БИР БҮРКҮМ. ӨЛКӨДӨ УНААЛАРДЫН САНЫ 3 ЭСЕ КӨБӨЙДҮ...
№887 31-октябрь-6-ноябрь, 2019-ж
28-октябрдан тарта Ош эл аралык аэропортунда “Кувейт-Ош-Кувейт” багыты боюнча жаңы каттам ачылды.
-
Саламаттыкты сактоо министрлиги: 2018-жылы Кыргыз мамлекетинен 317 медик чет мамлекетке иштегени чыгып кеткен.
-
2020-жылдын 1-январынан баштап мугалимдердин айлык акысын эсептөө толугу менен автоматташтырылат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
-
Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту экс-депутат Өмүрбек Текебаев жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун үй камагындагы мөөнөтүн 2 айга узартты.
-
Мамкаттоо: Кыргыз өлкөсүндө 2010-жылы 444 миң машине катталган болсо, бүгүнкү күндө унаалардын саны 1 миллион 348 миңге жетти.
-
ИИМ: 2019-жылдын алгачкы тогуз айында 4694 жол кырсыгы катталды. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 12,3 пайызга көп.
-
Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 17,12 миллиард метр кубду түздү. Былтыр бул убакта суунун көлөмү 18,9 миллиард метр куб болгон.
-
Бишкекте адамды жүзүнөн тааный турган 60 видеокамера орнотула баштады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
-
453 айыл өкмөтүнүн ичинен 137си интернетке туташкан эмес. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирет.
-
Шайлоо босогосун төмөндөтүү, күрөөгө коюлуучу акчанын суммасын төмөндөтүү жана башка өзгөртүүлөр сунушталган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.
-
Кыргыз Республикасы саламаттыкты сактоо коопсуздугу боюнча 195 өлкөнүн арасында 47-орунда. Бул рейтингди АКШдагы Жон Хопкинс университетинин Блумберг коомдук саламаттык мектеби чыгарды.
-
Кыргыз Республикасында уран калдыгы көмүлгөн 92 объект бар.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
2