Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

МУРАТ ЖАЛИЕВ, ШОУМЕН: «3 АЙ ДАРЫГЕРЛЕРДИН КӨЗҮН КАРАП ЖАТЫП КАЛДЫМ»

№888 7-13-ноябарь, 2019-жыл


Тамашоучу Мурат Жалиев акыркы учурда иш-чараларда көрүнбөй, атүгүл адаттагы жумушу болгон тамадалык кызматта да көрүнбөй кеткен эле. Күйөрмандары аны издеп таппай калышты. Мурат Жалиев менен акыркы жаңылыктары, жашоосундагы өзгөрүүлөр жана акыркы айларда шоуменди бир аз кыйнап койгон ден соолугу тууралуу маектештик.

– Кандайсыз, Мурат байке? Күйөрмандарыңыз сизди издеп таппай калышты. Кайда жүрдүңүз?

- Жакшы, рахмат. Ооруп калдым. Башым, бөйрөгүм ооруп, эсимди жоготуп койгон учурлар болду. 3 айдан бери ден соолугум менен алышып, телефонго жооп бергенге алым келген жок. Буюртма алып койгон тойлорду алпарып бере албастыгымды түшүндүрүп коюуга да чамам жетпей калды. Сиздердин гезит аркылуу алардан кечирим сурайм. Айрымдары мени алдамчы, жоопкерчиликсиз адам экен деп ойлоп калышса керек. Жок, андай эмес. Башка иш колумдан келбегенден кийин тойлордон качып кайда бармак элем? Менин наным ошол. Ооруп жатканда той эмес, үйдөгүлөр менен да сүйлөшкүм келбей, мага тамак алып келген адамды да жактырбай калдым. Анын үстүнө дарыгерлер телефон колдонуума тыюу салышкан.

– Дарыгерлер ооруңуз тууралуу эмне дешти?
- Бөйрөгүмө суук тийиптир. Бөйрөк катуу ооруганда заара чыкпай, шишип кетет экенсиң. Буттарым, колдорум титиреп жатты. Башым мурда ооруп калчу. Кээде тойдо кызмат кылып жатканда башым ооруп, эшикке чыгып эс алып келип, кайра ишимди улантчумун. Оштогу, Бишкектеги врачтарга көрүндүм. Алар ар кандай диагноз коюшту. Бир врач «башыңда киста бар» десе, экинчиси «нерв чарчап калган», үчүнчүсү дагы башка нерселерди айтып жатышты. Алар жазып берген дарыларды ичтим. Ата-энем молдолорго, табыптарга алып барып көрсөтүштү. Кимиси айыктырды, билбейм. Дартты берген Кудай шыпаасын кошо берет дегендей, Кудай өзү шыпаа берди окшойт. Айыгып кеттим. Азыр баары жакшы.

– Сизди издегендер көп болду...
- Ооруганда досторум, өкүл балдарым, ага-ини, кесиптештеримдин арасынан ким мага чын дили менен күйөрүн билдим. Абалымды сурап келгендерге рахмат, аларга ичим жылып калды. Айрымдары акча таштап кетишиптир. Кимдер келип кеткенин ата-энем айтып беришти. Абалымды сурагандарды өзүнчө тизмеге жазып койдум. Мындай учурда көңүл бургандар жакын сезилет экен. Айрымдарына жөн эле чачылып жүрүптүрмүн деп ойлоп калдым.

Анан да ата-энемдин баркын мурдагыдан да жакшы түшүнүп калдым. Атам байкуш врач, молдолорду таап келет, апам «эмне кылайын? Эмне ичесиң, эмне жейсиң?» деп жанымдан чыкпайт. Мурун, балким, жаштык кылдым же акчага көптүмбү, айтор, жетишерлик деңгээлде ата-энеме көңүл бурчу эмес экенмин. Алыстан келгенде апам чуркап чыгып башымдан суу тегеретип тосуп алса, «мен уктайынчы» деп үйгө кирип кетчүмүн. Ооруганда жашоодо ата-энем, бир туугандарымдан кымбат эч нерсе жок экенин түшүндүм.

– Жубайыңызчы? Аны менен таарынышып жүргөнүңүздү айттыңыз эле...

- Ооба, келинчегим менен таарынышып жүрөбүз. Таарынышып жүрсөк да жубайымды жамандоо менин колумдан келбейт. Эмне болсо дагы өзүм күнөөлүүмүн деп билем. Менин мүнөзүм оор. Келинчегим менен түшүнбөстүк болду десем туура эмес болот. Экөөбүз бири-бирибизди түшүнбөсөк, анда 8 жыл чогуу түтүн булата албайт элек, үй-бүлөбүз мурда эле урамак. Келинчегим бир үйдүн жалгыз жана эрке кызы болуп чоңойгон. Эркелиги – анын эң жаман сапаты. Бирок үй тиричилигине тың. Аялымды жамандагым келбейт, аны жакшы көрөм. Жакшы көрүп үйлөнгөм.

– Ошондо бул окуяга анын эркелиги себеп болдубу?
- Ошондой болду деп ойлойм. Мен бир нерсени моюндашым керек. Чындыгында, тойго конок катары барганда аялымды ээрчитчү эмесмин. Тамашоунун жигиттери андай жерлерге келинчегин жасантып ээрчитип барып, Инстаграмга сүрөттөрүн жүктөшөт. Келинчектери, балдары менен кафеге, паркка барып эс алышат. Меники аларды көрүп суктана берчү. «Биз да ошентип жүрсөк болбойбу? Менден уяласызбы?» деп башкача түшүнүп алчу. Андай эмес, менде аялым мага гана таандык, үйдө отурушу керек деген түшүнүк бар. Аны кызганам. Балким, ушул да себеп болду. Балким, апасын сагынып, бугун чыгарып келейин деп кеткендир.

– Жарашууга аракет кылып жатасызбы?
- Жашоодо мындай кылып жиберем, кыйратам деп айта берет экенбиз. Бирок Кудайдын буюрганы болот экен. Быйылкы той сезонуна алдыга көп план койгом, «ишкердик кылам, баланча ишти бүтүрөм» деп Кудайдан улук сүйлөптүрмүн. Анын бири да жок, 3 ай дарыгерлердин көзүн карап жатып калбадымбы. Экөөбүздүн мамиле кандай болорун көрө жатарбыз. Келинчегим экөөбүз отуруп алып жакшылап сүйлөшүшүбүз керек. Менин ажырашып, башкага үйлөнөм деген оюм жок. Жубайымда деле андай ой жок болсо керек. Турмушуңду бузуп, башка турмуш куруп кете тургандай бул оюн эмес. Мен карапайым үй-бүлөдө турмуштун оош-кыйышын кичине кезимден көрүп чоңойгом. Келинчегим да миллионердин кызы эмес. Ал деле мага окшош карапайым үй-бүлөнүн кызы. Турмуштун ысык-суугун ал дагы жакшы билет.

Азыр ишиңизди улантып жатасызбы?
- Тойду сагынганымданбы же сакайып калгангабы же акча керек болгонгобу, айтор, азыр той алпарууга болгон каалоом мурдагыдан да күчтүү. Буюртмалар да түшүп жатат, Кудайга шүгүр.

– Өзүңүздү күчтүү эркектердин катарына кошосузбу?
- Күчтүүмүн десем мактанып калам. Алсызмын десем да жарашпай калат. Адамга өзүнүн кемчилиги, артыкчылыгы көрүнбөйт. Кандай экенимди башкалар билет. Кандай адамсың десеңиз, боорукермин. Бирок аны элге билдирбейм. Кежирлик мүнөзүм бар. Мисалы, үй куруп жатканда атам «балам, ушул жерге эшик койдур, кийин кайра эшик коём деп убара болосуң» десе, «жок, кереги жок» деп болбогон жерден өзүмдүкүн бербей туруп алам. Өзүмдүкүн туура деп ойлоп көп адашам. Анан да, баласаакмын. Балдарымды эркелеткенде бетинен өппөй, башка чаап, кулагын чымчып эркелетем, мага ошол жагат.

– Жашооңуздагы эң кубанычтуу жана кайгылуу учурларды айтып бериңизчи.
- 8 жыл мурун жаңыдан той алпарып жүргөндө азыркы биз курактуу элдин балдары ата-энесинин юбилейин өткөрүп беришкенин көрүп суктанчумун. Мен да ата-энемди ушинтип кубантам деп кыялданат элем. Былтыр атамдын 60 жылдык юбилейин өткөрдүм. Экөөнүн жасанып, төрдө отурганын көрүп, «максатыма жеттим» деп аябай кубангам.

Ал эми өкүнүчтүү окуя орусча билбегенимдин айынан болду. Бир жолу "Тамашоудогу" командалардын капитандарын чогултуп, Эрмек Нурбаев Сочиге КВНге алып барган. Сочиге чейин барып, бирок орусча сүйлөй албагандыктан сахнада бийлеп-бийлеп эле келгем. Үйдөгүлөр, досторум Сочиге барат деп аябай даярданышып, колунан келгени акча чогултуп берип узатышкан. Алар "интернеттен ошол оюнду көрөбүз" дешсе эле уялам. Ошондо жаман болгом.

– Алдыга кандай пландарды коюп жатасыз?

- Жакында Ошто «No name» командасы болуп көрбөгөндөй концерт беребиз. Акча табуу үчүн эмес, эл чындап эс алып, жыргап көрө турган концерт өткөрөбүз, буюрса. Сахна жасалгасынан концерттин жүрүшүнө чейин өзгөчө кылууга жеңибизди түрүп киришкени турабыз.

– Ийгилик! Маегиңизге рахмат. Оорубаңыз!

Перизат Музуратбекова
star@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(28)
11.11.2019. 09:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Аялымды жамандабайм деп туруп эле жамандап салыпсын го.
11.11.2019. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Акча адамга сыноо үчүн берилет. Ошондуктан пайгамбарыбыз Мухаммед алейхиссалам айткан Аллах үчүн садака бергиле силердин өмүрүңордү узартат, оору кырсык балееден сактайт деп. Мураттын сөзүнө караганда өтө эле көөп кеткендей. Куршабка тойго чакырсак 500$ деген деп ресторандын музыкантынан укканым бар. Эмне болсо да эч бир инсан оорубасын. Аллахты унутпасак ал бизди унутпайт.
Tyty1990 түзөттү 2019-11-11 09:46:35
11.11.2019. 09:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
жарашып, бактылуу болгула!
11.11.2019. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+29
Ооба,аял эмне уйдогу кучук же мышык эмес да камап койгондой. Озу чалчандап жалгыз тойдо журсо,каалаганын ичип жеп. Аялы болсо камалып отурса ,анан тили чыгат да. Силерге окшогон эркектерге чыдаган аялдарга медаль такыш кереек
11.11.2019. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Бала эркелеткени тупизм го
11.11.2019. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Карангы токойдо эмне болгонун билбейбиз. Ошондуктан жашоонду Бир калыпка келтирип,Ден соолугунунду чындап ал!
11.11.2019. 12:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Аял деле адам да
11.11.2019. 12:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Тойду чындап аябай жакшы алпарат.Шандуу,жандуу.
11.11.2019. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Балдарынды башка чаап эркелете берсен ,башына доо кетиши мумкун. Жаш балдардын баш соогу жумшак болот. Бирок ушундай тушунуксуз эркектер болот,балдарды корсо,башка чаап,матек алып эркелете беришет го
11.11.2019. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бактылуу болгула ылаайым, кайрадан жарашып.
11.11.2019. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Жакшы эле мырза экен, бирок тойго 500 долларга чыгам деп кооп кеткени жаман да. Кудай адамды акчасын жок кылып да, акчасын коп кылып да сынайт, жокко чокпой, барга коппой бир калыпта жургон адамга гана ырысы берет экен. Ошондуктан акча болгондо озунчо кооп,акчасы барлар менен гана мамиле куруп, акчасы жок достору менен мамилени бузган адам эч качан жарыбайт.Тилекке каршы кыргыздарда мунозуно эмес чонтокко карап мамиле кылгандар абдан коп.
11.11.2019. 21:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эч жакка чыгарбай же озу кошо чыкпай,ал аз келгенсип кызганса анан кетти да.Кимге эле жаксын мындай нерсе.Эмнеси болсо да,уйбулонду сактап кал.
12.11.2019. 00:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ашкара кашкараны кыйын ырдап жургон мегатойдо жакшы эле актер.бирроок ХХХХХ.бирок куноосун мойнуна алганы маладес.эми ээрчитет бекен.
Модератор admin_portal түзөттү 2019-11-12 09:28:34
12.11.2019. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мейли тойго ээрчитпе бирок анда санда ээрчитип алыш керек да...жок дегенде айлантып бала чака менен...биз аялдар ошондой болсо бук болуп,тилин чыгат дегендей,бизге вниманиа керек.
12.11.2019. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аялынды депрессияга салбай Эл катары ээрчитип жур болбосо акыр аягы жаман болот
12.11.2019. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Любой аял уруш чыгарат,ээрчитпей,өзүң жыргап жүрө берсең.
13.11.2019. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Сенида бирөө башына чаап сен балдарыны эркелеткендей эркелетип атам десе анан билесин башка чапсан килтейген колун менен ал кичине балага канчалык каттуу тийишин билесинби?
13.11.2019. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Менин куйоом да ушундай.Негизи Оштук эркектердин адаты бул....
14.11.2019. 22:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Ananai,баардык жердин элдин минусу жана плюсу
болот озун деле бирдемени кыйратчуудай корунбойсун акылдуу аял омурлук жарын эл алдында жамандабайт! Айтпан созго бир макал бар "челегине жараша капкагы"- деген
13.11.2019. 19:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Баардык аял уруш чыгарат.Эмне ал уйдо эч жака чыкпай камалып олтургудай мал беле?Сени 3кун тойго жибербей койсунчу?Байкуш аялына боорум ооруп жатат озун озу жемелеп капаста калган буулуккан булбулдай эле болуптур
Nurbany түзөттү 2019-11-13 19:32:26
13.11.2019. 21:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кежирлигинди корунушун эле айтып туратко ХХХХ,мусулманчылыкта аял уйдо болуш кк деген жерин,кызганыш кк деген жерин кармап алып,ото эле аша чаап жибересинерде,ушу эркектерчи
Модератор admin_portal түзөттү 2019-11-14 14:48:26
14.11.2019. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мен Аялдардын психологиясын тушунуу учун баарынар тааныган устаздын баяндарын коп коп уккула демекмин. Мага ото ото чоон жардам берди. Ошондо жашоо омур аял менен болгон мамиле кыскасы баарын тушундум. Арадан 2жыл отту бир да аялым менен тушунбостук боло элек. АЛХАМДУЛИЛЛА.
14.11.2019. 19:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аялымды жамандагым келбейт деп айтып, кайта анын эркелиги эн жаман сапаты дегенди кандай тушунсо болот?! Аял кишиге конул буруш керек. Уйдо кечке отурса буулугуп кетет, депрессия болот. Коп эркек андайга маани бербейт. Кооп кетти деп коёт.
14.11.2019. 19:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Урматтуу Супер-Инфо! Анча мынча таанылып калган мен жылдызмын деген кишилерди чыгара бересинер. Андан коро унутулуп калган чындап эле таланттуу адамдардан интервью алсанар жакшы болмок. Рахмат.
15.11.2019. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Shaya, сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
15.11.2019. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
admin_portal,бир ырчы бар эле ,ошо эжеден интервью алгылачы. Атын унутуп атам,Кара Балталык болот. Билгендер жазып койгулачы атын,такыр ТВ, радио го чыкпай калдыго. Самара,Нурлан,Мирбек,Анжелика,Кыз бурак жадап калдык,айланып эле чыга беришет,гульжайна,назира,кызсайкал,дагы кимди унуттум. ?? Каруселге тушуп алыштыго иши кылса
15.11.2019. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
katerina.li,атын эстедим. Шахрезада Аскарова
15.11.2019. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
katerina.li, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: