Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

ТҮШТҮК КОРЕЯДА ИШТЕГЕН МИГРАНТТАР ОРТОМЧУГА АЛДАНЫП КАЛГАНЫН АЙТЫП ЧЫГЫШТЫ

№899 23-29-январь, 2020-ж.


Ар бир мигранттын өзүнчө тагдыры бар. Кыргыз маалымат айдыңында Түштүк Кореяда иштеп, "тапкан акчамды ортомчу аялга алдатып жибердим" деп арызданган жарандардын тобу тууралуу маалымат тараган. Дал ушул мигранттардын, ошондой эле аларды алдап кетти деп айыпталып жаткан аялдын да пикирин угуп көрдүк.

Улуттук банктын берген маалыматына таянсак, 2019-жылдын январь айынан тартып август айына чейин чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн эмгек мигранттары Кыргызстанга 1 миллиард 570,5 миллион доллар которгон.

2017-жылы Кыргызстан ички дүң продукциясын сырттан которулган акчанын эсебинен толтурган мамлекеттердин ичинен дүйнө жүзү боюнча 1-орунга чыккан. 2018-жылы эмгек мигранттары жөнөткөн акча 2 миллиард 685,3 миллион долларга жеткен. Дал ушул цифрадагы кызылдай акчалар канчалаган эмгек мигранттарынын ден соолугу, көз жашы, арманы, азабы, жыргал-кууралынын арты менен табылып, өлкөдөгү миллиондогон үй-бүлөлөрдүн тиричилиги үчүн мекенге жиберилет.

«БИЗДЕЙ БОЛУП АЛДАНГАН КЫРГЫЗДАР 50гө ЧУКУЛ»

Каармандарыбыз Түштүк Кореяда иштеп, тапкан акчаларын ортомчуларга алдатып жибердик деген пикирлерин билдиришти. Алардын бири Азамат Орозматов 2600 доллар акчасын ала албай 2 жылдан бери убара экенин айтат:

– Түштүк Кореяда «Кыргызстан» деген кеңседе Кыргызстанга товар, посылка жөнөтүп, кайра алып иштеген Венера Мамбетова аттуу жеке ишкер аял бар. Бир күнү ал жалаң кыргыздар отуруп баарлашкан интернет чатка кошулуп, өзүнүн кызматын жарнамалап, Кыргызстанга акча дагы жөнөтө аларын айтты. Түштүк Кореяга барган мигранттардын көпчүлүгү визасынын мөөнөтү бүткөндөн кийин легалсыз калып иштегендер. Алар үчүн банк аркылуу акча которуу операцияларын жасоо мүмкүн эмес болчу. Дал ошондой мигранттар документтери жайында болгон жарандардын жардамы менен Кыргызстандагы жакындарына акча салышат.

Мен Кореяда мыйзамдуу эле иштечүмүн. Банк аркылуу акча которуу мүмкүнчүлүгүм бар болчу, бирок ошол учурда банктагы акча которуу кызматынын пайыздары өтө жогорулап кеткендиктен, Венера Мамбетовага кайрылып акча салууга туура келди. 2017-жылы 18-июнда бир жолу акча жөнөттүм. Венера Мамбетова өзүнүн эмес, башка эле адамга таандык банктык эсеп аркылуу акча которуп жүрдү. 2-3 жолу салган акчам өз дарегине жетип, апам акчаны алдым деди. Аны өтө мекенчил, кыргыздардан жардамын аябаган адам катары таанып калдык. Бир күнү дагы акча салдым, бирок үйдөгүлөр «акчаны ала элекпиз» дешти. Бир нече ай күттүм, Венера Мамбетовага улам билдирүү жазып коём. Жооп келбейт.

