7-февралда Казакстандын Масанчи айылында жергиликтүү казак-дунган улутундагы жашоочулар ортосунда жаңжал чыгып, окуя оор жоготууларга алып келди. Жаңжалда ок атышуу болуп, 11 адам каза тапса, 40тан ашык киши жаракат алды. 30 үй, 15 дүкөн жана 25 автоунаа күйүп кеткен. Бул окуя “улуттар аралык жаңжал” деп талкууланып жатат. Казак бийлиги “турмуштук жаңжалды чагымчыл күчтөр күчөтүп жиберишти” деп билдирди. Окуядан кийин Казакстандагы дунган тектүү миңдеген жаран Кыргыз өлкөсүнө өтө качышты. Алар Чүйдүн Ысык-Ата районуна келип баш калкалашып, абал турукташкан соң кайра мекенине кайтып жатышат. Жалпы 24 миңдей жаран качып келгени казак ЖМКларында айтылды.
Кыргыз коомчулугу бул окуяда Кыргыз тарап айкөлдүгүн көрсөттү деп баалады. Анткени Кыргыздын чек ара бекеттери кадимки режимде иштеп, коңшу өлкөдөн качып чыккандарды кабыл алып, жаракат алгандарын ооруканага жеткирип жатты. ЕАЭБде мүчө экенине карабай Казак өлкөсү түрдүү шылтоолорду айтып чек араны жаап, Кыргыздын азык-түлүгүн өткөрүүгө чектөө коюп келет. Кыргыздын башынан өткөн 2 революцияда Казакстан дароо чек арасын жаап салганы, оор күндө боордоштук тилектештик көрсөтө албаганы да сындалып жүрөт.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg