
Белгилүү куудул
Тынар Курбаналиев бийлик тарабынан ага кысым көрсөтүлүп жатканын айтып, социалдык тармактардагы баракчасына билдирүү жазды. Анда куудул
“Урматтуу достор, биздин саясатчылар туура эмес жумуш жасап жатканын сатира аркылуу элге жеткиргеним туура элеби? Эгерде туура болсо, анда эмнеге мага кысым башталды? Түшүнбөй калдым” деген. Бул тууралуу Курбаналиевге байланышканыбызда ал:
– Маданият министрлиги эмнени сүйлөш керек, эмнени сүйлөбөш керектиги боюнча чектөө киргизген токтом чыгарып алыптыр. Ал жакта иштегендерден сурасам “бул тууралуу билбейбиз” деп жатышат. Министрлик менен такташып алгандан кийин пикиримди айтпасам, азырынча толук маалымат бере албайм,- деди.
Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат катчысы Айнура Асанбаева мындай жооп берди:
– Тынар агайдын сатираларын көрүп жүргөн жарандардан “Тамашалары чектен ашып кетти. Адамдын жеке кадыр-баркына шек келтирген, түндүк-түштүк деп бөлгөн тамашаларды коюп жатат. Министрлик көңүл буруп койбойбу” деген кайрылуу түшкөн. Ошол маалда куудулдун телефону өчүк болуп калгандыктан байланыша алган эмеспиз. Анан социалдык тармактардан агайдын жазган постун көрүп калдык. Бийлик тараптан Тынар Курбаналиевдин чыгармачылыгына эч кандай кысым көрсөтүлгөн жок.
Ал сатираны кандай коёрун өзү билет. Негизгиси, өлкөнүн стабилдүүлүгүн бузбаган, адамдардын аброюна шек келтирбеген, жерликке бөлбөгөн сатиралары менен чыкса болду.
star@super.kg
Тынар жонундо айтсам бийликтин кемчилигин корсотот,элдин оюндагы нерсени бийликке жеткирет.Бирок акыркы коюла турган концертинин (же коюлуп буттубу билбейм) рекламасында ЖКнын торагасын шылдындагандай болуп калыптыр.Бул адамгерчиликке туура келбейт.Франкфурт на Майне деген соз боюнча шылдындаса туура болмок.
Тынар ага чыгармачылык ийгилик каалайм.