Архив
1152
1153
1154
1155
1156
1157
1158
1159
1160
1161
1162
1163
1164
1165
1166
1167
1168
1169
1170
1171
1172
1173
1100
1101
1102
1103
1104
1105
1106
1107
1108
1109
1110
1111
1112
1113
1114
1115
1116
1117
1118
1119
1120
1121
1122
1123
1124
1125
1126
1127
1128
1129
1130
1131
1132
1133
1134
1135
1136
1137
1138
1139
1140
1141
1142
1143
1144
1145
1146
1147
1148
1149
1150
1151
1049
1050
1051
1052
1053
1054
1055
1056
1057
1058
1059
1060
1061
1062
1063
1064
1065
1066
1067
1068
1069
1070
1071
1072
1073
1074
1075
1076
1077
1078
1079
1080
1081
1082
1083
1084
1085
1086
1087
1088
1089
1090
1091
1092
1093
1094
1095
1096
1097
1098
1099
997
998
999
1000
1001
1002
1003
1004
1005
1006
1007
1008
1009
1010
1011
1012
1013
1014
1015
1016
1017
1018
1019
1020
1021
1022
1023
1024
1025
1026
1027
1028
1029
1030
1031
1032
1033
1034
1035
1036
1037
1038
1039
1040
1041
1042
1043
1044
1045
1046
1047
1048
944
945
946
947
948
949
950
951
952
953
954
955
956
957
958
959
960
961
962
963
964
965
966
967
968
969
970
971
972
973
974
975
976
977
978
979
980
981
982
983
984
985
986
987
988
989
990
991
992
993
994
995
996
897
898
899
900
901
902
903
904
905
906
907
908
909
910
911
912
913
914
915
916
917
918
919
920
921
922
923
924
925
926
927
928
929
930
931
932
933
934
935
936
937
938
939
940
941
942
943
844
845
846
847
848
849
850
851
852
853
854
855
856
857
858
859
860
861
862
863
864
865
866
867
868
869
870
871
872
873
874
875
876
877
878
879
880
881
882
883
884
885
886
887
888
889
890
891
892
893
894
895
896
792
793
794
795
796
797
798
799
800
801
802
803
804
805
806
807
808
809
810
811
812
813
814
815
816
817
818
819
820
821
822
823
824
825
826
827
828
829
830
831
832
833
834
835
836
837
838
839
840
841
842
843
740
741
742
743
744
745
746
747
748
749
750
751
752
753
754
755
756
757
758
759
760
761
762
763
764
765
766
767
768
769
770
771
772
773
774
775
776
777
778
779
780
781
782
783
784
785
786
787
788
789
790
791
687
688
689
690
691
692
693
694
695
696
697
698
699
700
701
702
703
704
705
706
707
708
709
710
711
712
713
714
715
716
717
718
719
720
721
722
723
724
725
726
727
728
729
730
731
732
733
734
735
736
737
738
739
635
636
637
638
639
640
641
642
643
644
645
646
647
648
649
650
651
652
653
654
655
656
657
658
659
660
661
662
663
664
665
666
667
668
669
670
671
672
673
674
675
676
677
678
679
680
681
682
683
684
685
686
583
584
585
586
587
588
589
590
591
592
593
594
595
596
597
598
599
600
601
602
603
604
605
606
607
608
609
610
611
612
613
614
615
616
617
618
619
620
621
622
623
624
625
626
627
628
629
630
631
632
633
634
531
532
533
534
535
536
537
538
539
540
541
542
543
544
545
546
547
548
549
550
551
552
553
554
555
556
557
558
559
560
561
562
563
564
565
566
567
568
569
570
571
572
573
574
575
576
577
578
579
580
581
582
479
480
481
482
483
484
485
486
487
488
489
490
491
492
493
494
495
496
497
498
499
500
501
502
503
504
505
506
507
508
509
510
511
512
513
514
515
516
517
518
519
520
521
522
523
524
525
526
527
528
529
530
427
428
429
430
431
432
433
434
435
436
437
438
439
440
441
442
443
444
445
446
447
448
449
450
451
452
453
454
455
456
457
458
459
460
461
462
463
464
465
466
467
468
469
470
471
472
473
474
475
476
477
478
374
375
376
377
378
379
380
381
382
383
384
385
386
387
388
389
390
391
392
393
394
395
396
397
398
399
400
401
402
403
404
405
406
407
408
409
410
411
412
413
414
415
416
417
418
419
420
421
422
423
424
425
426
322
323
324
325
326
327
328
329
330
331
332
333
334
335
336
337
338
339
340
341
342
343
344
345
346
347
348
349
350
351
352
353
354
355
356
357
358
359
360
361
362
363
364
365
366
367
368
369
370
371
372
373
264
265
266
267
268
269
270
271
272
273
274
275
276
277
278
279
280
281
282
283
284
285
286
287
288
289
290
291
292
293
294
295
296
297
298
299
300
301
302
303
304
305
306
307
308
309
310
311
312
313
314
315
316
317
318
319
320
321
Популярдуу макалалар
|
2020-ЖЫЛГА АСТРОТӨЛГӨ№893 12-18-декабрь, 2019-ж
Кой белгисиндегилерге Чычкан менен болгон союзу кошумча импульс берип, тоону томкоруп, карьерадан өсө алышат. Бирок кыйын мезгилде да агрессияны көрсөтпөй, адамдар менен ачык душмандашпаса гана! Айрым учурда куу болуп, айрым учурда баш ийе билүү керек. Январь жана июль ийгиликтүү убакыт. Кимдин маркетинг сферасында карьера курам же жеке ишкерлик баштайм, же жаңы ишке өтөм деген планы болсо кылчактабай киришсе болот.
![]() Каржылык маселелерди күзгө чейин чечип алуу сунушталат. Андан ары оор мезгил башталат. Жайында бирөө бир ишти сунуштап, ага акча салсаңыз көп пайда көрөрүңүздү айтып ишендиргиси келет. Макул болсоңуз акчадан кол жууп каласыз. Негизи жыл ичинде жакшы жашоо үчүн короткон акчанын ордун эки эселеп толтуруп туруу керектелет.
![]() Жыл ичинде сизди романтикалык окуялар, кызыктуу жолугушуулар, сүйүү баяны күтөт. Кээ бирлер саякатка чыгышат. Бир окуядан улам жашоодогу ордуңуз тууралуу ойлонуп, оңолууга багыт аласыз. Анткени кемчилигиңиз алаканга салгандай даана көрүнүп калат. Күзүндө ачык провокацияга туш келип, жан дүйнөңүз огунан чыгат. Чырдын башы өткөн жашооңузга барып такалат.
![]() Кой белгисиндегилер өнөкөт ооруларга аз чалдыгышат. Бирок алардын кемчилиги – кайсы бир процесске баш-оту менен кирип кетип, режим, уйку, тамак дегенди унутуп коюуда турат. Бул уйкусуздук жана депрессия менен коштолот. Андыктан ден соолукка убагында кам көрүүлөрү керек.
Күзүндө жүрөк-кан басым оорусунан жабыркагандар туура тамактанып, эмоцияга алдырбай токтоо болушпаса инсульт же инфарктка кабылуу коркунучу бар.
Жылдын башында иш же жашаган жерди алмаштыруу мүмкүнчүлүгү чыгат. Ойлонбой алмаштыра бериңиз, сиз утасыз. Илимий иштерди жазууга, курстардан окууга январдан майга чейинки убакыт ылайыктуу. Чет өлкөдө иштеп келем дегендерге жол май, июнь айларында ачылат. Туруктуу жумушу барлардын иши жыл бою жакшы болот. Карьера жасоого жылдын экинчи жарымында киришүү керек.
![]() Букачар молчулукта, ар күндүн кубанычына балкып жашоону сүйөт. Бирок чычкан жөндөн-жөн акча чачуу туура эмес экендигин жылдын экинчи жарымында далилдеп, акчадан тартып коёт. Андыктан киреше, чыгашаларды жазып-тактоону үйрөнүү зарыл. Мураска ээ болуп калуу же жаңы бизнес баштап, андан пайда табуу мүмкүнчүлүгү болот. Ноябрь-декабрда акча сарпталуучу иштерде абайлабаса күйүп кетүү мүмкүн.
![]() Өзгөрүлө баштай турган жыл. Имиджден тартып жашоо багытыңыз менен максаттарыңызга чейин түп тамырынан бери өзгөртүүнү каалап чыга келесиз. Сиз достор деп атап жүргөн адамдарга талдоо жүргүзүп көрсөңүз, арасында жакын жолоого болбой тургандары бар экенин билесиз.
Жан шеригиңиз же сүйүктүү адамыңыз менен болгон мамиле эң сонун өнүгүп отурат, болгону аны одоно мүнөзүңүз менен бузуп албаңыз. Энергиялуу болгондоруна карабастан букачарлардын жыл ичинде иммунитеттери бир калыпта болбойт. Ашказан-ичеги, бөйрөк, неврологиялык оорулардын жаралуу коркунучу бар. Андыктан туура тамактанып, сергек жашоо образын кармануу, убагында текшерилүү, дарылануу туура.
![]()
Январь айында жетекчилик же мамлекеттик органдар менен иштешүү кыйындайт. Жамаатта бөлүнүүлөр болушу мүмкүн. Февраль, мартта баары калыпка келип, иш оңой кетет. Май айында профессионалдык көрөгөчтүгүңүз өсөт. Эмнени кыялдансаңыз ишке ашырууга киришиңиз. Мүмкүн, жеке фирма ачасыз же бизнести кеңейтесиз, же карьерадан жогорулай аласыз.
![]() Май айынын аягына чейин киреше булагын түптөп алуу керек. Бул үчүн айлыгы көп жумушка өтүү ашыктык кылбайт. Банктан алынган насыя акча болсо, аны жаап, кайра албоо сунушталат. Инвестиция кылуудан эч нерсе утпайсыз, андыктан акчаны чогултуу оң. Жыл ичинде акчадан колдоо көрсөткөн адам чыгат же утушка ээ болосуз.
![]() Чымындан төө жаратпай, реалдуу жашоону ошол калыбында кабыл алууну үйрөнүңүз. Эски калыптанган эреже, тыюулар менен коштошуп, жаңы өз эрежелериңизди түзүңүз. Үй-бүлөлүүлөрдө майда чырлар жыл ортосунда чыгат. Калган учурларда жан шериги колдоо көрсөтүп, алга сүрөп турат. Айрым бойдоктор сүйгөнү менен бакыт өргөөсүнүн эшигин атташса, айрымдар үшкүрүнүп калышат. Анткени сүйүүсүн арнаган адамы башка менен убактылуу мамиле курган болуп чыгат.
![]() Январда омуртка менен муундарды, февраль жана октябрда бутту абайлабаса жаракатка кабылуу мүмкүн. Ноябрь айында энергия жана чыгармачылык азайып, депрессияга кабылтуусу ыктымал. Өнөкөт оорулар козголсо үйдө БАД жана витаминдерди ичип жата бербей врачка көрүнүү, дарылануу кажет.
![]()
Иште жана карьерада кыйынчылыктар күтүлөт. Ар кандай кырдаалга даяр туруп, маселе сиздин пайдага чечилүүсүнө жетишүүңүз кажет. Керектүү адамдарды колго алыңыз. Жаңы ишке өтүүнү пландасаңыз январдан калтырбаңыз. Сентябрда иште кетирилген каталарды сизге жүктөгүлөрү келишет. Жол бербеңиз. Олуттуу кызмат ээлеринин айрымдары жайында креслолору менен коштошот.
![]() 2020-жылы көптөн болбосо да акча дайыма түшүп турат. Аны үнөмдөп чогултуу керек. Ошондо машина алмаштырууга же баштаган курулушту аягына чыгарууга болот. Тууганга же доско жашоосу оңолсун деп бир топ акча берүүгө туура келет.
Бөйөндөр бул жылы билимин туура колдонуп, чөйрөсүн кеңейтишсе кирешесинин өлчөмү өсөт. Июль жана август айлары жеке жашоодо жагымдуу сюрприздерди сунат. Атап айтсак, күтүлбөгөн жерден саякатка чыгуу, кооптуу иштен пайда табуу, жакшы көргөн адамынын камкордугуна чулгануу. Сүйүктүүсү менен мамилеси аягына чыгып бара жатканын сезген бойдоктор аны коё берүүлөрү кажет. Эгер мамиле, тескерисинче, жакшы өнүгүп жатса, анда үй-бүлө курууну октябрга белгилөө сунушталат.
![]() Бөйөн – Айдын колдоосу астындагы суу белгиси, андыктан маанайы көбүнчө туруктуу болбойт. Чычкан жылы сезимдерин талдай билүүгө, депрессияга алдырбоого, иммунитетти көтөрүүгө чакырат. Күзүндө жана кышында бел, бөйрөк оорулары кармашы мүмкүн. Оору козголбошу үчүн оор жумуштардан качуу керек.
![]()
Карьералык жолуңузда апта сайын кескин бурулуштар чыгат, андыктан алдын ала план түзбөй туруңуз. Айлык азайса же жамаатта тирешүүлөр өссө иште кармалуунун кереги жок. Өзүңүздү башка сферадан сынап көрүңүз. Июнда жаңы иш баштасаңыз команда топтооңузга, жогорку көрсөткүчтөргө жетишүүңүзгө мүмкүнчүлүк бар. Массажист, чачтарач, кулинардык курстарды бүткөндөр жай этегинде жакшы иш орунга ээ болушат.
![]() Келишим түзүүдө, акча алып-беришүүдө ачык сүйлөшүп албасаңыз, акырында чыгым тартып каласыз. Бир туугандарыңызга жардам керек болот, зыкымданбаңыз. Ал акча башка жолдор менен кайтып келет.
Негизи бул жылы өзүнө гана ишенип иш жүргүзүп көнгөн арстандар башкалардын кеңешин уга билбесе кирешесин көбөйтүшү кыйын болот. Үй-бүлөлүү арстандар мамилелер солгундабашы үчүн аны ырааттуу өнүктүрүп кетүүлөрү керек. Болбосо ар ким өзүнүн эркиндигин сактоого, материалдык жактан көз каранды болбоого аракет кыла башташат. Бул жакшылыкка алып барбайт. Башка өлкөдөгү тааныштар конокко чакырса баруу сунушталат. Турак жай, жер тилкесин сатып алам дегендердин тилеги жыл аягында ишке ашышы мүмкүн. Бойдоктор жыл ортосунда сүйүүдөн жолдуу болушат.
![]() Жыл ичинде майлуу, күчтүү тамак-ашты көп жебей, ичкиликтен баш тартуу керек. Антпесе ичеги-карын ооруларынын жаралышы күтүлөт. Буга чейин тынчсыздандырып келген органдарды УЗИден, компьютердик томографиядан өткөрүү, дарылануу сунушталат. Жылдын экинчи жарымында боорду этияттоо керек.
![]()
Иш, карьера сиз ойлогондой болушу үчүн жамаатта өз позицияңызды бекемдеп, лидерлик сапатыңызды көрсөтүүңүз кажет. Өзгөрүүлөрдөн коркпой, кайра ага ыңгайлашуу зарыл. Сизге перспективдүү ишти сунуштоолору мүмкүн. Макул болуу кажет. Жайында иштер бир аз кыйындайт, бирок ал кырдаал кийин эмне каталарды кетирбөө керектигин эскертип берет.
![]() Кирешеңиз жылдын башынан майдын аягына чейин бир калыпта болуп, андан кийин бирде азайып, бирде көбөйүп жүрүп отурат. Бирөөнүн акчасын убактылуу колдонуп, кайра берип коём дегенден качуу керек. Анткени ордун толуктай албай чырга кабыласыз. Бат байып кетүү үчүн алдамчылыкка жеткендер өз акчаларынан да кол жууп, мыйзам менен эсептешип калышат.
