БИР БҮРКҮМ: КУРСАН АСАНОВДУН ИШИ СОТКО ЖӨНӨТҮЛДҮ...
№901 6-12-февраль, 2020-ж.
-

Аламүдүн районундагы Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы
350 миң сом пара менен кармалды.
-
2019-жылдын июлунан тартып бериле баштаган убактылуу айдоочулук күбөлүктөрдүн мөөнөтү 15-февралда бүтөт, аларды алмаштыруу керектиги эскертилди.
-
Саламаттык сактоо министрлиги: Өлкөдө 5-февралга карата коронавирус жуктургандар жок.
-
Муфтият: Бозо ичүүгө муфтият тыюу салган эмес, бирок аны ичүүгө шарият уруксат бербейт.
-
Кой-Таш окуясы боюнча айыпталган Фарид Ниязовду, Равшан Жээнбековду жана Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаевди камакта кармоо мөөнөтү 9-апрелге чейин узартылды.
-
Өзгөчө кырдаалдар министри кызматына вице-премьер Замирбек Аскаровдун талапкерлиги сунушталды.
-
Бишкектин Биринчи Май райондук соту 31-январда пара менен кармалган Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Бишкек шаардык бөлүмүнүн башчысы Болот Момбековду үй камагына чыгарды.
-
Кыргыздын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов Грециядагы жана Черногориядагы да элчиси болуп дайындалды.
-
Парламент комитетинде Кыргызстан менен Корея Республикасынын ортосундагы аба катнашын ачууга, учуу алкагын кеңейтүүгө багытталган мыйзам долбоору жактырылды.
-
Ирина Карамушкина менен Кундуз Жолдубаева 9-апрелге чейин үй камагында калтырылды.
-
Өлкөдө 2019-жылы 103 миллиард 9 миллион сомдук мал чарба продукциясы өндүрүлгөн.
Гүлжан Асанкожоева
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
-2