БИР БҮРКҮМ. КРЕДИТ АЛГАНДАРДЫН САНЫ 35 ПАЙЫЗГА ӨСТҮ...
№890 21-21-ноябрь, 2019-жыл
Президент Жээнбеков: «Түндүк-Түштүк унаа жолундагы коопсуздукту камсыздоо иштерине кошумча 56,5 миллион доллар акча каражаты талап кылынат».
-
Кыргызстанда ушул жылдын 9 айында жалпы 92 миң 822 айдоочу күбөлүгү берилген. Бул тууралуу Каттоо кызматынан билдиришти.
-
Үй-бүлөдө үч эм же андан ашык бала төрөлсө, ар бир балага 50 миң сомдон бир жолку "балага сүйүнчү" жөлөк пул берилет.
-
Ушул жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча, Кыргызстандын экспортунун көлөмү 1 миллиард 356,5 миллион долларды түздү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.
-
Аткезчиликке айыпталып Казакстанда 10 жылга соттолгон Жогорку Кеңештин экс-депутаты Дамирбек Асылбек уулу Кыргыз өлкөсүнө экстрадицияланды.
-
2019-жылдын январь-сентябрь айларында Кыргыз өлкөсүндөгү микрокредиттерди берүүчү уюмдар тарабынан 460 миң адамга насыя берилген. Быйыл микрокредит алгандардын саны 35 пайызга өстү.
-
Мамлекеттик салык кызматы: "2019-жылдын 10 айында салык отчётторун бербеген 14 миң 148 ишкердик субъект аныкталды".
-
2024-жылга чейин ЮСАИД кургак учукка каршы күрөшүү үчүн Кыргызстанга 35 миллион доллар каражат бөлөт. Бул тууралуу ЮСАИДдин Борбор Азия өлкөлөрү боюнча өкүлү Хавьер Пьедра билдирди.
-
Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков жарандык активист Мелис Аспековго каршы УКМКга арыз жазды. Анда активист депутатты шантаж кылып 11 миң доллар талап кылганы жазылат.
-
Кыргыз өкмөтү: "Ата мекендик товарлар дүйнөдөгү 87 өлкөгө экспорттолуп жатат".
-
Жумгалда 31 жаштагы жаран унаа уурдоого шектелип кармалды.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0