Бир күнү «менин башыма оор иш түшүп калды. Ошол маселелер чечилгиче сабыр кылып тургула, сүйлөшөбүз» деди. 2018-жылдын январына чейин СМС жазышып дайынын сурап жүрдүм. Кезектеги жазган билдирүүмө ал, «акчаңар мамлекетке өтүп кетти. Биздин кеңсени текшерүү «басып», акчаларды, тийиштүү документтерди алып койгон. Силер келгиле, чогуу арыз жазалы, анан акчаңарды алып берем» деди. Мен Пусан шаарында иштечүмүн, анын чакырыгы менен Сеулга бардым. Мага тиешелүү маалыматтарды, паспортумдун көчүрмөсүн алып, «сенин атыңдан арыз таштап коём, ашып кетсе 2 айда акчаң кайтарылат» деп кетирип жиберди. Андан бери 2 ай эмес, 1 жылдан ашык убакыт өттү. Ал арада баягы акчамдын дайынын сурап СМС-кат жазып жүрдүм. Жыйынтык болбогондо акыры өз алдымча аракет кыла баштадым. 2019-жылы январь айында кыргыздардын пикир алышкан чаты аркылуу мыйзамдуу иштеген жана ошол аялга алданып калган эмгек мигранттарын чогултуп, арыз жазайын дедим. Ошондо мага Венерага алданып калдык деп 15 чакты бала жазган. Негизи 50дөй жаран алданган деген маалымат бар. Бирок арасынан легалдуу иштегени чыккан жок. Акыры жергиликтүү полицияга кайрылдым. Алар менин айткандарыма ишенгени менен, колумда акчаны Мамбетованын колуна өткөрүп бергеним тууралуу күбөлөндүрүлгөн ишеним кат же чек жок болчу. Алар «өзүң сыяктуу алданып калгандардан жок дегенде 1-2 адам таап кел, биз иш козгойлу» дешти. Бирок мыйзамдуу иштеген бир да мекендешти таппай койдум. Мен акча которгон эсептер жана Венера колдонуп жүргөн телефон номерлер баары башка адамдарга катталган болуп чыкты.

«ЖАНАЗАГА ДЕП САЛГАН АКЧАМ ДАРЕГИНЕ ЖЕТПЕЙ КАЛДЫ»

Ушундай эле жапа тарттым дегендердин катарында Ишенбек Намазов, Жанболот Ибраев аттуу жарандар да бар. Жанболот Ибраев Түштүк Кореяда иштеп жүргөндө чоң атасы каза болуп, анын жаназасына келе албай калган. Анын айтымында, куран окутулсун деп салган акчасы өз дарегине жеткен эмес.

– 2017-жылы жай айларында акча салгам. Өзүм Кореяда курулуш тармагында абдан оор жумуштарда иштечүмүн. Таман акы, маңдай тер менен азап тартып жүрүп тапкан акчабыз үчүн ичибиз күйүп кала бердик. Буга чейин Венера Мамбетова аркылуу бир нече ирет акча жөнөткөнбүз. Өз дарегине жетип эле жүргөн. Бирок колубузга чек же тастыктоочу кагаз берчү эмес, бир гана журналга акчанын суммасын, аты-жөнүбүздү жазып каттап койчу. Акыркы жолу салган акчаны чоң атам каза болгондуктан жанымдагы балдардан карызга алып жөнөткөм. Ал ошентип туугандарыбызга жетпей калды. Андан кийин мен мыйзамсыз иштеп жүргөн мигрант катары Түштүк Корея полициясы тарабынан кармалып, Кыргызстанга депортация болдум. Ошондо «Кыргызстан» кеңсесинен чалышып, «биздин ишмердүүлүгүбүзгө тоскоолдуктар жаралып, бир аз маселе болуп жатат. Кыргызстанга барарыңар менен акчаны кайтарабыз» дешти. Өзүңөр көргөндөй, акчабыз эмгиче бериле элек. 2700 доллар акча которгон болчумун.