![]() Жеке жашоодо кризис күтүлбөйт. Өткөн жылдан калган айрым маселелер январь айында козголушу мүмкүн. Бирок февралда мамилелер нейтралдуу болуп барып, жөнгө салынат. Жыл ортосунда романтикалуу учурларды баштан өткөрөсүз. Үй-бүлөлүүлөр жөн гана ата-эне эмес, жубайлар экендигин эске алып, бири-бирине көп көңүл буруп, доомат артышуудан оолак болуулары зарыл. Ошондо жыл ичинде бакыт эмне экендигин сезишет.
![]() Убагында эс албай көп иштөөдөн качуу, стресстердин алдын алуу кажет. Болбосо жүрөк же кан тамыр оорусунун жаралышы күтүлөт. Февраль-октябрь айларынын ичи жаракаттарга, күтүүсүз приступка кабылууга жакын. Андыктан абайлаңыз, агрессивдүү адамдарга жолобоңуз.
![]()
Карьераңыз жыл ичинде сиз ойлогондой ылдам өспөйт. Бирок жардам көрсөтүүчү адам тааныштарыңыздын арасынан чыгат. Карьерадан өсөм же айлыгым көбөйсүн дегендер иште активдүү позицияны ээлеп, түрдүү иш-чараларга катышып, көзгө урунуулары зарыл. Авантюрага аралашпаңыз. Жазында иш ордун алмаштыргандарды ийгилик коштойт.
![]() Өжөрлөнө иштесеңиз, жыл ичинде миллионер болбосоңуз да, сизге керектүү каражатты таба аласыз. Бирок бирөөлөргө ортомчу болуп карыз алып берүүдөн, жумшак сөзгө алданып карызга акча карматуудан качуу керек. Декабрда байкабастан жасалма документке туш болуп, бөөдө күйүп кетүү коркунучу бар экендигин унутпаңыз.
![]() Үй-бүлөлүүлөр январь, ноябрь айларында этият болбосо никеси туңгуюкка такалат. Жан шериктердин бири экинчисине бийлик жүргүзбөй, өзүн артыкча көрсөтпөшү керек. Бойдоктор сүйлөшкөн адамын ар тараптан сынап көргөндөн кийин баш кошпосо, никелери узакка сакталбайт. Жыл этегинде башка жакка көчүү меселеси чыгышы мүмкүн.
![]() Жылдын башында жаш балдардын уулуу суюктуктарды ичип алышынан сак болуу кажет. Жүрөк оорусу барлар дарысын ичип, убагында текшерилип турбаса приступка кабылып, өмүрүнө коркунуч туулат. Негизи жыл ичинде оорулар козголбошу жана жаралбашы үчүн чуркоого же фитнеске, же сууда сүзүүгө чымырканып киришүү керек.
![]()
Иште жыл бою чөйрөдөгү адамдардын биринин саткынчылыгынан, атаандаштардын тузагынан сак болуу сунушталат. Башкаларга караганда жакшы иштеп, кызыктуу долбоорду колго алуу зарыл. Ошондо карьерадан өсүү курмандыксыз ишке ашат. Бизнесмендер күтүлбөгөн ийгиликтерге кез келет. Болгону ишенчээктиктин айынан жаңы тааныштарга алдатып жибербөө керек. Жазында тренингдерге катышуулар күтөт.
![]() Жыл ичинде убак-убагы менен акча тартыштыгына кез келесиз. Бул пландалбаган чыгашалардан, айлыктын азайышынан, чоң нерсе үчүн топтогон акчаңызды жумшап ийгенден болушу мүмкүн. Андыктан кошумча иш караштырууга туура келет. Бирок фортуна туугандардын колдоосунан, майда олжолордон куру койбойт. Ишенген адам чогуу бизнес кылууну сунуштаса макул болуу оң.
