БИР БҮРКҮМ. 2 ЖООКЕР АРМИЯДАН КАЧЫП КЕТТИ...
№892 5-11 декабрь, 2019-жыл
Кыргызгидромет: “Шамалдан улам Бишкектин абасы 34 эсе тазарды”.
-
Соцфонд: “Учурда пенсионерлердин 46 пайызы пенсияны почта аркылуу алат”.
-
Оштогу №36806 аскердик бөлүктөн 2 жоокер качып кеткен боюнча табыла элек.
-
Учурда Кыргыз өлкөсүндө 187 миңдей ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жаран бар.
-
Жогорку Кеңештин депутаттары Алтынбек Сулайманов менен Дүйшөн Төрөкулов жана Бажы кызматынын башчысынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов УКМКга суракка чакырылды. Себеп – журналисттик иликтөө.
-
Белгилүү укук коргоочу Рита Карасартова Башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин директору болуп дайындалды.
-
Бишкек Жаңы жылга даярданууда. Борбордук аянтка өлкөнүн башкы балатысы орнотулду.
-
Депутаттар калпакты мазактаган жарандарга 1000 сом айып пул салууну демилгелеп чыгышты.
-
Мектеп окуучулары кышкы каникулда 30-декабрдан 10-январга чейин эс алышат.
-
Аксыда ишкерди опузалап ири суммада акча талап кылган деп 4 жигит кармалды.
-
Парламент депутаты Канат Исаевдин агасы Талант Исаевге ачылган кылмыш иши токтотулганын УКМК маалымдады.
-
Арзыбек Кожошев Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп дайындалды
-
ИИМ: 2019-жылдын 10 айында 8 миңден ашык адам кылмыш жоопкерчилигине тартылды.
- Ош шаарында кафелердин биринде массалык мушташ чыгып, 21 жаштагы жигит жаракат алды.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0