БИР БҮРКҮМ. 35 МИЛЛИОН СОМГО БАЛА БАКЧА КУРУЛАТ...
№889 14-20-ноябрь, 2019-ж.
Талантбек Салиев УКМК төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды.
-
Талас облусундагы "Жер-Үй" алтын кенинде кен казуу иштери башталды. Бул тууралуу кен казган "Альянс Алтын" ишканасынан кабарлашты.
-
Бишкектин Октябрь жана Аламүдүн райондорунда калкты тейлөөчү жаңы төрт борбор ачылат.
-
Кыргыз өкмөтү бизнести жүргүзүү боюнча ишкерлерди колдоо жана аларга так маалымат, кеңеш берип туруу максатында региондордо “Ишкерлерди тейлөө борборлорун” түзүүнү пландап жатат.
-
2010-жылкы Апрель окуясында күйүп кеткен Бишкектеги салык инспекциясынын имаратынын ордуна 35 миллион сомго бала бакча курулат.
-
2020-жылдын 1-январынан тарта Германиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилиги кыргыз жарандарына Испания, Италия жана Австрияга виза берүү өкүлчүлүгүнүн ишин токтотот.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
2