![]() Үй-бүлөлөрдө бири-бирине таасир эте турган адам – бул жан шериги. Андыктан жан шеригине, балдарына, үйүнө көп көңүл буруусу кажет. Анткени сизди коргоочу бекем чеп болуп берчү ошолор. Үй сатып алуу же турак жай куруу планыңызда болсо июнь айында кирише бериңиз. Түгөйүн таба электер бирөөнүн сунушу же эсеп менен үйлөнүүгө жетпөөлөрү кажет. Ажырашуу күтүлөт.
![]() Жыл ичинде сизди беймазага салчу маселе – бул тиштерди оңдотуу жана салдыруу болмокчу. Февраль-март айларында ооруп калсаңыз анализиңизди 2-3 жерден текшертиңиз, диагноз коюуда врач ката кетириши мүмкүн. Жаз жана күз айларында өпкө ооруларынын кармашы күтүлүүдө.
![]()
Сиз буга чейин көп нерсеге жетиштиңиз, эми горизонтту кеңейтүүгө убакыт келди. Жакшы иштөөнү улантып, кызыктуу сунуш түшсө кабыл алыңыз. Иште позитивдүү өзгөрүүлөр болот. Мүмкүн, сизге ыңгайлуу иш графиги түзүлөт. Ноябрь, декабрь айларында ишке өтө олуттуу талаптар коюлат. Жамаатта интригалардан, чырлардан качыңыз, болбосо карьераңыз жарга такалат.
![]() Жаачылар бышык жана акылдуу экендигине карабай шериктерине же иш берген адамдарга ишене беришет. Алдаса деле тыянак чыгарышпайт. Андыктан компаниянын кызыкчылыгынан мурун айлыкты көбөйтүүнү талап кылышса, кирешеси көбөйөт. Жыл ичинде башка ишке которулуу же чет өлкөгө иштөөгө кетүү мүмкүнчүлүгү чыгат.
![]() Үй-бүлөлүүлөр каражат таап, жашоо абалын оңдоо боюнча чечимдерди кабыл алышат. Кыймылсыз мүлк жаатында келишим түзүү, турак жай сатууну артка жылдыруу керек. Айрымдар эски сүйүүсүн жандандыргысы келет, бирок роман аларды бактылуу кылып жибербейт. Эркиндикти колдон чыгаргысы келбей тырышкан бойдоктор кыйынчылыктарга туш болуп, жалгыз калышат.
![]() Жаачылар ден соолугуна жакшы көңүл бура тургандарга киргендиктен, жыл ичинде катуу ооруга чалдыгышпайт. Спорт менен машыгууда ашыкча кетпей, бут, муундарга күч келтирбөө керек. Жаачылардын аялуу органдары болуп ашказан-ичеги жана боору болуп саналат. Андыктан оорунун белгилери билинсе дароо гастроэнтерологго жөнөө керек.
![]()
Карьералык өсүүгө январдан тартып июнга чейин жакшы мүмкүнчүлүктөр бар. Харизмага жана иш тажрыйбага таянып жакшы орунга жетишүүңүз мүмкүн. Жоопкерчиликтен коркпой жаңы долбоорлорду колго алуу керек. Айтылган убактар бизнес ачууга да ылайыктуу. Июндан жыл этегине чейин иш процессине баш-отуңуз менен киришип, кирешеңизди көбөйтөсүз.
![]() Материалдык жактан кризиске туш келбейсиз. Бирок жазында киреше чектелип, акчаны үнөмдөөгө туура келет. Финансы жактан жакшы пландарды түзүп, ишке ашыра баштоо керек. Жылдын экинчи жарымында акчаны ашыкча таап, короткон акчалардын ордун толтуруп аласыз. Оңдоп-түзөө, курулуш иштерин июнда баштоо оң. Анткени материалдык жардам бере тургандар табылат.
![]() Бойдоктор июнга чейин ким менен олуттуу мамиле түзүү керектигин аныктап алуулары кажет. Үй-бүлөлүүлөр бири-бирин колдоп, ишти акылдашып жасашпаса, майда чырларга көбүрөөк кабылышат. Турак жай сатып алуу-сатуу, оңдоо-түзөө иштерин күзгө калтырыңыз, анткени орто жолдо кыйынчылыктар чыгып, аягына чыгаруу создугат.
![]() Жыл ичинде кулак жана тамактын сезгенүүлөрү чоң маселе жаратуусу мүмкүн. Андыктан ооруп калсаңыз, дартты өтүштүрүп жибербеңиз. Гастрит, ашказан жана ичеги жарасынын жазында, күзүндө курчушу күтүлүүдө. Диета кармап, врачтын көрсөтмөлөрүн так аткаруу кажет.
![]()
Жыл ичинде иштер ийгиликтүү уланат. Январдан апрелге чейин тынбай иштеп, жамаат менен мамилени бекемдеп алуу кажет. Андан ары карьера өргө жыла берет. Билим, иш тажрыйба, социалдык статусуңузга төп келчү ишке орношуп калуу мүмкүнчүлүгү чыгат. Резюмеңизди жөнөтүп, аңгемелешүүгө барыңыз, ийгилик сиз тарапта болот.
![]() Жылдын биринчи жарымында акчаны үнөмдөөгө, кошумча иш караштырууга банктан алынган насыя акча же карыз аргасыз кылат. Жылдын ортосунан баштап көп таба баштайсыз. Бирок юридикалык документтерге окуп-таанышкан соң кол койбосоңуз тапкандарыңыз чыгып кетет.
![]() Июль айында үй-бүлөдө келишпестиктер жаралат. Бул жеке жашоодо жаралган маселеден улам нервденип, үйдөгүлөргө талапчыл болуп чыга келүүдөн болушу мүмкүн. Бирок августта мамилелер калыпка келет. Жыл этегинде акча көп түшүп, бир жактарга барып эс алып келүүңүз мүмкүн. Суу куярлар эл менен бат тил табыша алгандыктан бойдоктор сүйүүдөн куру кол калышпайт.
![]() Тынбай, каржалып иштөөнүн жыйынтыгы ооруканага жеткирерин эске алып, чеги менен иштеңиз. Баарына бир мезгилде жетишүүгө мүмкүн эмес. Андыктан эс алууга убакыт бөлүңүз. Жайкысын баш оору, кышкысын болсо угуунун төмөндөшү, калкан безинин оорулары тынчыңызды алып, текшерилүүгө жеткирет.
![]()
Жыл башынан жылдын ортосуна чейин өз позицияңызда калып, колдон келген ишти жасай бериңиз. Маселелерди стандарттуу эмес жолдор менен чечип, жаңы идеяларды ойлоп табыңыз. Жылдын экинчи жарымында карьера экинчи планга жылып, үйдөгүлөргө көп убакыт коротосуз. Эгер буга чейин иштеп келген ишиңиз жакпаса, башка ишке өтө бериңиз. Карьерага жабышуунун кереги жок.
![]() Каржылык маселе тынчыңызды көп алат. Февраль айынан октябрга чейин акчага байланышкан авантюраларга макул болбоо, аралашпоо кажет. Күздүн башталышынан тартып акча туруктуу келе баштайт. Бирок чоң нерсени алууну декабрга чейин токтотуп туруу керек.
![]() Жазында үй-бүлөлүүлөрдө байкалбай келген маселелер көтөрүлүп чыгат. Чатакташпай түз отуруп сүйлөшүп чечүү кажет. Калган убактарда жашоо ойдогудай болот. Бойдоктор сүйүктүүлөрү болсо деле андан сулуу, акылдууларды издөөнү коюшпайт. Бирок мындай жоруктары билинип, жалгыз калуу коркунучу бар. Айрымдар калтырылган мурастын арты менен же ипотека боюнча үй-жайга ээ болушат.
![]() Жакшы тарабы: ден соолукта олуттуу маселе болбойт. Жаман жаңылык: эгер режимди кармабай, баш аламан тамактанса, энергия аз болуп, депрессия келип чыгат, иштер алдыга жылбайт. Жазында, жайында аллергиядан жабыркоо мүмкүн. Бул эмгек өргүүсүн пландагандан эрте алууга жеткирет.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() ![]() Талкуу жабык. |
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:
|