Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

ТИРАН ЭРКЕК КАЙДАН ЧЫГАТ?

№899 23-29-январь, 2020-ж.


Кыргызстанда 2018-жылы аялдарга карата зордук-зомбулук боюнча 7039 факты катталган. 2020-жылдын башында 2 келин күйөөлөрү тарабынан сабалып каза болду. Андан соң күйөөсү аялын өрттөп жиберген факты катталды. Ушулардан улам “Кызыл камчы күйөө кайдан чыгат? Эмне үчүн аялдар өмүрүн тобокелге салып кордукка чыдап жүрө беришет?”деген суроолорго психолог Ильдар Акбутинден жооп алдык.

КҮЙӨӨНҮН КАНДАЙ БОЛОРУ КЫЗ-ЖИГИТ КЕЗДЕ БИЛИНЕТ

Кээ бир эркектер аялын жеке менчиги же экинчи сорттогу, өз оюн айтууга укугу жок адам катары көрүп, баалашпайт. Андай эркектер психологиялык жактан оорулуу деп табылып, аларга “психопатия”, “паранойя” сыяктуу диагноз коюлат. Психикасы жайында адамдар жаман мамилеге, зордук-зомбулукка барбайт.

Башка жактан алып караганда, психикалык саламаттыгы жайында аял эркектин өзүнө ошондой мамиле жасоосуна жол бербейт. Эркектин кийин ошондой патологияга жете турганын баш кошо электе кантип билсе болот?

Кыз-жигит мамиле куруп жүргөн кезде жигит кызга орой мамиле жасап, болбогон нерселер үчүн жаман сөздөрдү айтып урушат, жолугушуу мезгилин өзү чечет. Ага баш кошо элек жатып аны кызганат, телефонун текшерет, болбогон жерден уруш чыгарат, курбулары менен жолугушуусуна тыюу салып баштайт.

Эгер кыз андай эркек менен мамилесин үзбөй, андай мамилени “сүйүү”, “сүйгөнү үчүн кызганат, урушат” десе, анда жаңылышат. Андай кыз курмандык болуп эсептелет. Демек, кийин дагы ошондой мамилеге, зомбулукка чыдоого даяр.

АКЫЛДУУ КЫЗ ЖАКШЫ МАМИЛЕГЕ ТАТЫКТУУ

Мисал катары 2 кызды алалы. Экөө тең жигиттер менен мамиле түзүп, жолугушуп жүрөт дейли. Күндөрдүн биринде эки кыздын тең жигиттери жинденип кыздарды жаакка чаап жиберди. Кыздар буга кандай реакция кылышат?

Психикалык ден соолугу чың кыз жигит менен сүйлөшкөндү токтотот, жолугушууга чыкпайт, телефонунан жигитинин номерин өчүрөт. Жигити тизелеп кечирим сураса да, белек-бечкек берсе да кечирбейт. Өзүн жакшы мамилеге гана татыктуумун деп эсептеп, жигитин өз жашоосунан чийет. Ушунусу менен андай окуянын кийин да кайталанышына чекит коёт.

Экинчи кыз жигитинен жаакка жегенден кийин ага таарынат, сүйлөшпөй коёт. Бирок жигити гүл же белек алып келип, кечирим сураса “мейли эми” деп кечирет. Ушунусу менен ал жигиттин жаман жүрүм-турумунунун көбөйүшүнө жол ачат. Башкача айтканда, ал “жиниңе тийгенде сөгүп, ура бер, а мен таарынып, кайра жазыла берем. Сен болсо гүл же белек алып келе бер” деген белги берет. Жыйынтыгында бара-бара белек, гүлдүн саны азайып барып токтойт. Ал эми жигитинин жаман мамилеси ошол бойдон кала берет. Бул кыз жигити менен мамилени эмнеге үзө албайт? Анткени биринчи кыз жигитин эмес, өзүн, ал эми экинчи кыз жигитин маанилүү деп ойлойт. Ал өмүр бою азап чегип, кордук көрөт. Анткени ал жигитке турмушка чыга электе эле өзүнө жаман мамиле жасоого жол берген. Психикалык жактан патологиясы бар жигиттин мамилесин сүйүү деп жаңылыш ойлогон. Турмушка чыккандан кийин балдарды төрөп, күйөөсүнөн ого бетер көз каранды болуп калат.

КЫЗЫЛ КАМЧЫ ЭРКЕКТИН КОРДУГУНА ЧЫДООГО ДАЯР КЫЗДАР КАЙДАН ЧЫГАТ?

Кыз болобу же эркек бала болобу, эгер кичинесинен тартып атасынын апасын уруп, сөгүп, кордоп жатканын көрүп чоңойсо, аларда “үй-бүлө деген ушундай болот” деген түшүнүк калыптанат. Башкача жашоону билбей чоңоюшат. Кийин эркек баладан кызыл камчы күйөө чыгат. Себеби атасынын кылганын кайталайт.

Кызчы? Ал да атасынын токмогун жеп, анын кемсинткенине чыдаган апасын көрүп, “аял чыдаш керек экен” деп чоңойду. Кийин бой жеткенде өзүнө атасына окшош күйөөнү тандайт да, апасы сымал күйөөсүнүн кордук, зомбулугун көрүп жашайт. Анткени кызда өзүн баалоосу төмөн, өзүн коргой албаган жан болуп эс тартты. Мындай аял эркекке көз каранды болуп кала берет. Кыскасы, патологиялык үй-бүлөдө чоңойгон балдар, кыздар ата-энеси кичинесинен башына жазып берген сценарийди өз жашоосунда кайталайт. Андыктан андай үй-бүлөдө чоңойгон кыз турмуш кура электе психологго кайрылса, ал ага өзүн баалоосун өстүрүүгө жардамдашат. Жакшы жашоого татыктуу экендигин, физикалык жана моралдык жактан запкыга чыдоонун кереги жок экенин түшүндүрөт. Кыз энесинин жолун кайталабай калат.

“АЯЛ ӨЗҮН-ӨЗҮ БААЛАЙ БИЛҮҮНҮ ҮЙРӨНҮШҮ КЕРЕК”

Аял күйөөсүнүн кемсинтип, уруп-согуусуна, тилдөөсүнө чыдаса, жашоонун башка тармагында да ошондой сценарийге кезигет. Мисалы, ашыкча иштетип, аз акча төлөнүүчү ишке макул болот. Жетекчисинин кемсинтип сүйлөөсүнө жол берет. Ошондой эле аял туугандарынын да жаман мамилесине кабылат. Анткени ал өзүн эмес, башкаларды башкы орунга коёт, аларды ыраазы кылып, кубандырууну гана ойлойт. Аял өзүн сактоону, коргоону билбейт. Ал чарчаганын, жан дүйнөсүнүн жана денесинин ооруганын сезүүгө өзүнө жол бербейт. Ошентип жүрүп өзүндө бардык жаман нерсеге туруктуулукту жаратып алат.

Мындай аялдарга ажырашып кетүүгө эмнелер тоскоол болот?

1-себеби – ажырашып кетсем “эл эмне дейт?” деп коркуу.

2-себеби – "балдар атасыз тарбияланабы?" деп коркуу.

3-себеби – "күйөөмдөн кетсем балдарым менен менин кимге керегим бар?" деп коркуу.

“Эл эмне дейт?” дегенге келсек. Көбүнчө кыргыздарда кезектеги уруш-талашта токмок жеген аялды туугандары кийлигишип, алып кетишет. Бирок канча бир мезгил өткөн соң “балдарды атасыз калтырдың, ажырашуу уят, эл эмне дейт?” деп жатышып жарашууга көндүрө башташат. Бирок аял келечек жашоосун же тиранга андан ары чыдоо же андан кетип, балдарын өзү багып-тарбиялоо керектигин өзү чечүүсү керек. Аялга элдин, туугандарынын кеп-сөзү кандай таасир этет? Эч кандай. Анткени алар мунун үйдө кандай кордук көрүп жатканын билбейт. Билген күндө деле аялды коргой жана күйөөсүн оңдой алышпайт. Андыктан аял бирөөнүн пикирине таянуу менен бактылуу боло албай тургандыгын билиши керек. "Балдар атасыз өсөбү?" деген коркууга келсек. Сиз балдар атасыз өспөсүн дегениңиз менен, аларга бактылуу жашоону көрсөтө албай жатасыздар, туурабы? Жакшысы, арак ичип апасын урган атаны балдарга көрсөтпөй койсоңуз туура. Балдары үчүн азапка чыдашым керек деген аял иллиюзияда жашаган аял. Ажырашып кеткениңизден кийин атасы убак-убагы менен келип, балдары менен көрүшүп турса болот. Эгер келбесе анда ал биологиялык жактан гана атанын ролун ойногон эркек.

Күйөөмдөн кетсем балдарым менен менин кимге керегим бар дегенге келсек. Аял чынында жалгыздыктан коркот. “Мен чоң адаммын, жашоомду өзгөртүүм жана ал үчүн өзүмө ишенишим керек. Мени атам, апам же туугандар эмес, өзүмдү өзүм коргоого жетишишим зарыл. Мен балдарыма, балдарым мага керек” деп аңдап билүүсү зарыл. Антип ойлой албаса, психологго кайрылуу керек. Психолог ага өзүн баалоону, эл менен тил табыша билүүнү үйрөтөт. Кыйынчылык менен күрөшүүгө, өзүн ар тармактуу өстүрүүгө жол көрсөтөт. Психологдун жана өзүнүн аракети менен аял ички жөндөмдөрүн ачып, күч топтоп, ылайыктуу иш таап иштеп, балдарын багып кете алат.

КУТУЛУУ ОҢ!

Аялы ажырашып кеткенден кийин тиран эркектин кийими жуулбайт, тамагы даяр эмес. Жинин чыгарып алчу аялы жок. Аялын жеке менчиги катары көргөн эркек өзүнүн ташталып калганына ишене албайт. Ажырашуунун себеби өзүндө экендигин анализдей албайт. Артынан барып чатак салат, урат. Кээ бири ал тургай өлтүрүп койгонго аракет кылат же өлтүрүп коюуда. Андыктан тиран күйөөдөн эртерээк кутулуу оң!

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg



Тиран эркек кайдан чыгат?

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Элчибек Кыштообаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -2 
Комментарийлер(22)
27.01.2020. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-12
Мага ошондой приказ берген балдар жагат деп журсоооо....

