БИР БҮРКҮМ. АЙДООЧУГА АЙЫП ПУЛ АЗАЙДЫ...
№899 23-29-январь, 2020-ж.
Өлкөдө жол эрежесин бузуунун 8 түрү боюнча айып пулдун суммасы азайтылды. 3000 сомдук айыптар 1000 сом болду.
-
Кыргызстанда туулган сиам эгиздеринин бири Гита рак илдети менен күрөшүүдө. Зита 2015-жылы оорудан улам каза болгон.
-
Өкмөттө Исхак Раззаковдун 110 жылдыгын уюштуруу жана өткөрүү комитети түзүлдү.
-
Бишкек мэриясы: Борбор калаада Жаңы жылдык иш-чараларга 5 миллион сомдон ашуун акча жумшалды.
-
IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюну Түркиянын Изник шаарында өтөрү белгилүү болду.
-
Ош шаарында Ак-Буура дарыясынын жээгин көрктөндүрүү үчүн 70 объект сүрдүрүлө турганы айтылды.
-
Өлкөдө алкоголдук ичимдиктерге болгон акциздик салык жогорулады.
-
Орусияда мигранттар үчүн Call-борбор ачылды. Адистер кыргызча да сүйлөшөт.
-
Ошто "Казак" каймана аты менен белгилүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү М.У. камакка алынды.
-
Мамлекеттик чек ара кызматы: Кыргыз-тажик чек арасында 2019-жылы 38 миллион сомдук мыйзамсыз товар колго түшүрүлгөн.
-
Бакыт Төрөбаев: "Өкмөт Кытайда катталган вирус боюнча алдын ала чараларды көрүшү керек".
-
АКШ Кыргыз жарандарына виза берүүнү чектөө маселесин карап жатканы айтылды.
-
22-ноябрда Ысык-Көл облусунун Түп районунда Садыр Жапаровдун бошотулушун талап кылган митинг өттү.
- Билим берүү министрлиги: Ушул жылдан тарта 10-11-класстын окуучулары өзү тандаган гана сабакты окуп башташат.
Перизат Музуратбекова
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
-1