деп чыга калат экен.
05.11.2019. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
katerina.li,ээй жазганды бирөнү сындаганды койуп өзүңдүн колуңан бир нерсе келеби Самаранын кылганынын бирөнү кыла аласыңбы Самараны азамат деп алга сүрөшүбүз керек чындыгында абдан жакшы ырдайт жана эмгекчил.
08.11.2019. 00:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
katerina.li, Эмнеге начар адам? Ичиң күйүп кеттиби?
04.11.2019. 09:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Эл ото маданиятсыз отурду. Кремлде эмес,тии тоодогу айылдын клубунда отургандай сезим калтырышты
04.11.2019. 09:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын Самара эн негизгиси ыймандуулугунду жолдошунду сыйлаганынды эмгекчилдигинди баалайм
04.11.2019. 09:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Жылдын башталышы да Самара, жылдын бутушу да Самара)) бир концертти ар бир санында чыгармай. Концерт болот экен, болгону атат, болуп атат, болуп отту))
04.11.2019. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
tavanova.sarah,"Мындан бир жыл мурун Самара концерт берген деп" жыл откондо жазышсада тан калбайм))
04.11.2019. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Ингириди кайдан таап алыштыкен ошону делеп сурап койгулачы кийинкиде
04.11.2019. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Китеп жазгып жатам дейт, озу 4 сапты бириктирип ыр жазалбаганда китепти жон эле койчу, ансыз деле озунун чыгармасы жок башка бироонун ырларын ырдап жатасынго
04.11.2019. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Коро албайт мени деп эле чыга калат,озунду озун алдап не кереги бар?Ингрид сага эмес элге таазим кылды баардык эле ырчылар сыяктуу,мага тизеледи дегенин которулуп Ингиридке жетсе бетине тукурсо керек эмкиде.
07.11.2019. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
karona12,мен да ушуну жазайын дедим элэ))) сальто жасаган Ингрид Самара карындашыбызды шалк эттире тошко теппесе экен))
08.11.2019. 00:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
aydinnur, Эмнеге мынча ичиңер күйөт?
04.11.2019. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Кайрат, katerina.li, кимдир бирөөнү мазактоого тыюу салынган. Коомдук адепти сактаңыздар. Эскертүү!
Модератор admin_portal түзөттү 2019-11-05 10:47:21
04.11.2019. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Эч качан эч качан дебе Самаш бир заматта бардык нерсе болуп кетет.Бирок сен деле даярга келгенсин эмгек мн жетиштим дегенге али эрте сиңдим.
07.11.2019. 03:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Nevestkaa,созун бир жагынан туура,бирок,ошол даярды да эптеп кете албагандар толтура.
04.11.2019. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ай Алла тообо комментарийлерди окуп тан калдым,кыргыз эли ушундай ичи кара адам экенин терс ком.жазгандар эле билдирип койот!!Самара азаматсын,чон,чон ийгиликтер боло берсин!!Сен аябай кучтуу аялсын!!
Модератор admin_portal түзөттү 2019-11-05 10:49:21
05.11.2019. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
egemberdievagulbara, жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынган.
Модератор admin_portal түзөттү 2019-11-06 14:22:33
04.11.2019. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Эн сонун коро албастар айта беришет мен баалайм сенин ырларынды
04.11.2019. 19:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эчнерсеге тушунбой жатам айтоор, эптеп катталган болчумун, анан эле оз ысымыныз менен кириниз дейберет экенсинер го супер инфо☹️
05.11.2019. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Sabish, саламатсызбы! Комментарий калтырып жатканыңызга караганда өз ысымыңыз менен киргенсиз.
Суроолоруңуз болсо купуя кат аркылуу админге кайрылсаңыз болот.
Модератор admin_portal түзөттү 2019-11-05 10:51:23
04.11.2019. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-14
Азамат кызым өмүрлүү, бактылуу бол көрө албагандардын көзү көгөрсун. Сендей боло алышбайт.
04.11.2019. 22:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-14
Коро албай жатсанар туз жалагыла.Силерге эмне кылды Самара.Жеген ашынарды тартып алгансып уйдо бекерчи болуп алып суйлойсунор.Кыйын болсонор Кремльге эмес клубка концерт уюштуруп коргулочу ошондо билесинер.
05.11.2019. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Arman7, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келдирүүгө, далилсиз маалыматтарды жазууга тыюу салынган. Эскертүү!
06.11.2019. 00:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмнедеген коро албастык.Качан токтотобуз бул кыялды.Кичине болсода келечегине жол,озуно ийгилик, тажрыйба жаратып кетти.АЗАМАТСЫН ДУЙНОГО ТААНЫЛГАН ЫРЧЫ БОЛ.
06.11.2019. 02:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алга ийгилик гана деймин сасып жазгандарга эч маани бербе.... Кимде эмне болсо ошол сыртка чыгат.... Күчтүү адам экенсин
06.11.2019. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sezimka27, katerina.li, аймактык бөлүүчүлүк, бөлүнүүчүлүккө тыюу салынган. Эскертүү!
06.11.2019. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Концерти соонун отуу озунорчо маданиятуу болбогулачы азыр баардык жерде концерт ошондой отот мировой жылдыздардыкы деле ошондой болот ышкырык кыйкырык колдоо менен кичине козунорду ачып башка концертерге барып корсонор тушуносунор .
06.11.2019. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Самара Ингридге канча акча төлөп чакырды болду экен.
06.11.2019. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
stimyl.kg, чындыкка дал келбеген далилсиз маалыматтарды жазып, колдонуучулардын башын чаташтырууга тыюу салынган. Эскертүү!
07.11.2019. 03:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат кыз.Эмгектенип элдин кызы болуп журо бер.Сен жолдошундун колдоосу жана тоонун булагындай унун менен ушул жетишкендиктерге жетишип отурасын.
07.11.2019. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Озу отоле ашыра чаап кетет кээ бирде, бирок уну жакшы чынында живой ырдаса соз жок экен.
07.11.2019. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Ушул кызга эле эмне асыла беришет тушунбойм, уй булоосун да онорун да бирдей алып келе жатат. Эч кимге тийишпейт. 3 баланы тороп, анан да иштеп туруп суйлогулочу.
08.11.2019. 00:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Сонун болуптур! Ичиңер күйөт күйсө түз жалагыла! Колуңардан келбегендер кийин эмне кыласыңар сындап!
08.11.2019. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Азаматсын Самара жана командан. Мунун баары эмгек. Эмгекчил адамдарды уважаю. Эмгек синирген артист наамына эми точно татыктуу болдун. Дагы ийгиликтерди жарат. Лично мен Самарага эч тиешем жок болсо да, ушунча суйунуп, жакшы отсо деп ойлоп аттым. Анткени кыргыз кызы Кремлде концерт койгону кандай керемет
16.11.2019. 23:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Көрө албастык деле эмес. Бирок концертке жакшы даярданбаптыр. Жеке мага ырын ырдап, артына клип коюп койгону жаккан жок. Элестет "килейген" Кремль залында лэд экранга клип коюп, анан дагы шоу концерт болбой калды. Иши кылып толтура, мен бир эле мисал келтирдим. А негизинен кара кыз кыйын
Brejneva түзөттү 2019-11-16 23:55:53
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: