Ырчы Нуркыз Кожонова 7-ноябрь күнү турмушка чыкты. Жашоосунун жаңы барагын ачып, учурда келиндик кызматын өтөп жүргөн ырчы менен байланыштык.
– Нуркыз, тууруңуз бекем болсун! Алгач жолдошуңуз менен кантип таанышып калганыңызды сурайын.
– Рахмат! Биз ушул жайда Алматыда таанышканбыз. Курбу кыздарым менен тамак ичели деп кафеге кирип, ошол жерден таанышып калганбыз. Мага болочок жолдошум бир көргөндө эле жаккан. Ал да мага сүйүүсүн арнады. Экөөбүз бир ай кыз-жигит катары сүйлөшкөндөн кийин баш кошуу чечимине келдик. 7-ноябрда Таш-Көмүрдө кыз узатуу тою өттү. Жакында заманбап тоюбузду өткөрөлү деп турабыз.
– Жакшы. Келиндик доор кандай өтүп жатат?
– Мурдагыдай телефон кармабай калат экенсиң. Ашкана деген жаңы кеңсең болот экен. Ошол жакта эртеден кечке тикеден тик туруп жумуш кылышың керек. Колумдан келген кызматты кылып жатам. Жеңелерим жардам берип жатышат. Кыз кишиге башка бүлөгө көнүш кыйын болот да. Менин кайненем менен кайнатам түшүнүктүү адамдар. Жакшы кабыл алышып, бат эле өздөрүнө имерип алышты. Үй-бүлөлүк жашоо, сүйүктүүмдүн дайыма жанымда болуп, мени ойлоп, камкордук кылганы мага жагып жатат.
– Ошол колдоочу, коргоочуңузду окурмандарга тааныштыра кетиңизчи...
– Жолдошум менден 4 жаш улуу. Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын кулуну. Аты Эмил. Өзү ишкердик менен алектенет. Жумушуна байланыштуу бирде Алматыда, бирде Бишкекте жүргөндүктөн, эми биз эки шаарда жашайбыз.
– Бактылуу болуңуздар!
star@super.kg
Бактылуу болсун не болсо да,акыры кыргыз кыз кыргыз жигитке чыгып кыргыздын тукумун улап,санын кобойтот,итак эле жалгыз бой кыз-келиндер коп...
Бактылуу болгула,мен деле тааныбайм. Бирок жакшы сөз жакшы да.