Архив
1152
1153
1154
1155
1156
1157
1158
1159
1160
1161
1162
1163
1164
1165
1166
1167
1168
1169
1170
1171
1172
1173
1100
1101
1102
1103
1104
1105
1106
1107
1108
1109
1110
1111
1112
1113
1114
1115
1116
1117
1118
1119
1120
1121
1122
1123
1124
1125
1126
1127
1128
1129
1130
1131
1132
1133
1134
1135
1136
1137
1138
1139
1140
1141
1142
1143
1144
1145
1146
1147
1148
1149
1150
1151
1049
1050
1051
1052
1053
1054
1055
1056
1057
1058
1059
1060
1061
1062
1063
1064
1065
1066
1067
1068
1069
1070
1071
1072
1073
1074
1075
1076
1077
1078
1079
1080
1081
1082
1083
1084
1085
1086
1087
1088
1089
1090
1091
1092
1093
1094
1095
1096
1097
1098
1099
997
998
999
1000
1001
1002
1003
1004
1005
1006
1007
1008
1009
1010
1011
1012
1013
1014
1015
1016
1017
1018
1019
1020
1021
1022
1023
1024
1025
1026
1027
1028
1029
1030
1031
1032
1033
1034
1035
1036
1037
1038
1039
1040
1041
1042
1043
1044
1045
1046
1047
1048
944
945
946
947
948
949
950
951
952
953
954
955
956
957
958
959
960
961
962
963
964
965
966
967
968
969
970
971
972
973
974
975
976
977
978
979
980
981
982
983
984
985
986
987
988
989
990
991
992
993
994
995
996
897
898
899
900
901
902
903
904
905
906
907
908
909
910
911
912
913
914
915
916
917
918
919
920
921
922
923
924
925
926
927
928
929
930
931
932
933
934
935
936
937
938
939
940
941
942
943
844
845
846
847
848
849
850
851
852
853
854
855
856
857
858
859
860
861
862
863
864
865
866
867
868
869
870
871
872
873
874
875
876
877
878
879
880
881
882
883
884
885
886
887
888
889
890
891
892
893
894
895
896
792
793
794
795
796
797
798
799
800
801
802
803
804
805
806
807
808
809
810
811
812
813
814
815
816
817
818
819
820
821
822
823
824
825
826
827
828
829
830
831
832
833
834
835
836
837
838
839
840
841
842
843
740
741
742
743
744
745
746
747
748
749
750
751
752
753
754
755
756
757
758
759
760
761
762
763
764
765
766
767
768
769
770
771
772
773
774
775
776
777
778
779
780
781
782
783
784
785
786
787
788
789
790
791
687
688
689
690
691
692
693
694
695
696
697
698
699
700
701
702
703
704
705
706
707
708
709
710
711
712
713
714
715
716
717
718
719
720
721
722
723
724
725
726
727
728
729
730
731
732
733
734
735
736
737
738
739
635
636
637
638
639
640
641
642
643
644
645
646
647
648
649
650
651
652
653
654
655
656
657
658
659
660
661
662
663
664
665
666
667
668
669
670
671
672
673
674
675
676
677
678
679
680
681
682
683
684
685
686
583
584
585
586
587
588
589
590
591
592
593
594
595
596
597
598
599
600
601
602
603
604
605
606
607
608
609
610
611
612
613
614
615
616
617
618
619
620
621
622
623
624
625
626
627
628
629
630
631
632
633
634
531
532
533
534
535
536
537
538
539
540
541
542
543
544
545
546
547
548
549
550
551
552
553
554
555
556
557
558
559
560
561
562
563
564
565
566
567
568
569
570
571
572
573
574
575
576
577
578
579
580
581
582
479
480
481
482
483
484
485
486
487
488
489
490
491
492
493
494
495
496
497
498
499
500
501
502
503
504
505
506
507
508
509
510
511
512
513
514
515
516
517
518
519
520
521
522
523
524
525
526
527
528
529
530
427
428
429
430
431
432
433
434
435
436
437
438
439
440
441
442
443
444
445
446
447
448
449
450
451
452
453
454
455
456
457
458
459
460
461
462
463
464
465
466
467
468
469
470
471
472
473
474
475
476
477
478
374
375
376
377
378
379
380
381
382
383
384
385
386
387
388
389
390
391
392
393
394
395
396
397
398
399
400
401
402
403
404
405
406
407
408
409
410
411
412
413
414
415
416
417
418
419
420
421
422
423
424
425
426
322
323
324
325
326
327
328
329
330
331
332
333
334
335
336
337
338
339
340
341
342
343
344
345
346
347
348
349
350
351
352
353
354
355
356
357
358
359
360
361
362
363
364
365
366
367
368
369
370
371
372
373
264
265
266
267
268
269
270
271
272
273
274
275
276
277
278
279
280
281
282
283
284
285
286
287
288
289
290
291
292
293
294
295
296
297
298
299
300
301
302
303
304
305
306
307
308
309
310
311
312
313
314
315
316
317
318
319
320
321
Популярдуу макалалар
|
Үй-бүлөлүк бизнес: КЫТАЙ БОЗ ҮЙЛӨРҮНӨ КАРАКОЛДУК АЛЬТЕРНАТИВА№890 21-21-ноябрь, 2019-жыл
– Өзүм Нарындан болом, апам шырдак, ала кийиз жасап, биз кармалашып, жүн, кийиз менен эле чоңойдук. Бирок боз үй жасачу эмес. Бул өнөр мага кайненемден өттү го деп ойлойм. Ал кишини мен «эне» дейм, энем Бегайым Бекешеванын төркүнү Ысык-Көлдөгү жалаң боз үй жасагандардын ордосу болгон Кызыл-Туу айылынан экен. Энем боз үйдү жасоонун ийне-жибине чейин жакшы билчү, ички, сырткы жасалгасын, жип-шуу, жабууларын. Колунан көөрү төгүлгөн уз адам эле. Кийизди өзүбүз ийлеп, агартыш үчүн айна менен жуучубуз, чий сокчубуз. Кайнатам да кыйын киши, дыкаттап, таптап жыгач-жарактарын даярдап берет. Азыркы күнгө чейин боз үй боюнча кайнатамдан кеп-кеңеш алып турабыз. Энемдер өзүбүзгө, туугандарга, тааныштарга деп боз үйдүн түрүн жасашты. Бир убактарда боз үй популярдуу болбой калды. 2001-жылы жолдошум экөөбүз Каракол шаарына көчүп кеттик. Бизнестин түрүн кылып көрдүк. Жолдошум курулуш бизнесинде жүрдү. Темир, түстүү металлдарды алып иштедик. Андан соң айымдардын саркеч кийимин саткан эки кабат чоң дүкөн иштеттим. Түркияга айына 2 жолу каттап товар алып келчүмүн. Бул арада боз үйгө кызыгуу арта баштаганын байкадык. Кыргыздын нукура үйүсүз, боз үйсүз баары бир болбойт экен да, суроо-талап көп. Ойлонуп көрсөк колубуздан келчүдөй, анын үстүнө биз билген өнөр. – Эки жыл мурун жолдошум "темирден боз үй жасап көрбөйлүбү" деп айтып калды. Башында өзүбүзгө жасадык, аны көргөн тааныштар "бизге да жасап бергиле" деп сурана башташты. Бирди жасап сатып көрдүк. Ошентип уланып кетти. Жыгач боз үй, албетте, барктуу, ага ылайык кымбат дагы, машакаты көп, жоопкерчилиги да ошончолук чоң. Кайра-кайра тигиш үчүн жыгачтын мыктысы керек. Сапатсыз жыгач болсо матоосунан кетет, сынып калат. Анын үстүнө азыр жаштар боз үй тиккенди билбейт. Биз боз үйдү чарбага, бизнесте колдонгондорго ылайыктуу болгудай, заман талабына ылайык кылып жасап көрүүнү чечтик. Кытайдын боз үйлөрүн көрдүк, интернеттен башка варианттарды карадык. Жыгач боз үйлөргө караганда темир каркастуу боз үйлөр тез жана оңой тигилет. Көлдүн жээгине, тоого, жайлоого жарым саатта тургузуп, жарым саатта чечип койсо болот. Үй салып жаткандардын убактылуу жашоосуна жакшы экен. Өзгөчө чабандарга ыңгайлуу. Кыштын өтө суугуна болбойт, бирок эрте жаздан, кеч күзгө чейин уруна берсе болот. Мындан сырткары учурда ар бир айылдан уруу-уруу же болбосо көчөмө-көчө чогулуп, жакшылык-жамандыкка кезек менен тигүү үчүн бир же бир нече боз үй алып калышыптыр. Кыргыздын канына сиңген экен, сөзсүз боз үйдүн тигилүүсүн каалашат, той берсе да, аш берсе да тигилет. Биздин боз үйлөр жылына бир эле жолу тикчү боз үйлөр эмес, той-топур убагында 2-3 күн сайын тигиле берет. – Кытайлар чыгарган боз үйлөрдүкүнөн айырмасы чоң. Темири менен эле окшош десем болот. Мисалы, кытай боз үйү төрт бурчтук жана жеңил. Алардын жабуусуна целлофан, синтепон салынып тигилет, аба кирбейт, ичи жыттанып кетет. Биздин боз үйлөрдүн сөөгү темир, жабуусу кийиз же болбосо фетр. Кадимкидей керегелери, ууктары, түндүгү бар, кадимкидей эле тигилет: биринчи айланасын коюп, эшигин салып туруп, түндүгүн өйдө көтөрүп, ууктарын киргизип коёт. Жабуусун 3 кат деп коёт, алгач кийиз, плащевка, анан таар менен жабабыз. Кыргыз боз үйүндөгүдөй эле оймо-чиймелерди түшүрөбүз. Полу жыгачтан, жайлоодо болобу, кайда болбосун сыз, ным өтпөйт. Кытай боз үйлөрү жеңил, чабандар шамал болсо кашарга, кулун желелерге чейин учуп кетерин айтып жүрүшөт. Булар абдан туруктуу. Баасында да айырма бар. Кытай боз үйлөрү 20-25 миңден. Биздикилер кооздолушуна, жасалышына, көлөмүнө жана сапатына жараша 40 миңден 350 миң сомго чейин. – Нукура боз үйгө буюртма келгенде Кызыл-Туудагы тайларыбыз менен байланыштырып коём. Кээде "темир боз үйдү кыргызча жасалгалап бергиле" дешкенде да Кызыл-Тууга барып жеңелерге буюртма берип, жабык баш, өрмөк, чачы кылып, баарын жасатып келем. Жайлоого чыкчулар, хостелге колдончулар "полу менен жасап бергиле" дешет. Жыгачтан пол жасап, кийиз менен жаап беребиз. Айрым романтиканы жакшы көргөндөр, көлдүн жээгине боз үйдүн ичинде отуруп ырахаттанып көз чаптыргысы келгендер керегеси айнектен болсун дешти. Аны да жасадык. – Ар кандай тендерлерге катышабыз, утуп алабыз. Былтыр эл аралык белгилүү бир уюм менен кызматташкан айыл өкмөттөрдүн жайыт комитеттери менен иштештик. Долбоор айыл жериндегилерге жана чабандарга жардам берүү максатында экен. Комитеттин өкүлдөрү Каракол шаарына атайын өздөрү келип, биз менен таанышып, боз үйлөрдүн сапатын жактырышты. Программа боюнча, жайыт комитети боз үйдүн баасынын 25 пайызын, ал эми калган 75 пайызын эл аралык уюм төлөп берип, элге таратышат экен. Алар менен иштешип, түштүк облустарына 200 боз үй жасадык, ар бир айылга бештен, ондон боз үй туура келет. Мисалы, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда айыл өкмөттөр абдан көп экен, жакында эле элүүдөйүн жеткирип берип келдик. Мындан сырткары жыл сайын Көчмөндөр оюндары өтүп жатат. Бизден сатып алышып, ошол жакка көп тигишүүдө. Эсеп палатасы менен иштешип, жарманкелерине катыштык. – Бир боз үйдү төрт күндө эле жасап беребиз. Цехте 8 адам эмгектенет. Темирлерин – кереге-ууктарын 4 бала станок менен жасашат, ал эми ички-тышкы жасалгаларын, жабууларын 4 кыз тигет. Тигүү иштерин баары эле алып кете алышпайт, өтө оор. Тигүүчүлүк шыгына карап алабыз. Диаметри беш метрден башталат: 12 метрге чейин кылып, 65 баш, 85 баш, 100 баш деп жасап беребиз. Кээ бириники 24 уук, айрым учурда 33, кээде 42 уук. Эгер кандайдыр бир ката кетирилсе, ошол эле жерден кардарды "15-20 мүнөт күтө туруңуз" деп, кайра жасатып берем. – Буюртма чет жактардан жыгач боз үйлөргө болот. Биз жыгач кармабагандыктан Кызыл-Туудан жасаттырып беребиз. Жакында эле Казакстандан атайын келип алып кетишти. Бул боз үйлөр кино тартканга керек экен. Кытайдыкы төрт бурчтук болуп анча окшошпойт, өздөрүнүкү жапыз, ал эми биздин темир боз үйлөр бийик болуп, жыгачтан эч айырмаланбайт. Сыртына кийиз жаап тартышат окшойт. – Биринчиден, биз азыр кийизди Бишкектен, Токмоктон, Новопавловкадан алабыз. Учурда мен кийиз даярдоочу станок үчүн чоң долбоор жазып жатам. Кудай буюрса, өтүп калса, азыр, мериностон башка жүндөрдүн баары ыргытылып жатпайбы, ошолорду алып, өзүбүз кийиз бастырат элек. Бул тегеректегилер кийизди алыска барып, жүктөп келишпей эле, Караколдон алышмак. Мындан сырткары цехти кеңейтип, айылдарда көп эле кол өнөрчү үйдө отурат, ошолорду топтоп шырдак, ала кийиз, бешик, сандык, туш кийиздерди жасоону ойлонуштуруудабыз. Боз үйдүн жыгачын да кармасакпы деп жатабыз. Азырынча билбейбиз. Билген кишини алып келип, балдарга үйрөтүш керек. Буюрса, жаз чыгары менен жолдошум экөөбүз көп ишти баштаганы турабыз. – Менин «БТА банк» менен иштешкениме 11 жыл болуптур. 2008-жылдан бери эсеп-чотторумдун бардыгы «БТАдан» жасалып келет. Мага бул банк абдан ыңгайлуу. Иштеген кыздар да билимдүү, өз иштерин жакшы билишет. Качан барбайын кызматты ыкчам жана сапаттуу көрсөтүшөт. Акча керек болгондо жок дешпейт, тез арада, мага ыңгайлуу шарттарда, төмөн пайыздар менен беришет. Тендерлерге катышканда өзүбүздүн каражат жетпей, чоң суммадагы акча тезинен керек болот. Чоң заказдар болгондо сөзсүз «БТА банкка» кайрылам. Учурдан пайдаланып, банктын Каракол шаарындагы филиалынын жетекчисине жана иштеген кыздарга иштериндеги ийгиликтерди каалайм. – Албетте, мага айтышты. Бириккени кайра жакшы экен, кеңселери көбөйүп, тобокелчиликтер акталат. «БТА банк» менен иштеше берем. Жыл сайын 19-ноябрда Дүйнөлүк аял ишкерлердин күнү белгиленип келет. Учурда биригүү процессинен өтүп жаткан «Бакай банк» жана «БТА банктын» ишкер кардарлардын жарымына жакынын айымдар түзөт. Эки банктын кызматын колдонгон ишкер айымдардын саны сегиз миңге чукул. «БТА банк» менен «Бакай банк» бириккенден кийин экөөнүн тең филиалдарынын баары сакталып калат. Бириккен «Бакай банк» филиалдар түйүнүнүн саны боюнча Кыргызстандагы бардык каржы уюмдарынын ичинен 4-орунда, уставдык капиталынын көлөмү боюнча 3-орун, ал эми активдер жана насыялык портфел боюнча 6-орунда болот. 2020-жылдын башында биригүү процесси жыйынтыкталган соң «БТА банктын» бардык филиалдары «Бакай банктын» ээлигине өтөт. Банктардын биригүүсү биринчи кезекте эки банктын тең кардарлары үчүн пайдалуу, мурдагыдан да көп мүмкүнчүлүктөр түзүлөт: филиалдардын, сактык кассалардын, банкоматтардын саны эки эсеге көбөйүп, эки банктын эң мыкты тажрыйбалары өнүктүрүлүп, кызмат көрсөтүү деңгээли жогорулайт. Кыргызстандын ар бир аймагында сапаттуу банктык кызматтар жеткиликтүү болот. Үмүт Рысбекова "Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:
|