«МААЛЫМАТТАР БИР ТАРАПТУУ ТАРАП ЖАТАТ»

Мигранттар айыптап жатышкан Венера Мамбетова да өз чындыгын айтты. Ал кыргыздарга жардам берүү иретинде ачкан кеңсеси жабылып калганын, ишмердүүлүгү да токтоп калганын жана анын себептерин айтып берди:

– Мен Түштүк Кореянын жарандыгын алганыма 15 жыл болду. Ошол эле учурда Кыргызстандын дагы жаранымын. Жолдошум ошол жактын жараны, корей улутундагы адам. Ушундай окуяда атым чыгып жатканына капа болуп отурам. Жарандыгым эле Кореяныкы болбосо, кылган ишмердүүлүгүмдүн баары Кыргыз жарандарына жардам берүү, аларга тил жагынан, моралдык жактан колдоо көрсөтүү эле. Кореядагы Кыргыз диаспорасынын активисти болом. Ал эми «Кыргызстан» аталышындагы борборубуз Кореядагы Кыргыз жарандарына жардам көрсөткөн логистикалык борбор. Ал жакта аманаттарды жөнөтүү, кабыл алып ээлерине берүү менен иш алып барчубуз. Кыргызстанга келгенимдин себеби, мени шылуун, алдамчы катары далилсиз маалыматтар менен каралап жатышканы болду. Азыр интернетти ачсаңыз эле менин сүрөтүмдү, менин эле эмес, ошол жакта жашап, иштеп, окуган студенттер, мигранттар менен чогуу түшкөн сүрөттөрдү жарыялап, «аферист» деп жазып маалымат таратып жатышат. Ал тургай айрым гезиттер мага бир ооз байланышып койбой, сүрөттөрүмдү уруксатсыз пайдаланып, бир жактуу маалыматтар берилип жатат. Ошол журналисттер эгер чыныгы кесипкөй болсо мага бир чалып, окуянын экинчи тарабына да кызыгып коюшса болмок.

«МЕНИ МЕКЕНДЕШИМ ЭЛЕ САТЫП КОЙДУ»

– Мен жыргаганымдан жарандардын акчасын кайтарып бербей жаткан жокмун. Башыма мүшкүл иш түшүп калды. 2017-жылы биздин логистикалык борборду «Корея өкмөтүнөн келдик» деп текшеришти. Алардын мыйзамы боюнча, мен өлкөдөн чыгарган жана киргизген каражат, акчаларым тууралуу отчёт берип, тиешелүү салыктарын төлөп турушум керек болгон экен. Ошол учурда менин бардык документтеримди, акчанын суммалары жазылган компьютерлерди файлдары менен кошо алып коюшту. Ошондон бери Түштүк Кореянын тиешелүү органдарына отчётсуз ишмердүүлүк жүргүзгөнүм үчүн айып пул жана башка төлөмдөрдү төлөдүм. Буга канчалаган акчалар кетти. Ал арада мен аркылуу акча жөнөткөн мигранттар байланышып акчаларын сурап жатышты. Мен аларга акчаңарды бербейм деген жокмун. Айрымдарына «ишибизде жаралган мүчүлүштүктөр чечилгенден кийин акчаңарды кайтарып беребиз» деп жаттым. Бирок кимден канча каражат алганым жазылган файл, кагаздарымдын баары органдарга өтүп кетип, азыр колумда бир дагы такстыктоочу кагаздар жок. Алардын эсебин да билбейм. Биз иштетип жаткан логистикалык борбор мындай маселеге тушукканга чейин жакшынакай эле ишмердүүлүгүн жүргүзүп, мекендештерибизге жардам берип келген.

Менин мамлекетке отчёт бербей иш алып барып жатканымды Чынара аттуу кыз тиешелүү органдарга кабарлап коюптур. Анткени ал экөөбүздүн ортобузда бир жолу конфликт болуп кеткен. Анын берген маалыматы боюнча бизди текшерүү «басып» борбор жабылып, өзүм да ушундай жагымсыз жагдайга кептелип калдым.

Учурда бул маселе боюнча жабырлануучу тарап Бишкек шаарындагы Ленин РИИБине Мамбетованын үстүнөн арыз жазышкан. Ал эми Венера Мамбетова «мага алдамчы деп көө жапкан журналисттердин үстүнөн арыз жаздым» деп билдирди. Мамбетова жакында Түштүк Кореяга сапар алып, жогорудагы маселелерди чечүүгө аракет жасаарын айтты. Окуя Түштүк Кореяда орун алгандыктан, маселени ошол жактан чечүү керек дейт ал.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg



"Түштүк Кореяда бизди алдап кетти" дешкен жарандарга экинчи тараптын жообу

Автор: Гүлшат Ысамамат кызы
Оператор: Батырбек Зарлыков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -2 
Комментарийлер(12)
SUPER.KG видео
24.01.2020. 22:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
boorun oorusa boorgo tebet degendei kim kop jardam berse akirinda oshol kishi jaman bolup kalat da
27.01.2020. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Венера ХХХХ экени корунуп эле турат
Модератор admin_portal түзөттү 2020-01-27 16:07:52
28.01.2020. 01:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Душманды алыстан издебе
28.01.2020. 04:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Anan ushuncha kishinin akchasyn riskovat etpei nalogun tolop ishtebeibi Kyrgyzstan emesda silerge al jer tembolee ozu grajdanka koreii eken 15 jyldan beri
28.01.2020. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кыргыздар чет жерде дагы ынтымагыбыз жок! Олконду сагынып, куса болуп журсон бири-бирин колдоону билишпейт... Бул ачуу чындык, аябай начар калкпыз!
28.01.2020. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эми бул аял деле атайылап алдап танып кетпептирго, башына иш түшүп, көйгөйлөрү жаралып калыптыр, анында жагдайын эске алып, түшүнүү м-н кабыл алып күтө тургулада, төлөп берем деп атпайбы, анан ар кайсы жака арыз жазып сасыбай,Кореяда мыйзам катуу иштейт,жанагындай мыйзамсыз иштери ачыкталып калса,чоң өлчөмдө айып пул төлөп,финансы жактан кыйналып атса керек да.
03.02.2020. 01:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Arlenchik, 15 жылдан бери ал жактын жараны экен мыйзамын билет, закондун чегинде иш апарбай озунун чонтогун ойлогон да. Аягы келип мына бир озу эмес канчалаган адамды кууратып отурат.
30.01.2020. 19:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Алдап кеткен жокмун толоп берем эле дей беришет.Москвада да Адинай Турбубаева деген аял концерт болот деп билет сатып далай кишилер куйуп отуруп калдык,алдаган жокмун толоп берем деген июньдан бери дайыны жок.Кыргызжар бири бирибизди эде алдап басып журобуз.
01.02.2020. 04:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
fanatka19,оа эн туура Питерде дагы ушундай сыяктуу бири бирин алдагандар.Невский 132 эски посольтводон 8мин рубльга регистрация жасаткам анысы 3сомдук жонокой эле кагаз экен.Азыр ошонун айынан менде проблемалар болуп жатат.Арам тамактар эч качан жакшылыка буйрубасын эн жаман нерселерге иштеткиле
31.01.2020. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудай баарына кубо , байкуштар суукка тонуп эптеп акча таап салса , ортодон алдап кетсе албетте ичин куйот.Урматтуу Венера айым жашоо бумеранг баарына оз башынызга келип 2 эсе эмес 100 эсе кылып толоп калыныз, Кудай сизди жазаласын.
31.01.2020. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушундай адамдар жер бетинде кантип басып журот,милиция дарооо камап салыш керек болчу 15 (50)адамды сызга отургузуп кеткен адамды, жаназага деген акчаны алдап кеткен адам ОНБОЙ ЭЧ КАЧАН ЖАРЫБАЙТ !
01.02.2020. 23:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адамдар 100жакшылыкты унутат да 1жамандыкты омур бою унутпайт.качып кетпей кетиптирго Аман болсо журогундо ыйман болсо берээр
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: