БИР БҮРКҮМ: ЧИНОВНИК 50 МИҢ СОМ ПАРА МЕНЕН КАРМАЛДЫ...
№891 28-ноябрь - 4-декабрь, 2019-ж.
-
.jpg)
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбооруна
Орусия 200 миллион рубль бөлдү.
-
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги: "10 айда өлкөдө 3270 өрт кырсыгы катталды".
-
Жыл башынан бери өлкөгө мыйзамсыз күйүүчү май ташып келүү боюнча 152 факты катталганы айтылды.
-
23-ноябрда 50 миң сом пара алып жатып Баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын башкармалыгынын башчысы Н.Б. кармалды.
-
УКМК кызматкерлери тарабынан 20 миң сом пара алып жатканда Бишкектин Ленин райондук салык кызматынын кызматкери А.М. кармалды.
-
УКМК оң рулдуу автоунааларды алып кирип, мыйзамсыз каттоого алган схеманы аныктап, шектүү катары «Унаа» ишканасынын бир кызматкери тергөө абагына киргизилди.
-
Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы товар жүгүртүү көлөмү ушул тапта 430 миллион долларды түзөрү айтылды.
-
Жогорку Кеңеш Конституциялык палатанын судьялары Эркинбек Мамыровду, Мээргүл Борбукееваны жана Мукамбет Касымалиевди кызматынан бошотуу сунушун жактырды.
-
УКМК: Аймактар аралык касташууну козутууга шектелип Фейсбуктагы "БеспределKG" баракчасынын администратору Автандил Жоробеков кармалды.
-
Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында аскердик кызмат өтөп жаткан 22 жаштагы жоокер өз өмүрүн кыйды.
-
Нааразычылыктардан улам Айэркен Саймаити боюнча маалыматтарды иликтөө үчүн түзүлгөн депутаттык комиссиянын курамынан депутаттар Искендер Матраимов менен Алтынбек Сулайманов чыкты.
-
Кыргыз өлкөсүндө бир үй-бүлөлүк дарыгерге 3600 адам туура келет.
- ЖЭБ окуясы. Прокурор Сапар Исаковду 15 жылга эркинен ажыратууну соттон өтүндү.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0