БИР БҮРКҮМ. АЗИМБЕК БЕКНАЗАРОВ ЭЛЧИ БОЛДУ...
№894 19-25-декабрь, 2019-жыл
Депутат Исхак Масалиев төрага Дастан Жумабековду кызматынан кетирүү боюнча фракциясына сунуш киргизди.
-
Кыргыз өлкөсүнүн Малайзиядагы элчиси кызматына Азимбек Бекназаровдун талапкерлиги Жогорку Кеңештин комитетинде жактырылды.
-
“Чек арасыз кабарчылар уюму”: "Ушул жылы дүйнө жүзүндө 49 журналист кесибине байланыштуу каза тапты, 389у камалды, 57си барымтага алынды".
-
Орусияда кыргыз мигранттары ОМОН кызматкерлеринин ур-токмогуна кабылгандыгы айтылды.
-
Орусия Кыргыз өлкөсүнө кызылча дартына каршы кайтарымсыз 100 миң доза вакцина берет.
-
ИИМ: «Кыргызстанда жыл башынан бери 18 тоннадан ашык мыйзамсыз баңгизаты табылды».
-
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: «Ачык-айкындуулук аркылуу бажыга болгон ишенимди кайтарабыз».
-
Тарых музейин реконструкциялоо иши: Сапар Исаков сот отурумуна катышуудан баш тартты.
-
ИИМ: «9 жыл аралыгында 800дөн ашуун кыргызстандык Сириядагы согушка катышкан».
-
Баткенде Кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыгып, айылдык кеңештин депутаты октон жаракат алды.
-
Парламент депутаты Зиядин Жамалдинов: «ЕАЭБге киргенибиз менен мигранттар кыйналып жатышат».
-
Конституциялык палатанын судьялыгына шайланган Кырккелди Кыдырбаев парламентте ант берди.
-
Мамлекеттик ветеринардык инспекцияга атайын долбоордун алкагында 54 автоунаа сатып алынды.
Перизат Музуратбекова
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
-1