Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

ПЕРИШТЕНИН КӨЗ ЖАШЫ (Мигранттын балдары, кичинесинен бири-бирин жоготуп алган наристелер тууралуу баян)

№894 19-25-декабрь, 2019-жыл


(Башы өткөн сандарда)

Азыр Арууке алдынан чыгат. Анан? Эмне дейт? Ага канткенде катуу сагынганын, издегенин айта алат? Жүрөгүндө коркуу турду. Тааныбай коёт деп ойлоду. Бир туруп жолукпай эле кетип калгысы келди. Өзүн колго алып экинчи кабатка көтөрүлдү. Топтошкон эл. Кимисине көз токтоторун билбеди. Акыры аты, фамилиясы менен издеп жүрүп тапты.

– Асман, сени бир жигит издеп жүрөт,- деди кыздардын бири.

– Ким экен?

– Кафедра жакта бирөөдөн сурап жатканын уктум.

– Кызык, ким болду экен?- сүйлөнүп бара жаткан Асман тык токтоп калды. Ошол учурда Айдар басып келе жаткан.

– Тетиги жигит...- кыздар кызыктуу нерсеге күбө болчудай жапырт карап калышты. Асман бою узун, кара каш, кара көз жигитке утурлай басты.

– Сиз мени издедиңизби?

Айдар тааныш үнгө жалт карады. Алдында турат! “Аруш!” деди дирилдеп кеткен жүрөгү. “Өзгөчө кыз болуптур! Көздөрү мурункудай экен. Чоңоюптур. Эч тааныбады” ушуларды ойлоп жиберди.

– Сиз мени издедиңизби?

– Издедим! Көп болду... Мен сени издеп...- дагы бир нерсе айтайын десе эле ыйлап жиберчүдөй. Эриндерин кымтый берди. Тамагына таш тыгылып калгансып, көзүнө жаш каканактап, аны токтотконго аракет кылган сайын кызарып...

– Эмнеге издедиңиз?

Өзүн колго ала албай баратканын билгенде шарт бурулду да, тез-тез басып качып жөнөдү. Эшикке чыгары менен машинесинин жанына келип энтиге дем алды. Буркурап ыйлап жиберди. Ушунча издеген карындашынын көздөрүндө чочуркоо турганы баарынан оор тийди. Унутуп коюптур! Эмне кылсын, бала болчу, өтө кичине эле деп өзүн жооткоткону менен, ичи туз куйгандай ачышып жатты. “Мени унутпайт” деген бир сокур ишеним бар эле анда. Ыйлап эс алып алгандан кийин жүзүн жууп келди. Кетип калса эле Аруукесин кайра жоготуп алчудай сезим боло берди. Ойлору менен алышып жатып карындашы сыртка чыкканын байкады. Ал кантип унаасына отурганын, от алдырып жатканын карап турду. Ар бир кыймылы тааныш болчу. Ал кыялында Аруукени дал ушундай сүйкүмдүү кыз болот деп элестетчү. Атасы да бойлуу, өзү да бойлуу болгон үчүн Аруукенин да бою узун болот деп ойлочу. Дал өзү элестеткендей болуптур. Мынакей, жапжакын турат, жүрөгүнө ушунчалык жакын, бирок жакындай албайт. Кыз жөнөгөндө аркасынан жөнөдү. Ал биринчи атасынын устаканасына барып, кийин үйүнө барды. Айдар аркасынан жүрө берди. Арууке кайсы жерлерде болот, кандай жашап жатат, эми бүт билет. Билген сайын колу-буту байланып жатканын сезди. Бактылуу болбосо да ишенимдүү, бардар, жакшы турмушта жашап жаткан экен. Мунун баарынын бырын-чырынын чыгарып кыздын жашоосун бузганга мүмкүнбү? Бактылуу жашоосу бар экен, ага чындыкты билдиргенден кийин ага ушундай жашоо бере алабы атасы экөө? Ал көнгөн жашоону, көнгөн чөйрөнү, алып көнгөн сүйүүнү бергенге мүмкүнчүлүгү жетеби? Айдар эми гана атасынын абалын түшүндү. Анын колун байлаган, тилин байлаган нерсе азыр Айдардыкын да байлап турган жокпу? А бирок кантип эч нерсе болбогондой жайына койгонго болот? Жанынын жарымы ушул шаарда жашап, ушул аба менен дем алып жатканын билгенден кийин кантип?..

Кечинде келген кебетесинен эле билди атасы. Эч нерсе сураган жок. Экөө тең ичинен тынды, бир нерсе деп сүйлөшө алышпады. Күндөр өтүп жатты. Бир күнү окуусу боюнча чет өлкөгө кетип жаткан визасында маселеси бар тизмелерди карап отуруп Сулайманова Асман деген ысымга көзү урунду.

ххх

– Кечирип коюңуз, дагы уруксатыңыз жок келдим,- деди ал Сулаймандын кабинетине катчысынын чырылдаганына болбой кирип барып.

– Айгуля, бизди жайыбызга кой,- деди токтоо гана Сулайман.

Эшик жабылды. Эки эркек бирин-бири тиктешип туруп калышты.

– Мен Аруукенин агасымын!- деди энтиккен Айдар. Тиги кишинин көзү да, жүзү да былк эткен жок.

– Кызымдын ысымы Асман!- деди токтоо гана.

– Урдум сенин асманыңды, жериңди. Ал Арууке, менин карындашым!- деди ызырынган Айдар.

– Жигит, эмоцияга алдырып жатасың.

Айдар өзүнө келе түштү. Токтоо көздөр ага акылдуу карап турду. Айдар демин басып отура калды.

– Сиз чет өлкөгө кетирип жатыптырсыз. Тизмеден көрдүм. Бизден алып качып жатканыңарды билем. Качып, кайсы жерге барасыңар? Арууке залал көрө турган адамдардын эң акыркы тизмесинде бизбиз. Бир тал чачына зыяныбыз тийбейт. Алыстан көрүп жүргөнгө да макулбуз. Ортодон 17 жыл өттү. Ал мени тааныган жок, 4 жаштагы наристенин кантип эсинде калсын? Силерди үй-бүлөм, атам-энем деп билет. Менин периштем төрт жашына чейин да ата-энесиз чоңойду. Анын эң жакыны, атасы да, энеси да мен болчумун. 10 жаштагы өспүрүм гана бар эле жашоосунда. Башка адамдарга туш келип калышы мүмкүн эле, бирок насип экен, өз кызындай караган адамдарга туш келиптир. Бир жума аркасынан жүрдүм. Анын канчалык бактылуу экенин көрдүм. Шүгүр дедим. Мен экинчи жолу анын жашоосунун таш-талканын чыгара албайм. Анчалык акмак эмесмин. Болгону качырбагыла бизден!

– Жигит, мен...

Айдар Сулайманды тике карады.

– Менин барым-жогум Арууке. Буга чейин да ошондой болчу, мындан кийин да ушундай болот. Алыстан карап жүргөнгө, алыстан коруганга макулмун. Эгерде болбой эле кетирсеңиз, аркасынан барам. Анда ал бүт чындыкты билет.

Сулайман терезени тиктеп турду. Чаңкайган көк асман. Бир булуту жок. Куду кызынын жашоосундай.

– Кызык, азыркы учурда менин барым-жогум Асман. Төрт жашында бул колдорумду кармады. Ишенимдүү жалжылдап карады. Ошол күнү мен ата болдум. Мен анын эки дүйнөдөгү атасымын. Сенден кийин периште мага аманат болду. Өз кызым да бар. Азыр мага "кимиси кымбат?" десе Асман дейт элем. Ооба, каны башка болушу мүмкүн. Бирок жаның бирге болгондо каның эмне болуп калыптыр? Кабатыр болбо, эгерде сөзүңө турсаң, атаңды да тизгиндей алсаң, мен Асманды эч кайда жибербейм.

– Сөзүмө турам.

Айдар туруп кабинеттен чыгып кетти. “Акылдуу жигит экен” деди ичинен Сулайман көңүлү тына.

ххх

– Аргасызбыз, ата, болбосо чет өлкөгө качырып жиберишет. Бир аз сабыр кылганга аргасызбыз.

– Андан кийин эмне болот?

– Билбейм, бир айласын табам.

– Дагы да өзүң чечтиң.

– Ата, койчу, бул жерде сен же мен деген сөз барбы? Биз үй-бүлөбүз. Сен же мен, айырмасы кайсы?

– Айырмасы бар, уулум! Сен аны ата болгонуңда түшүнөсүң.

– Менби? Ата болбойм мен...

– Айгерим үйдөгү телефонго жүз жолу чалды. Сага чалсам албай жатат деди. Байкуш кызды канчага чейин тызылдатасың?

– Темабыз башка азыр...

– Балким, өмүр бою бул тема бүтпөйт. Кыз сени өмүр бою күтөт деп ойлосоң жаңылышасың.

– Ата!

– Менин жаңылыштыгымды кайталаба, Айдар. Аял сүйсө өмүр бою сүйөт деген кепилдик жок. Бир күнү сенин апаңдай басып кетет. Куду мендей өмүр бою өкүнүп калба деп айтып жатам.

– Хе, силерде кайдагы сүйүү болуптур? Бириң үйлөнгөндөн кийин башканы сүйүп калыптырсың, экинчиң таарынып өз баласына да кылчайбай дүйнөнүн башка бурчуна кетип калып... Ушулбу сүйүү? Андай сүйүүгө мен анда азыр эле кол койдум да, штамп бастым. Кереги жок мага андай туруксуздуктун...

Айдар катуу кеткенин сезди да, токтоп калды. Бирок бир топко атасынын жүзүнө карай албады. Кайра кечирим сурайбы? Эмнеге? Мындай караса ата-энесине таарынычы жоктой сезилет. Бирок бир ыза бар. Тээ тереңде жүрөгүнүн бир бурчунда жаткандай. Вулкан сымал атылганга даяр турган бир чоң ызасы бар. Акылга салып ызасын басканы менен, турганы-турган. Муну азыр даана сезди...

(Уландысы кийинки санда)



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(3)
23.12.2019. 09:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Өтө аз жазылгандай....
23.12.2019. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эххх...
25.12.2019. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаман чойдунар да былжыраап,коп коптон эле жазып бутургуло да канча кишини куттуруп жатасынар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
WWW.NET.KG
Биз социалдык тармактарда: