Көптөгөн кыргыз ырларын казак ырчылары өз тилине которуп ырдап жүрүшөт. Айрым ырчылар ырларын сатса, кээ бири достук, кесиптештик үчүн белек кылып келишет. Бул жолу Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлжигит Сатыбековдун "Сүйүү" аттуу ыры казак тилине которулду. Бул тууралуу ырчы мырза буларды айтат:
– Казак боордоштор акыркы кезде көп чыгармаларымды которуп, ырдап жатышат. "Сүйүү" аттуу ырымды көптөн бери сурап жүрүшкөн. Жакында Назар Смагул аттуу казак ырчысы бул ырымды "Жаралы сезим" деп которуп ырдап чыкты. Назардын версиясы жакты. Боордоштордун ырларымды ырдап жаткандыгы мени кубандырат.
star@super.kg