Кыргыз жеринде өспүрүмдөрдү интернеттеги зыяндуу видеолордон коргоо демилгеси кайра көтөрүлүүдө. “Улуу Кыргызстан” партиясынын Чүй облусу боюнча өкүлү Азамат Мусакеев демилгени Кыргыз эли активдүү колдоп жатат дейт: “Бул демилгени “Кыргыз эл” коомдук бирикмеси менен бирге көтөрүп чыкканбыз. Тийиштүү мыйзам долбоорун киргизүү үчүн 10 миң жарандан кол топтолушу керек экен. Биз аймактарды кыдырып 2 жумада эле 25 миң кол топтой алдык. Ата-энелер “балдарыбыз көз алдыбызда эле жаман видеолорду көрүп отурушат, жакшы демилге экен” деп жапырт колдоп жатышат. Балдарды интернеттеги уят, зордук-зомбулук камтылган видеолордон чектөө керек, бул балдардын келечеги үчүн зарыл”,- дейт Мусакеев. “Балдарды алардын ден соолугуна жана өнүгүүсүнө зыян тийгизе турган маалыматтардан коргоо жөнүндө” мыйзам долбоору 2019-жылы парламент депутаты Гүлшат Асылбаеванын сунушу менен коомдук талкууга коюлган. Бул мыйзам долбоору өспүрүмдөрдү интернеттеги 18+ контентинен чектөө аракети. Мыйзам долбоору колдоо тапса, балдарды жаш курагына ылайыксыз маалыматтардан коргоого жооптуу орган аныкталат, өспүрүмдөрдүн ден соолугуна зыян тийгизчү маалыматтарды жаш куракка карап чектөө, аларды жайылтууну көзөмөлдөө, мыйзамдын иштешин камсыздоо жолго коюлат деп күтүлүүдө.
Перизат Музуратбекова
politika@super.kg