
Ырчы
Анжелика 1-ноябрь күнү “Кызганба”, “Курбум” ырларына тартылган клиптеринин бет ачарын өткөрүп, чыгармачыл чөйрөнү чогултту.
Ал клиптердин жаралуу тарыхын баяндап, тартуу иштериндеги кызыктарды, кыйынчылыктарды айтып өттү. Ошондой эле “Жаңы жашоом эми башталат” деген ыр саптарын эскерип: “Мен жаңы жашоомду баштадым десем болот. Жашоону башкача көз караш менен карап, кулачымды кенен жайып жашай баштадым. Эл менен көбүрөөк иштешип, баарлашып, көп окуп өзүмдү өстүргөнүм ой жүгүртүүмдү өзгөрттү”,- дейт ырчы.
Ал эми социалдык тармактагы баракчасына жазган “Кеңешин укчу инсан пайда болуп, мен өзүмө өзүмдү алсыз, назик сезүүгө уруксат бердим” деген билдирүүсүн мындайча түшүндүрдү:
– Көрсө, ал адам жанымда эле жүрүптүр. Бир жыл бою көз салып жүргөн экен. Азыркы күндө ошол инсандын мага болгон колдоосу, ишеними мени бактылуу сезимдерге жетелеп жатат. Айта кетчү нерсе, бул мага концертте гүл берген мырза эмес (ред. Кыргызпатенттин мурдагы жетекчиси Марат Назарбеков). Ал жакынкы күндөрү боло турган менин чыгармачылыктагы досторумдун тоюна барам деп жатат. Балким, келип калса көрөсүздөр. Ал мырза мени нес кылган кадамдарды жасап, колумду да сурады. Бирок мен сунушуна ойлонуп көрөрүмдү айттым. Мындай сезимдер келгенде сууну да жөн иче албай калат экенсиң (күлүп). Учурда расмий түрдө жүрөгүм бош эмес. Ал жигит бардык жактан мени колдоп, мага тоо, канат болуп берүүгө сөз бергенине бир жума болду.
star@super.kg
Кимисине ишенишинди билбейсин)
Кантседа ар экинчи санында кыжырга тийип Анжеланы байрак кылып которуп чыгып аткан гезитибиз экоонун арасын кара мышык аралаганго))
Билбейм ай билбейм же бул дагы кезектеги пиардын бириби.
Т.б.уч балалуу АЯЛ жигитим бар десе десин бирок бир жумалык мамилесин мынчалык жарыялабаш керек болчу.Кантейин сенин женилдигин)Жылуу мам