Бул жаатта биздин психологдор алсыз
27.01.2020. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Soulmate, биздин психологдор алсыз эмес эле, сиздин ой-толгоо, психикалык, моралдык жактан алсыз экенинердин далили.
02.02.2020. 06:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Soulmate,сиздин атаңыз дагы ошондой болгон анда. Кыздар атасына окшош, балдар апасына окшош жарды өздөрү билип билбей өздөрүнүн сокур туюму менен (подсознательно) тандашат.
27.01.2020. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жакшы макала.Бирок үй бүлө баалуулугун да жаза журунуздор.
27.01.2020. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Психологтун кенешине таянсак кыйын,себеби Кыргызстанда чек олкодогудой шарт жок,ажырашкан энелердин 2-3тон балдарын ким карашат?1бала менен ажырашып ал баланында таштап Москвага,чет жактарга кетип жатат.ажырашып тез кеткиле эмес эрте турмушка чыкпай окугула билим алгыла турмушка даяр болуп уй було жонундо кененирээк тушунгуло деп эки теманы бир чыгарсанар жакшы болмок.
27.01.2020. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Менин оюмча бизде тиран эркектин коптугу биздин менталитетибизге байланыштуу, мисалы макалдарды эле алып королу: эрдин нанын жеш учун темирден койногун болсун, аю да болсо эрим бар, алтын баштуу аялдан бака баштуу эр артык ж.б.
Биздин эркектер оздору башы айланып журот уйдо ким главный экенин билбей. Акча таап, уй булону камсыздоого келгенде сен да иште, кошо багыш отурабербей деп чыгышат, анан ким башкарыш кк десе мен деп кокурок кагышат.
29.01.2020. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Alia82,))) туура
30.01.2020. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Alia82,туура айтасыз кыргыздын эркектери ото жалкоо келет баары эмес конечно мен коргондон кор эркектер уйлонуп алып катынынын мойнуна отуруп алат
27.01.2020. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Чубак ажы эн туура айтат, уйбулону бактылуу кылыш эркектин колунда деп, бардык нерсени аялга шылтагандар алар эркек эмес...
27.01.2020. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Аял бул алсыз назик жан жана ошол эле учурда дуйнону бир эле учурда дуркуроткон кучтуу эне, жубай, карындаш. Кийиминди жууп, бала тороп, аял болуп берип жатса эмнеге жакшы соз айтып бактылуу кылбашыбыз керек. Буйруса Июньда тоюм болот, бактылуу жашоого болгон куч аракетимди жумшайм жана бактылуу кыла алам деп ишенем.
27.01.2020. 18:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
aibars,Бактылуу болгулааа эки дуйно
27.01.2020. 18:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
aibars,азаматсын, ниетине жараша болот баары, Алахым бактынды берсин
27.01.2020. 22:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
aibars,Сары тойдон кала бербейин, кудай буйруса Бишкекте болом июньда, жакшылыктар, бактылуу коз ирмемдер бутпос болсун
30.01.2020. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
aibars,ии Аллахым бактылуу болунуздар
27.01.2020. 22:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Чынында эркекби кызбы айырмасы жок!баардык адамдар озун сыйлаганды, урматтаганды, баалаганды билиш керек! Билбесе уйронуш керек! Уй булоодо басмырлоо,тушунбостуктор же кандайдыр бир пикир келишпестиктер болсо отуруп акырын суйлошуп чечкенди уйронуш керек! Уй булоо до бирин бири сыйлап дайыма котормолоп, жакшы создорду айтып, колунан келишинче аз коппу белектерин берип конул алыш керек!эгерде уйдо дискомфорт болсо сеники, меники, сенин тууганын, менин тууганым ж.у.с.болсо эки жолго тушкон эн он в
27.01.2020. 23:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кучтуу эркектин аялга болгон ачуусу муштумда эмес...,кашында болот..Ар Бир эркек озун арстан сезуу керек,ошондой эле арстан айымга да мамилени беруу керек.
29.01.2020. 00:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Саламатсыздарбы, ооба эң туура макала, бирок деген жери бар, бирок күнөөнүн баары эле эркекте эместа, бир эки ТИРАНды көрүп алып баардык эркектер ушундай десеңер жаңыласыңар, анан дагы айта кетчү нерсе, кыргызда жакшы макалдар бар, жакшы сөз жыландыда ийинден чыгарат, же болбосо, эрди эр кылганда, жер кылганда аял болот деп калышат, албетте аял кишини сыйлаш керек, аял бар үчүн үйүң көрктүү жана тыкан, аял назик, аял эне, бейиш эненин таман астында демекчи,аялдарды ар дайым сыйлап өтөлү,ЭНЕ
29.01.2020. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Zamirbek_77,бир эки тиран эмес жа тилеке каршы, официалдуу катталган зомбулук 7минден ашык болсо, комускодогулар андан эселеп көп болот, ошондо 6млн калкы бар кыргызстан учун бул көрсөткүч аябайле эле көп
29.01.2020. 01:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Намаз окугула бары жакшы болот
30.01.2020. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тескерисинче уй бүлөдө уруш талаш ызычуда чоңойгон балдар мен кийин уй бүлөмө мындай кылбайм дешет болжолдоп эле ура беришет ке бир психологдор
02.02.2020. 07:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nursul,анан ошентип айткан балдар кийин чын эле атасындай болгон жокпу?
31.01.2020. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Пайгамбарым айткандай мамиле кылсак куйоолорго,анда биз ханыша болуп жашайбыз. Эч кандай психологсуз эле.Мен толлук жашоомдо колоном,пайгамбарым айткандарын. менден бактылуу адам жок.Ошондуктан баарыныздар ошондой кылыныздар аялдар,эки дуйно бактылуу болосуздар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: