Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Бактыгүл Бадыева, ырчы: «ЖОЛДОШУМДУН СӨЗҮН ЭКИ КЫЛБАЙМ»

№891 28-ноябрь - 4-декабрь, 2019-ж.


Жашоону сүйүп, анын ар бир мүнөтүнө ыраазы болуп, ар бир күндөн ырахат алып жашаган адамдар, баамымда, азчылыкты түзөт. Ырчы Бактыгүл Бадыева ушундай, жашоого жылмая караган адамдардын катарын толуктайт. Ишине, жашоосундагы ар бир адамга берилип мамиле жасаган бул адамдан окурмандар үчүн кызыктуу жана бакытка толгон маек.

– Кандайсыз, Бактыгүл айым? Эки жыл мурун "чыгармачылыкка кайтып келем" деп коюп, кайра эле күйөрмандарыңызды күттүрүп койдуңуз...

– Жакшымын, рахмат. «Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет» дешет го. Ооба, чыгармачылыгымды улантайын деп ыр жаздырып баштагам. Эки жыл мурда жолдошума арнап «Бакытым» деген ыр жаздырдым. Гүлнур Сатылганова эже менен дуэт ырдайбыз деп пландап, ал ырдын аранжировкасын жаздырып койгонбуз. Аранжировкасы мага жакпай калып, аны оңдош керек деп жүрүп ушул убакытка келдик. Ал ортодо кош бойлуу болуп, 3-кызымды төрөдүм, ишкерлигим менен алек болдум. Ар нерсенин убакыт-сааты болот экен. Сааты чыкпаса, башың менен жер казсаң да, ойлогонуң ишке ашпай калат. Жең түрө чыгармачылыкка кирише албай жатсам дагы, ырчылыктан такыр алыстап кеттим деп айта албайм. Жакында «Кыздарым менин бактым» аттуу ырымды эл назарына коёбуз.

– Жакшы. Ошондо чыгармачылыкка киришүү планыңызда бар экен да?

– Минтем, тигинтем деп айтпай эле коёюнчу. Жашоо өзү көрсөтөт. Бирок жан дүйнөм чыгармачылыкты самайт. Бул сезимди чыгармачыл адамдар гана түшүнсө керек.

– Ишкерлик менен ырчылыкты чогуу алып кетүү мүмкүн эмес бекен?

– Мүмкүн. Ырчылыкты чогуу алып кетем десем, анда концерт берип, тойлордо да ырдашым керек болот. Кыздарым кичинекей болгондуктан жолдошум кечинде үйдө болушумду каалайт. Өзүм да кыздарымдын жанында болушум керек деп ойлойм. Анткени азыр алардын апасынын мээримине көбүрөөк муктаж учуру.

– Айрым ата-энелерден "балдарыңдын баарын бирдей сүйүү мүмкүн эмес" дегенин угуп калам. Сиз айтыңызчы, бул мүмкүнбү?

– Балага болгон сүйүүнүн деңгээли баарына бирдей болот. Бирок ар бирин ар башкача сүйөсүң. Анткени алардын кыялдары, кылыктары ар кандай. Мен 3 кызыма сезимимди, убактымды бирдей бөлөм. Ар бирине «сени сүйөм» деп айтам. Ар бир бала «биз апама да, атама да бирдей керекпиз, бизди бирдей сүйүшөт» деп сезиши керек.

– Үй-бүлөдө гармония болушу үчүн ким көбүрөөк жооптуу деп ойлойсуз?

– Психологияга кызыгып, эркек-аял мамилелери тууралуу көп китептерди окудум. Бардык китептерде аялдар көбүрөөк жооптуу деп жазылат. Мен да ошондой ойлойм. Ооба, аял бала төрөйт, аларды карайт, үй жумуштарын жасайт. Ошол эле учурда иштейт. Мунун баарын өзү каалап жасап жана жетишиши керек. Кандай болсо да аял баары бир өзүн эркектен өйдөмүн деп эсептебеши керек. Мен үчүн үйдүн кожоюну, үйүбүздүн президенти жолдошум. Анын сөзүн эки кылбайм. Үй таза, тамак даамдуу болсо, жубайы менен балдары кечинде күлүп-жайнап тосуп алса, ошондо күйөө үйүнө шашып баргысы келет. Мына, ушундай жылуулукту аял түзүшү керек. Мен ушуга аракет кылам. Таң аткандан күлүп-жайнап жолдошум менен кыздарымды өөп ойготуп, жакшы атмосфера түзүүгө аракет кылам.

– Жолдошуңуз кызганчаакпы?

– Кызганчаак. Бирок кызганууга себеп жок. Анткени менин оюмда, көз алдымда жолдошум гана бар. Башка эркекти кароо оюма да келбейт. Мен түгөйүмө жакшы аял болуп берүүнү гана ойлоном. Өзүмдү үй-бүлөмө арнап койгом.

–Сиздин көз карашыңызда чыныгы мырза кандай болушу керек? Сыпаттап бериңизчи.

– Эркек болуу чоң жоопкерчилик. Шым кийип, сакал өстүрүп алуу менен эле эркек болуп калбайт. Аялзатын аяган, сыйлаган, сөзүнө турган, үй-бүлөсүн коргой алган, балдарын, аялын, ата-энесин бактылуу кыла алган эркекти чыныгы эркек деп ойлойм. Ал эми аялзатын кордогон, кемсинткен, кол көтөргөндөрдү эркек деп эсептебейм. Акыркы кезде аял менен эркектин ролу алмашып кетти. Алсыз эркектердин жанында аялдар күчтүү болууга мажбур болуп жатышат. Бул көрүнүш өкүндүрөт.

– Тилекке каршы. Бир нече жылдан бери ишкерлик менен алектенип келе жатасыз. Ийгиликтин сырын издеген жаштарга эмне кеңеш берер элеңиз?

– Ийгиликке жетүүнүн эң негизги эрежеси – эмгек. Максатты туура коюп, бир иштин майын чыгара жасаш керек. Анан өзүңө жаккан ишти аркаласаң, жакшы жыйынтыкка жетесиң. Дагы бир кеңеш, барга көппөй, жокко чөкпөш керек. Адамдарды иргеп мамиле кылуу туура эмес. Баарыбыз бирдей экенибизди, баарыбыз жылаңач келип, жылаңач кетерибизди унутпашыбыз зарыл. Түз жүрүп, өз жолуңда аракет кыла берсең, Кудай берет. Кудайдын берери чексиз.

– Сизге атак-даңк келген учур болгон. Азыр артка кылчайганда «жылдыз оорусуна» кабылган экенмин» деген ой келбейби?

– Жок. Мени кичинемден апам «барга көппө, жокко чөкпө» деп тарбиялаган. Атам барда барчылыкты көрдүм. Эсимде, бала бакчага мага күндө жаңы кийим кийгизип алып барышчу. Ошол эле кезде жокчулукту да көрдүм. Адамдын дээринен болсо керек, «жылдыз оорусу» мага жеткен жок. Болгону бетке айткан мүнөзүм үчүн айрымдар бой көтөрөт деп ойлоп калышы мүмкүн.

– Бийлик, байлык, атактуулук баары бир адамды өзгөртөт да.

– Айрымдарды өзгөртөт. Бирок мени эмес. Эң негизгиси адам жөнөкөй, адамгерчиликтүү болушу керек деп эсептейм. Кудай берип сынайт. Бергенде өзүңдү кармашың керек.

– Жашоодо өзүмдү таптым деп ойлойсузбу?

– Жасаган жумушум жагат. Бирок 100 пайыз өзүмдү таптым деп айта албайм. Дагы да ачыла элек "сандыктарым" бар болушу керек. Дагы көп нерсе үйрөнүп, көп иш жасагым келет.

– Толуп кеткениңиздин себебин сурасам болобу?

– Ар адамдын организми ар кандай экен. Төрөгөндөн кийин толуп кеттим. 5 жылда кесарево жолу менен 3 бала төрөш оңой эмес да. Бирок бул катастрофа эмес. Негизгиси ден соолук берсин. Мага жолдошумдун пикири маанилүү. Ал «мен сени кандай болсоң, ошондой сүйөм. Арыктабай эле кой. Мага ден соолугуң менен керексиң. Мен сенин жан дүйнөңдү сүйөм» дейт. Күйөөмө ыраазымын. Бирок өзүм үчүн арыктаганга аракет кылып жатам.

– Шоу-бизнеске кайтсак, азыркы шоу-бизнеске кандай баа бересиз?

– Ар бир ырчынын өзүнүн угарманы бар. Мен аракет кылгандардын баарын сыйлайм. Азыр бизде шоу-бизнес акырындан өнүгүп жатат. Ал мени сүйүндүрөт.

– Маегиңизге рахмат. Ишиңизге ийгилик!

Перизат Музуратбекова
star@super.kg



Бактыгүл Бадыева: "Үйүбүздүн президенти жолдошум, анын сөзүн эки кылбайм"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(22)
02.12.2019. 09:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Бактыгул айым,бактылуу болунуз. Кооп жашагыла,жолдошун,кыздарын менен.
02.12.2019. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
ааа
02.12.2019. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
amirrus, ушул «ааа» деп жооп жазгандар жашоодо коп кыйынчылык корушот окшойт.
02.12.2019. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Акылуу,токтоо айым болуптур. Бактылуу болгула!
02.12.2019. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
акылдуу
02.12.2019. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Менин эң сүйүктүү ырчым эле. Азыр да аябай жакшы көрөм.
02.12.2019. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Баары эле бир созду кайталайт, чыгармачылыкка кайткым келет, талантым ташкындап жатат.
02.12.2019. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Сүрөттөрдо идеялная фигура кылып жасап коюпсунар го. Кыздары чоңойгончо дагы он жыл өтөт. Андан кийин кереги деле жокко. Үй бүлөнуз менен бактылуу эле жашай бериңиз да. Эптеген ырчылар азыр толтура. В живую ырдаганынызды деле көрө элекпиз. Эмнеси болсо да ийгилик.
02.12.2019. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Чыгармачылыкка кайткандар баары эле күйөөсү менен ажырашып кетип жатышат го сиз лучше кайтпай эле койгонуңуз жакшы болсо керек
02.12.2019. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
красавица молодец
SUPER.KG видео
02.12.2019. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Барга коппо жокко чокпо
02.12.2019. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Туура, Кудай берип сынайт,бир келген дөөлөттү коппой кармап калуу керек.
SUPER.KG видео
02.12.2019. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өзүнүн сүйлөгөнүн койбойсуңарбы аудиого.декламация айткандай эле окуп атат
02.12.2019. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Молодец! Сиздей сулуу, позитивдуу айымдар коп болсун, ийгиликтериниз сизди колдогон инсандарга да жуксун. Негативдер ошентип «ааа» деп оозун ачкыча, дагы толгон токой максаттарынызга жеткенди жараткан озу насип кылсын.
03.12.2019. 01:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ойлогон ойлорунда, суйлогон создорундо бир негатив жок. Бактылуу жашоону кура алган, турмушун кооздоп, башкаларга да жылуулук чача алган айым экен. Таасирлендим!
03.12.2019. 01:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Сулуу, келишимдүү акылдуу кыз, молодец бактылуу ден-соолукта бол.
03.12.2019. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ылайым уй булоон менен бактылуу бол. Сонун интервью болуптур. Барга коппо,жокко чокпо дегени жакты. Ушундай жонокой б.п журо бер
03.12.2019. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ото татына кыз ээ.Аял болуп туруп суктанам сулуулугуна.
04.12.2019. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Белин бекем бууп отуруштун оордуна,торолгонуно эки кун болгон наристесин уйуно таштап коюп "акча,акча" деп ресторандарда калжактабай,булом деген мыкты кожойке экени корунуп турат.Аябай акылдуу жубай болуптур.Демек,ата-энеси тарбияны жакшы бериптир.Бир тонна косметикасыз, силиконсуз,нукура сулуулук Бактыгулдо бар. Убагында менмин деген канчалаган жигиттер артынан чуркап кала беришти. Жолдошу да озуно жараша мыкты жигит болсо керек.Бактылуу болгула.
SUPER.KG видео
04.12.2019. 23:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бадыева озунун аракетчилдиги мн эл эсиндего. Бирок, соз байлыгы ото аз. Ошон учун деле "живой интервью" бербейтко
SUPER.KG видео
05.12.2019. 05:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула.
SUPER.KG видео
07.12.2019. 05:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болсун. Сындабай эле койгулачы жолдошуна жакса болду.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
WWW.NET.KG
Биз социалдык тармактарда: