Архив
1152
1153
1154
1155
1156
1157
1158
1159
1160
1161
1162
1163
1164
1165
1166
1167
1168
1169
1170
1171
1172
1173
1100
1101
1102
1103
1104
1105
1106
1107
1108
1109
1110
1111
1112
1113
1114
1115
1116
1117
1118
1119
1120
1121
1122
1123
1124
1125
1126
1127
1128
1129
1130
1131
1132
1133
1134
1135
1136
1137
1138
1139
1140
1141
1142
1143
1144
1145
1146
1147
1148
1149
1150
1151
1049
1050
1051
1052
1053
1054
1055
1056
1057
1058
1059
1060
1061
1062
1063
1064
1065
1066
1067
1068
1069
1070
1071
1072
1073
1074
1075
1076
1077
1078
1079
1080
1081
1082
1083
1084
1085
1086
1087
1088
1089
1090
1091
1092
1093
1094
1095
1096
1097
1098
1099
997
998
999
1000
1001
1002
1003
1004
1005
1006
1007
1008
1009
1010
1011
1012
1013
1014
1015
1016
1017
1018
1019
1020
1021
1022
1023
1024
1025
1026
1027
1028
1029
1030
1031
1032
1033
1034
1035
1036
1037
1038
1039
1040
1041
1042
1043
1044
1045
1046
1047
1048
944
945
946
947
948
949
950
951
952
953
954
955
956
957
958
959
960
961
962
963
964
965
966
967
968
969
970
971
972
973
974
975
976
977
978
979
980
981
982
983
984
985
986
987
988
989
990
991
992
993
994
995
996
897
898
899
900
901
902
903
904
905
906
907
908
909
910
911
912
913
914
915
916
917
918
919
920
921
922
923
924
925
926
927
928
929
930
931
932
933
934
935
936
937
938
939
940
941
942
943
844
845
846
847
848
849
850
851
852
853
854
855
856
857
858
859
860
861
862
863
864
865
866
867
868
869
870
871
872
873
874
875
876
877
878
879
880
881
882
883
884
885
886
887
888
889
890
891
892
893
894
895
896
792
793
794
795
796
797
798
799
800
801
802
803
804
805
806
807
808
809
810
811
812
813
814
815
816
817
818
819
820
821
822
823
824
825
826
827
828
829
830
831
832
833
834
835
836
837
838
839
840
841
842
843
740
741
742
743
744
745
746
747
748
749
750
751
752
753
754
755
756
757
758
759
760
761
762
763
764
765
766
767
768
769
770
771
772
773
774
775
776
777
778
779
780
781
782
783
784
785
786
787
788
789
790
791
687
688
689
690
691
692
693
694
695
696
697
698
699
700
701
702
703
704
705
706
707
708
709
710
711
712
713
714
715
716
717
718
719
720
721
722
723
724
725
726
727
728
729
730
731
732
733
734
735
736
737
738
739
635
636
637
638
639
640
641
642
643
644
645
646
647
648
649
650
651
652
653
654
655
656
657
658
659
660
661
662
663
664
665
666
667
668
669
670
671
672
673
674
675
676
677
678
679
680
681
682
683
684
685
686
583
584
585
586
587
588
589
590
591
592
593
594
595
596
597
598
599
600
601
602
603
604
605
606
607
608
609
610
611
612
613
614
615
616
617
618
619
620
621
622
623
624
625
626
627
628
629
630
631
632
633
634
531
532
533
534
535
536
537
538
539
540
541
542
543
544
545
546
547
548
549
550
551
552
553
554
555
556
557
558
559
560
561
562
563
564
565
566
567
568
569
570
571
572
573
574
575
576
577
578
579
580
581
582
479
480
481
482
483
484
485
486
487
488
489
490
491
492
493
494
495
496
497
498
499
500
501
502
503
504
505
506
507
508
509
510
511
512
513
514
515
516
517
518
519
520
521
522
523
524
525
526
527
528
529
530
427
428
429
430
431
432
433
434
435
436
437
438
439
440
441
442
443
444
445
446
447
448
449
450
451
452
453
454
455
456
457
458
459
460
461
462
463
464
465
466
467
468
469
470
471
472
473
474
475
476
477
478
374
375
376
377
378
379
380
381
382
383
384
385
386
387
388
389
390
391
392
393
394
395
396
397
398
399
400
401
402
403
404
405
406
407
408
409
410
411
412
413
414
415
416
417
418
419
420
421
422
423
424
425
426
322
323
324
325
326
327
328
329
330
331
332
333
334
335
336
337
338
339
340
341
342
343
344
345
346
347
348
349
350
351
352
353
354
355
356
357
358
359
360
361
362
363
364
365
366
367
368
369
370
371
372
373
264
265
266
267
268
269
270
271
272
273
274
275
276
277
278
279
280
281
282
283
284
285
286
287
288
289
290
291
292
293
294
295
296
297
298
299
300
301
302
303
304
305
306
307
308
309
310
311
312
313
314
315
316
317
318
319
320
321
Популярдуу макалалар
|
БЫЧАК МИЗИНДЕГИ ЖАШОО (Тынч жашоосу күтүүсүз бузулуп, Казакстанда оор күндөрдү баштан кечирген жигиттин жашоосу тууралуу сериал)№897 9-15-январь, 2020-жыл
– Таба алышпайт! Издешсе да эртең менен издешет, Карагандадан жетип келиш оңой дейсиңби? Ага чейин Болаттар да келип калар. – Демек, жетишебиз. Касым, Сейит экөөң жолду байкаштыргыла. Бороон токтогону калды, кумдан көп эле кылып чачып салгыла, шамал басылгыча унаанын изин жаап калсын. Тездеткиле! Аман, ме кагаздарды, эртең Кайнарга барып факс менен шефке жөнөтүп коёсуң. Азыр ороонун ачкычын алып келип, Касымдарга жардам бер. Баары туш тарапка кетип, фурада эч ким калбады. Тапанчамды даяр кармап кабинанын эшигин тартсам ачык экен, илгиртпей ичине кирдим. Айдоочу Игорь менен шериги кабинанын арткы бөлүгүндө, колу-буту байланып жатыптыр. Ооздоруна чүпүрөк тыгып, сыртынан жоолук менен таңып салышыптыр. Көздөрү алайып онтоп жатышат. Мени көрүп тыбырчылап булкуна башташты. Бардачокту ачсам зым кырккан ат тиш бар экен, жиптерди кырчып биринчи Игорду бошоттум. – Тез айда, кеттик! Жыгач дарбаза экен, сүзүп чыга бер,- дедим шаштырып. Тапанчамды алып, арттан кууп келчүлөргө каршы турууга даярданып калдым. Фура от алды. Игорь семиз болгону менен, шамдагай экен, көз ачып-жумганча унааны ордунан жылдырып дарбазаны сүзүп чыгып кетти. Короонун сыртында бирөөсү араба кармап, экинчиси күрөк менен жолго кум сээп жаткан экен. Эмне болуп кеткенин түшүнбөй элейип калышты. – Оңго бур, катуу айда мүмкүн болушунча,- деп Игорго кыйкырып, айнектен башымды чыгарып артты карап келаттым. Игордун шериги Денис деген жыйырма жаштагы бала, коркуп калыптыр. – Игорь, куралың барбы? Игорь отургуч тарабын сыйпалап эски "ТТ" алып чыкты: – Толук магазини менен. – Денис, азыр артыбыздан кууп келишет, атып көргөнсүңбү? "Жок" деп баш чайкады. Игорь рулду Дениске берип, мага карады: – Самат, сен кабинанын үстүнө чык. Фильтрдин трубасын кармап алсаң жыгылбайсың. Мен айнектен карайын, алдыбыздан чыгышса мен атам. Коркпо, түзүк эле атам. Артты сен карайсың, аларды жакын келтирбесең эле кутулуп кетебиз. – Макул, бурулчу жерге жеткенде кабинанын үстүн тебем, ошол жерден оңго бурулуп талаа менен айдай бересиңер. – Адашпайбызбы? – Келатканда улам саатты карап келгем, ошол убакыт менен жүрсөк трассаны таап чыгабыз буюрса. Талаага кирип кетсек, мүмкүн, таппай калышар. Айдай бер, калганын көрөбүз. Рацияны текшерип тур, Арсен деле жетип келчү убакыт болуп калды. Кабинанын үстүнө чыгып, фильтрдин трубасын кармап бараттым. Шагыл жолдо он жети мүнөт жүргөн соң оңго бурулуп, ээн талаага кирип кеттик. Бороон басылганы менен, кара суук сөөктү какшатат. Сур булут тарап, айдын жарыгында айлана кыйла көрүнүп калды. Тааныш жерлер көзгө учурабайт, талааны тең жарып түптүз кетип бараттык. Аңгыча каптал жактагы чакан дөбөнүн артынан эки машинанын жарыгы күйүп, түз эле бизди көздөй жөнөдү. Бирөөсү Москвич, бирөөсү УАЗ экенин жазбай тааныдым. Тапанчаны алганга оңой деп коюнума салып алган элем, аны алып чыккыча Игорь аткылап баштады. Сегиз жолу ок атылып, эки машине тең жарыктарын өчүрдү. Бирөөсү бурулуп артка кетти, экинчиси ошол жерге токтогон бойдон жылган жок. Артыбыздан куушпады. Бир аз жүрүп тээ алыстан машиналардын жарыгы көрүнүп калды. Ошол тарапты көздөй бурулдук. Талаа тегиз болгондуктан, катуу ылдамдыкта тез эле трассага чыктык. Рациядан байланышкан окшойт, Арсендин машинасы заматта жетип келип фуранын алдына өтүп токтоду. Игорь эшикти ачып, мага кыйкырды: – Эй, каскадёр, түш эми отура бербей. Аңгыча Арсен унаадан түшүп басып келди: – Эмне болдуңар, баарыңар аман-соосуңарбы?- деп мени кучактады. – Тоңуп калыпсың го,- деди да машинадан бир бөтөлкө арак алып келип стаканга куюп мага сунду. – Ме, алып жибер. Аңгыча Кани Тойотасы менен жетип келди. Рустам, Арсендин машинасындагы эки бала да келип, биринчи эле мени менен кучакташып, ал-абалымды сурап калышты. Мен үчүн кыжалат болушканы даана байкалып турду. Төрт ай мурун булар менен жакын достошуп кетем деп элестете албайт болчумун. Көпкө турган жокпуз. – Болду, кеттик, Самат, жүр менин машинама. Игорь, айда, калганын барганда сүйлөшөбүз. Шашпай айдай бер, эми эч ким тийише албайт бизге,- деди Арсен ишенимдүү. Машиненин арткы орундугуна отуруп, эми эшигин жабайын деп жатсам Игорь чуркап келди: – Эй, каскадёр, сен товарды эле эмес, мени да сактап калдың. Сен куткарып кетпесең, кийинки жашоом эмне болот эле, бир Кудай билет. – Каскадёр?- деп Арсен күлдү. – "Форсаж" фильмине тартылбадың беле? Кебетең, ким эле жанагы, Вин Дизелге окшош. Ошол сен болсоң айта бер. Мага автограф эле берсең болду,- деп каткырып калды. Үшүп калган жаным жылуу жерге киргенде талыкшып уйкуга кеттим. Ошол бойдон Карагандага жеткенде гана ойгондум. Арсен базага кирип кетип, жыйырма мүнөттөн кийин чыкты. Келип рулдагы Рустамга буйрук бере сүйлөдү: – Орманга айда. Самат, шеф ошол жерге келип турат экен, сени менен сүйлөшөм дейт. Эр жүрөк экенсиң, кантип коркпой өзүң жалгыз бардың? Атып салышат деп коркподуңбу? – Шарт ошондой болуп калды. – Сенде дайыма эле шарт ушундай боло береби?- деп тамашалап калды. Адыл аганын бөлмөсүнүн оозунда эки жигит туруптур. "Күтүп тургула, азыр кишилер чыгышсын" деди бири. Көп өтпөй бөлмөдөн күрсүйгөн төрт жигит чыгып кетишти да, эшик оозунда турган эки жигиттин бири ичкери кирип эле кайра чыкты: – Самат, сен кир. Арсен, сени бир аз күтүп турсун дейт,- деди. Адыл ага ордунан туруп келип учурашып, далымдан таптады. – Рахмат, иним, иш деп өмүрүңдү тобокелге салыпсың. Унутпайбыз бул кызматыңды. Эми кандай болгонун майда-чүйдөсүнө чейин айтып бер мага. Болгонун болгондой, эч нерсени жашырбай айтып бердим. Адыл ага адамды укканды билет экен, сөзүмдү бир да жолу бөлбөй кунт коюп угуп отурду. Мен айтып бүткөндө гана мындай деди: – Самат, эми сөз мындай. Болгон окуяны жан адам билбесин, билген балдарга да эскертилди, алардан сөз чыкпайт. Сен да эч кимге ооз ачпа, макулбу? Эртең эмне болот, айтыш кыйын. Түшүндүң да? – Түшүндүм. – Макул анда, барып эс ала бер. Бир жума эс ал, акчасы төлөнөт. Кааласаң үйүңө, Кыргызстанга барып кел, жол кирең бизден болот. – Бул жакта эле болом го. – Макул, өзүң бил. Арсенди чакырып кой, кирсин. Адыл аганын бөлмөсүнөн Арсен беш мүнөттө чыкты. Көңүлү ачык, жайдары негедир. Мага "кеттик" деп башын ийкеп, экөөбүз Касен агага барып акчабызды алдык. Арсен сүйлөбөйт, суроо берсем укмаксан болуп баратты. – Ой, эмне болду сага? Кишиге жооп бербей калыптырсың?- дедим чыдабай кетип. – Сен чоңдор менен сүйлөшкөнгө жашсың али. Качан мурдуңду таза аарчыганды үйрөнгөндө гана сүйлөшөм, ага чейин мага тоскоол болбо,- деп каткырып койду. Тамашалап жатканын билип унчукпадым. "СТО" деген жазуусу бар темир дарбазадан кирип токтодук. – Жүрү, балам, сага машина алып берейин,- деп бир имаратка алып барды. Алты машина турат, усталар иштери менен алек. Чакан бир бөлмөдө көз айнекчен орус киши отуруптур. Арсен аны менен эски таанышындай учурашып, мени көрсөтүп калды: – Ушул иниме машина алып берейин деп келип калдым, жакшысынан бирди тандап бериңиз. "Агам алып берди" деп минип жүрсүн. Тиги да Арсенди жарым сөздөн түшүнөт өңдүү. Унчукпай ордунан турду да, эшиктен бирөөгө кыйкырып калды. – Валек, кирчи бери. Валек орто бойлуу сапсары бала экен. Келип тапшырма күтүп туруп калды. – Валек, жанагы Хундайды бир сыйра текшерип, дарбазадан чыгарып бер,- деп столдогу кагаздарына үңүлдү тиги киши. Арсен болсо мени капталдан нукуп калды: – Баягыда сага айттым эле го, бир немис чал бар, куралдарыбызга машиненин ичинен жашыруун жай жасап берет деп. Ошол ушу. Арсен жана "иниме машина алып берем" дегенде эле түшүнгөм. Көрсөткөн кызматым үчүн сыйлык катары машина белек кылышат экен да. Дарбаза ачылып, кара түстөгү, терезелери да караңгылатылган машина алдыбызга келип токтоду. – Техпаспорт, керектүү документтери бардачокто. “Тайникти” да көрүп алгыла,- деп калды. Спидометрдин жанындагы бураманы бурап, бери тартса ачылат экен. Ичине бир тапанча бата турган жай жасалыптыр. Шумдук! Ал жерге тапанча жашырса болот деп эч кимдин оюна келбесе керек. Немис чалдын кыйын экенине ынанбаска арга жок эле... (Уландысы кийинки санда) "Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(4)
bulathan
![]()
13.01.2020. 09:18
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
форсаждын кадрларын эске салды. красс
suban78
![]()
13.01.2020. 16:18
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Даана боевик турбайбы. Ушул автордун чыгармалары аябай кызыктуу да, атып кетмей, уурдап кетмей, тоноп кетмей бут эле
akmanai
![]()
18.01.2020. 18:46
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Саламатсыздарбы Супер Инфо жааматы. Сиздерге сунуш. Уже январь бутуп баратат. Жакында ЖРТге каттоо башталат. Копчулук окууга тапшыра тургандар айрыкча мурунку жылдары бутуп кеткен бутуруучулор жайга чейин шашпай журуп каттоого кечигип калышат. Себеби маалымат жетиштуу эмес. ЖРТ тестке катоо деги боюнча кенен маалымат чыгарсаныздар копчулуко пайдалуу болмок. Мурун да жазгам ушул темада. Тиешелуу болумго жетти деп ошо менен жок уже жыл болду окшойт.
admin_portal
![]()
20.01.2020. 10:40
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
akmanai, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:
|