БИР БҮРКҮМ. ЖЕМКОРЛОРДОН КАЙТАРЫЛГАН АКЧАГА МЕКТЕП КУРУЛУУДА...
№895 26-декабрь-1-январь, 2019-жыл
20-декабрда Евразия экономикалык кеңештин жыйынына барган өлкө башчынын учагы бузулуп, ал каттамдык учак менен кайтты.
-
Сооронбай Жээнбеков: "Электр энергиясы тармагында калкка кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жакшырып жатат".
-
Алайга Улуу Памирден 44 этникалык кыргыз көчүп келди, анын 24ү балдар.
-
Парламент комитетинде март айынын үчүнчү жумасын “Бак-дарактарды отургузуунун жалпы улуттук күнү” деп жарыялоо жөнүндө токтом долбоору колдоо тапты.
-
Өкмөт убактылуу айдоочулук күбөлүктүн жарактуу мөөнөтүн февралга чейин узартышы мүмкүн.
-
2020-жылдын январь айынан баштап Кыргыз-Казак чек арасындагы "Ак жол" – "Кордай" өткөрүү пункту реконструкция иштерине байланыштуу убактылуу жабылат.
-
31-декабрда чет жактан ташылып келген автоунааларга берилүүчү жеңилдетилген салыктын мөөнөтү аяктайт.
-
Укук коргоочу жана камактагы бир нече саясатчынын адвокаты Нурбек Токтакунов телефондон коркутуу болгонун айтып, милицияга арыз менен кайрылды.
-
Ошто жемкорлордон кайтарылган акчага 500 орундуу мектептин курулушу башталды.
-
Депутат Ирина Карамушкина: “Президентке импичмент жарыялоо мезгили келди”.
-
Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги: "2019-жылы кыргыз спортчулары жалпысынан 1306 медаль утушкан. Анын 442си алтын, 367си күмүш жана 497си коло".
-
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги: Өлкөдө Улуу Ата Мекендик согуштун 200дөн ашык ардагери бар.
Перизат Музуратбекова
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0