БИР БҮРКҮМ. АЖОНУН БАШКЫ ЖАН САКЧЫСЫ АЛМАШТЫ...
№893 12-18-декабрь, 2019-ж
"Кумтөрдүн" дайынсыз жоголгон 2 кызматкери 1-декабрдан бери табыла элек.
-
Санжарбек Эркинбаев УКМКнын 9-кызматынын жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Буга чейин бул кызматты Тимур Шабданбеков аркалаган.
-
Жогорку Кеңеште өлкөнүн энергетикасынын абалын иликтөө үчүн убактылуу комиссия түзүлдү.
-
9-декабрда Бишкекте жарандар ортосунда чыр чыгып, ок атышуудан 3 адам жаракат алды.
-
Таласта 16 жаштагы кызды зордуктады деп шектелип кармалган эки жаран үй камагына чыгарылды.
-
Сүлүктүдө көмүр казган шахтада газга ууланып 4 киши каза тапты.
-
Президент Сооронбай Жээнбеков 15-17-декабрь күндөрү Сауд Арабиясына расмий сапар менен барат.
-
Кыргызстанга чет өлкөдөн которулган акчанын көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу быйыл 242 миллион долларга аз.
-
Мамкаттоо: "Кыргызстанда 1 миллион 300 миң автоунаа катталган".
-
Улуттук энергетикалык холдинг: "Кышта электр жарыгын маал-маалы менен өчүрүү болбойт".
-
2019-жылдын 9 айында Кыргыз элинин саны 89 миң адамга көбөйүп, 6 миллион 479 миңге жеткени айтылды.
-
БУУ: "Кыргызстанда 308 адам өмүр бою эркинен ажыратылган".
-
Депутат Азамат Арапбаев мас абалында унаа айдагандарга айыпты 10 эсе көбөйтүүнү сунуштады. Учурдагы бул сумма 17 миң сомду түзөт.
Автандил Добулбеков
Перизат Музуратбекова
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0