Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174   1175  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

БИР ЖУМАДА 2 КЕЛИН КҮЙӨӨСҮНҮН ТОКМОГУНАН КАЗА ТАПТЫ

№897 9-15-январь, 2020-жыл


Жыл башында күйөөсү тарабынан сабалып каза болгон эки келиндин сөөгү жерге берилди. Каргашалуу окуялардын бири Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Жаңы-Жол айылында катталса, экинчиси Баткен шаарынын Базар-Башы кварталында болгон. Коомчулук социалдык тармактарда "аялдарга карата зомбулукка жазаны күчөтүү керек" деген пикирлерин байма-бай жазышууда. Укук коргоо органдары эки окуя тең үй-бүлөлүк чырдан келип чыккан деген маалымат таратты. Биз окуянын чоо-жайын териштирип көрдүк.

«ШЕКТҮҮ 2 АЙГА КАМАККА АЛЫНДЫ»

Баткен ОИИББинин маалымат кызматы аялын сабап өлтүрүүгө шектелип кармалган жаран 2 айга камакка алынганы тууралуу маалымат таратты.

– 2020-жылдын 4-январына караган түнү саат 01:00 чамасында Баткен ОИИББинин нөөмөт бөлүмүнө «Тез жардам» кызматкерлери Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө 1993-жылы туулган келиндин жансыз денеси жеткирилгенин кабарлашкан. Ыкчам тергөө тобу облустук ооруканага барып, маркум Н.А. аттуу келин экенин аныктап, денесине кароо жүргүзүшкөн. Текшерүү учурунда маркумдун колу-бутунда күйүктөн улам этинин териси шылынган жаракат бар экенин аныкташкан.

Маалым болгондой, окуя 3-январь күнү саат 18:30да Баткен шаарынын Базар-Башы кварталында катталган. Анда 1989-жылы туулган Ш.С. аттуу тургун менен 7 жылдан бери чогуу жашап келген аялынын ортосунда чыр чыгып, анын кесепетинен келин каза болгон.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 130-берене (киши өлтүрүү) менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Кылмышка шектелип кармалган жаран алгачкы көрсөтмөсүндө аялы менен кер-мур айтыша кетип, сабап койгонун айткан. Шектүү 2 айга камакка алынды.

«КАРЫНДАШЫМДЫ ЭСИНЕ КЕЛТИРҮҮ ҮЧҮН КАЙНАК СУУ КУЮШУПТУР»

Маркумдун сөөгү өзү туулуп-өскөн айылында жерге берилди. Анын бир тууган агасы окуя кандай болгонун айтып берди:

– Карындашым ошол күнү төркүндөп бизге келмек. Балдары менен түштө тамактанып отурганда күйөө бала «жүргүлө, силерди таенеңерге алып барам» дептир. Ошол күнү апама айтып, «келет бекен, билиңизчи?» деп телефон чалганбыз. Чалсак күйөө бала «жол тайгак экен, машинанын дөңгөлөгүн алмаштырыш керек эле. Ошол ишти бүтүрүп келейин, анан алып барам» деди. Телефондон ошентип айтканын өз кулагым менен уккам. Анан биздин айылга жөнөшүптүр. Жарым жолго жеткенде унааны токтотуп, бычак алып чыгыптыр. Бычак менен карындашымды коркутуп «союп салам, бутуңду кесип таштайм» деген сөздөрдү айтыптыр. Мунун баарын 6 жашка чыгып калган кызы айтып берди. «Эмнеге антип айтты? Апаң бир нерсе дедиби?» десем, «апам эч нерсе деген жок. Атам бизди да урушмак, ошого коркуп унчукпай отурдук» дейт кызы.

Айылдан чыгып тоолордун арасына, ээн жерге жеткенде карындашымды машинанын айнегине сүздүрүп уруптур. Ошол жерден карындашымдын мурдунан кан кетиптир. Кайра үйүнө алып барып, дагы сабаптыр. Ал арада Шухраттын (ред.: маркум келиндин күйөөсү) ата-энеси жана атасынын иниси үйгө келип калышкан экен. Алар «эмнеге урушуп жатасыңар?» дешсе «силер аралашпагыла!» деп тыйып коюптур. Ошонун баарын көрүп туруп алар да эч нерсе дебей чыгып кетишиптир.

Карындашым сулк жыгылганда аны жерге жаткырып, үстүнө төшөк жаап «бир жакка барып келишим керек» деп үйдөн чыгып кетиптир. Кайненеси менен кайнатасы кирип, аны эсине келтириш үчүн үстүнө кайнак суу куюп жиберишиптир. Карындашымдын буттары күйүп, эбак жаны үзүлүп кеткен экен. Кайненеси кофе ичиргенге аракет кылыптыр. «Доктур келип апамды «өлүп калыптыр» деп ыйлады» деп айтып берди кызы.

Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында карындашым башынан катуу жаракат алганы, 3-4 кабыргасы сынганы аныкталды. Азыр кызы биздин үйдө, уулдары атасынын туугандарында калды. Негизи күйөө баланын бир аз орой мүнөзү бар эле. Карындашыма ала качып үйлөнгөн. Буга чейин да карындашымды 1-2 жолу сабаптыр. Ал аз келгенсип кайнатасы да сөккөн экен.

«КҮЙӨӨСҮ МУРДА КАМАЛЫП ЧЫККАН»

Маркум келиндин атын атагысы келбеген кошунасы буларды айтып эскерди:

– Маркум кыйынчылыкка, жокчулукка чыдаган аябай сабырдуу келин болчу. Балдары удаа төрөлдү, аралыгы бир жаштан. Бейиши болгур, бирөөнү ушактабаган, жөнөкөй, ичинде кири жок келин эле. Адам менен мамилеге бекем болчу. Маал-маалы менен балдарын кайненесине калтырып, Орусияга барып иштеп келип турчу. Күйөөсү экөө чогуу кетип иштеп келишчү, үй салып, дубалын тургузуп коюшкан.

Эми үй-бүлөдө казан-аяк кагышпай койбойт да, кыйкырык-өкүрүктөрдү угуп калчубуз. Бирок келин эч кимге арызданбай, балдары үчүн жашап жүргөн. Билишимче, күйөөсү мурун зордуктоого шектелип камалып чыккан. Келиндин милицияга арыз жазуу оюна да келбеген жөнөкөй адам эле. Балдарына жаман болду, 2-4 жаштагы чүрпөлөр да. Шухраттын апасы аябай жакшы адам. 3 ай мурун эң кичүү уулунан айрылган эле. Бул окуя үй-бүлөсүнө оор сокку болду.

«КАРАКУШ МЭЭГЕ ТЭЭП ЖИБЕРГЕМ»

Ушундай эле каргашалуу окуя Кочкор районуна караштуу Жаңы-Жол айылында 1-январга караган түнү катталды. Нарын ОИИББинин маалымат кызматы окуя тууралуу төмөндөгүчө маалымат таратты.

– 2020-жылдын 1-январга караган түнү, саат 00:40 чамасында Кочкор РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Кочкор районунун "Тез жардам" бөлүмүнүн фельдшеринен кабар келип түшкөн. Анда ал «Жаңы-Жол айылынын тургуну 1983-жылы туулган Ж.С. аттуу келинди үйүнө көрөлү деп барганыбызда келин каза болуп калыптыр» деп айткан. Бул факты Кочкор РИИБинин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Окуя болгон жерге барышкан ыкчам тергөө тобу 37 жаштагы келин үйүнүн уктоочу бөлмөсүндөгү диванда чалкасынан жаткан абалда көрүшкөн. Жансыз дененин сыртынан кароо жүргүзгөндө оң көзү, чыкый тарабы көгөргөндүгү байкалган.

Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө маркум жолдошу менен акча тууралуу пикир келишпестиктен улам уруша кетишкени белгилүү болду. Күйөөсү аялын эки жолу жаак тушка муштум менен чаап, андан соң каракуш мээге тээп жибергенин айтып берди. Маркумдун сөөгүнө соттук-медициналык экспертиза дайындалып, бүгүнкү күндө сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүүдө. Учурда келиндин күйөөсү камакта. Тергөө жүрүп жатат.

Бул окуя боюнча үй-бүлөнүн айылдаштарына байланышканыбызда, аты-жөнүн атагысы келбеген маркумдун айылдашы төмөндөгүлөрдү айтып берди:

– Маркум 1983-жылы туулган. Жолдошу андан бир жаш улуу. Келиндин мурунку никесинен 1 уул, 1 кызы бар болчу. Азыркы жолдошу экөөнүн уул-кызы бар. Кырсык болордон 2-3 ай мурун маркумдун жолдошу кант диабетине кабылганын билип, намаз окуп жүргөнүн укканбыз. Жаңы жылга жакын спирт ичимдигин ичип алган экен.

1-январь түнү маркум менен жолдошунун ортосунда жетпеген турмуш, акчанын тартыштыгынын айынан уруш чыгыптыр. Ошондо жолдошу мастыгы менен моюнуна аркан илип, жубайын "өлөм" деп коркутуптур. Келин жолдошунун асынып алышына жол бербептир. Күйөөсү кызуу кандуулук менен "өлгөнгө мүмкүнчүлүк бербейсиң" деп аялын үбөлүк менен башка чапкан экен. Келин ошол эле жерден мерт кеткенин дарыгерлер аныкташкан. Күйөөсү каза болуп калган аялынын кан болгон кийимдерин чечип, келинди жуунтуп, кошуналарын чакырган. Милиция кызматкерлери келгенде үйдөн арак жана келиндин кан болгон кийимдери табылган. Ал эми балдары ошол маалда келиндин төркүнүндө болгон. Ага чейин келин күйөөсү арак ичип алганына нааразы болуп, балдарын ээрчитип төркүнүнө кетип калыптыр. Бирок ошол каргаша болгон түнү жолдошу "чогуу конокко барып келели" деп келинди чакырып алыптыр. Келин таттуу токочторду жасоочу жайда иштечү. Ал эми жолдошу ар кимдин жумушун жасап берип жүргөн, иштерман эле жигит болчу.

Каза болгон келиндер буга чейин да күйөөлөрүнөн зомбулук көрүп келишкени менен, бир да жолу укук коргоо органдарына арыз жазып кайрылышкан эмес. Көп учурда кыз-келиндер «эл укса уят» деген стереотиптин айынан өз укуктарын коргобой, зомбулуктун курмандыгына айланып жатышканы өкүнүчтүү. Адам өмүрү элдин кебинен артык экенин унутпасак.

Айпери Хожаева
koom@super.kg



Бакыт күтүп баргандар күйөөлөрүнүн токмогунан каза болушту

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Батырбек Зарлыков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -2 
Комментарийлер(15)
13.01.2020. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Алсыз эркек аял затына кол көтөрөт. Боорум ооруп кетти балдарды жетим кылып койнунда жаткан аялыңа да кол көтөрөсүнбү балдарыңдын апасы болсо сенин бар жогуңа чыдап жашап жатса. Эхх жаткан жайлуу болсун.
13.01.2020. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Айланайын келиндер күйөөңор кол көтөргөн болсо сразу милицияга арыз жазгыла, эл эмне дейт дебей. Жок дегенде тируу каласынар. Сабаса болот экен деп сабай беришип, өлтүрүп алышып атат. Балдарынар жетим калбасын десенер убагында кайрылгыла. Эркектерибизге болсо сөз жок.
13.01.2020. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кол көтөрсө милицияга жазгыла дегендер да жазбасаңар керек !?Ушул убака чейин уга элекмин баланча күйөөсүнүн үстүнөн арыз жазыптыр эле жакшына жашап калыптыр дегенди.Эээң жакшысычы бир эле жолу кол көтөрсө эркек бир тууганыңарга айтып өпкөсүн үздүрүп койгула.Бирөөнүн айдай кызына кантип кол көтөрүшөт десең акмактар.Оо дүйнөдө ар бир тамчы көз жашыбызга жооп бересиңер ал жагын да ойлонгула.
16.01.2020. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nevestkaa,биз жакта бироо каматып жиберген кцйоосун. Анан турмодон чыгып келип ,кайра жашап калыштыго чогуу
13.01.2020. 22:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
6 миллионго аран жетип,андан кийин канчасы коз жумду.Урматтуу кыргыздын эркектери биз 20миллион же андан коп эмеспизго.Неге мынча алсызсынар!Ар бир кыргыз аялын барктап,кадырласанар,биз да силерди сыйлап кобойсок болот элего! Эркекти хан кылган да,жок кылган да аял деп макалга таянып алып,анан бут уйбулодогу милдетти аялзатына жуктоп коюп чекеден кырылып,башка улуттан аял алып,эрге тийип кетип атабыз.Бул турушта кыргыздын баркы калбайт,жоголуп кетебиз!80%Уйбулону камсыздап башкаруу силерден
13.01.2020. 22:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Gulzat-88,коз каранды.Аял эркекке баш ийиш керек дейсинер,ошого татыктуу болгула!
13.01.2020. 22:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Милицияга арыз жазсаң үй бүлөөгө киришпейбиз деп кускуңду келтирет да органдар...Качан гана өлүп калганда камап,соттомуш болушат.Убагында чара көрүлсө го мындай болбойт...
13.01.2020. 23:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Аял олду, кут кетти, эр сорой камакта, балдар байкуштар ар кимдин эшигинде калды(((((бир аял торт беш баласын кайыр сурап болсо да багып алышы мумкун, бирок, бир эркек беш алты баланы эпетей албайт эч качан!Келиндерге бейиштен орун тилейм, зоокурлорго азап!
13.01.2020. 23:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Өзүңөрдү өзүңөр сыйлагылачы! Элестетип алып денем дүркүрөп кетти (((
14.01.2020. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ошонун баарын коруп турган кичинекей кызга боорум ооруп жатат. Канынан жаралган балдарын дуйного алып келген озунун аялын сабап олтургон эркектин коомго пайдасы тиймек беле? Эээхх байкуш аялдар, алсыздыгынын азабы да
14.01.2020. 21:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кайненеси каяктан жакшы болот,олгон келинине кайнаган сууну жаба куйган адам жакшы болобу ??? Тобооо. Кудай эч кимдин башына салбасын мындай балакетти. Ар бир айымга бакыт каалайм.
17.01.2020. 21:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
katerina.li,анан ушул аялдан баласы кандай туура тарбия алмак эле? Балдарга тарбияны көбүнчө энелер берет деп ойлойм. Себеби энелер балдар менен көбүрөөк жанында болушат да.
SUPER.KG видео
15.01.2020. 20:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азыркы эркектер ушундай болуп калды кызыл камчы азыр аялдар озун коргонду уйронбосок токмок жеп олуп кете беребиз эркектер соз которо албай катын болуп калышты
SUPER.KG видео
15.01.2020. 20:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эшек болуп баратасынар колумдан келсе эркектердин баарын атып салмакмын кимдин куйосу кол которсо атмакмын ушундай мыйзам киргизгиле 2 жолу урдубу 3 жолу урса анда атууга кетириекмин ошондо олгондон коркуп муштумун которуп кыйын болбой ###### мин жерден кысмак
16.01.2020. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Күйөөгө тийгим деле келбей калды мындайды окуп. Мыкаачы желмогуздарды асып эле өлтүрүп салыш керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
WWW.NET.KG
Биз социалдык тармактарда: