Экс-депутат, “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев саясатчы Өмүрбек Бабановду мактап, анын саясий салмагына баа берди. Текебаев бул тууралуу ЖМКлардын бирине берген маегинде белгилеп өткөн.
– 2015-жылы парламенттик шайлоо өттү. Бабанов мага караганда үч эсе көп добуш алды. Эл Бабановду мага караганда үч эсе көп сыйлап, ага үч эсе көп ишенет экен. Баш мыйзамда “Жогорку Кеңештин депутаттары жеке мамилеңерди үйгө таштап, жалпы эл үчүн биргелешип иштегиле. Эгерде 45 жумуш күндүн ичинде бир пикирге келе албасаңар, парламент тарайт” деген эреже бар. 2015-жылы эл Бабановго мага караганда үч эсе көп добуш берип жөнөтсө, мен аны менен отуруп иштешим керек,- деди Текебаев.
Текебаевдин мындай билдирүүсү алдыдагы парламенттик шайлоого даярдык деп кабыл алынып, экөө шайлоодо бир күчкө айланышы мүмкүн деген жоромолдор айтылып баштады.
Жалпысынан караганда, бул эки лидерди бириктирип турган жагдайлар бар. Биринчиси “коррупция” беренеси менен соттолуп, 3 жылга жакын абакта отуруп, анан соттолду деген статусу жоюлуп, иши кайра кароого жиберилген. Экинчисинин да үстүнөн 2 оор берене боюнча кылмыш иши козголуп, ага кошумча Финпол суракка алып жүргөн учуру. Мына ушундай жагдайда алар келерки парламенттик шайлоого кам көрүшү керек. Демек, парламенттик шайлоого бирге баруулары да мүмкүн.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg