БИР БҮРКҮМ. ЖАЗЫНДА КАЛКТЫ КАТТОО ЖҮРӨТ...
№888 7-13-ноябарь, 2019-жыл
Октябрь айынын аягына карата Кыргызстандын алтын валюта резервинин көлөмү 2 миллиард 294,9 миллион долларды түздү.
-
Жогорку Кеңештин депутаттары 4-5-6-ноябрда өлкө аймагын кыдырып шайлоочулар менен жолугушту.
-
Улуттук статистика комитети: Өлкөдө маданият кызматкерлеринин саны 9 миңден ашык, алардын 41 пайызы аялдар.
-
Ош мамлекеттик университетинин ректору болуп Кудайберди Кожобеков шайланды.
-
2020-жылдын 23-мартынан 1-апрелине чейин калкты каттоо жүрөт.
-
Кыргыз өлкөсүндө 5-ноябрдан тарта “Кыргыз каганатынын доору” аталышындагы жаңы коллекциялык тыйындар жүгүртүүгө чыгарылды.
-
Бишкекте “Хизбут-Тахрир” уюмунун “амири” кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
-
Бишкекте үй, батирлердин дээрлик 31 пайызына номур коюла элек. Мындай маалымат өкмөттө эл каттоого даярдык талкууланган жыйында айтылды.
-
Тажик бийлиги: "Тажик-өзбек чек арасында 15 кылмышкер жок кылынып, калган бешөө колго түшүрүлдү".
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0