Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Кылычбек Султанов: «ИЙГИЛИКТЕР АЛИ АЛДЫДА!»

№409 3-9-сентябрь, 2010-ж.


Бейне

Өлкөбүздүн 19 жылдык эгемен тарыхында 100 миң нускалык чекти кыргыз тилдүү гезиттердин ичинен “Супер-Инфо” басылмасы ашып өттү. Мына ушул гезитибиздин негиздөөчүсү Кылычбек Султанов “баштан эмнелер өтпөдү, анда таман жыртыла баскан жана таракандар менен чогуу жашаган күндөр да болду” деп маегин баштады.

  • Туулган жылы – 7-декабрь, 1975-жыл.
  • Төрт бир туугандын улуусу.
  • Он жашында фотоаппарат белекке алып, үй жаныбарларын сүрөткө тартканды адатка айланткан.
  • Бош убагында дүйнөлүк желеде саякаттайт. Бул адат жер кезерлердин арасында "интернет-сёрфинг" деп аталат. Виртуалдуу дүйнөдөн сырткары дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү менен таанышууну тилек кылат.
  • Жакшы пикир калтырган соңку маектеши – Өмүрбек Текебаев. Баарлашуу жөнүндө "мен ойлоп жүргөн көп нерселерге башка багыт көрсөтүп, бир топ баалуулуктарыма өзгөртүү киргизе алды" дейт.
  • Үй-бүлөлүү, эки уулдун атасы.

"ЖЫЛДЫЗДАРГА ТИЛЕК АЙТЧУМУН"
Биздин каармандын балалыгынын баёо күндөрү Өзгөн районуна караштуу Мырзаке айылында өтүптүр. Окуучулук күндөрү тууралуу: “Апам үйрөтүп койгонбу, “4” алуу “2” менен барабар болчу”,- дейт. Андай учурларда күндөлүгүн ата-энесине көрсөткөндөн чочулачу. Анткени апасы жазалоо иретинде үй жумуштарын көбөйтүп коёр эле.
Апам “менин уулум учкуч болот” деп көп айтчу. Ошондон улам болсо керек, согуш тууралуу тасмалардагы учкучтардай чачымды жылтырата артка тарап жүрчүмүн. Жайында жылдыз толо асманды карап алып, ар бир жылдыз учкан сайын “учкуч болсом” деген тилектеримди айта берет элем.
Мектептеги тели-теңтушунан бир мүнөз аны айырмалантып турчу. Ал математикага болгон кызыгуу эле. План боюнча мугалимдин өткөн сабагына канааттанбай, алдыдагы көнүгүүлөрдү чечүүгө куштар болчу.
6-класстан баштап математика менин “оорума” айланды. Тапшырмага берилген көнүгүүлөр аздык кылып, үйдө китептеги көнүгүүлөрдү биринин артынан бирин аткара бергенди адат кылып алгам. Азыр ойлоп көрсөм, ошол учурда эле кайсы бир маселени чечүүдө түрдүү жолдорду издөө сапаты менде түптөлө баштаган экен. Математика сабагына болгон дилгир мамилем мени 9-класстан кийин каржы тармагындагы окуу жайга тапшыруу каалоосун ойготту.

“КЕСИБИМ – ИЙГИЛИКТИН БАШАТЫ"
Ошентип, окуу жайга тапшырам деген биздин каарман Бишкекти көздөй жол алат. Өзү болжогон окуу жайында дал ошол жылы 9-класстын базасы менен абитуриенттерди кабыл алуу токтотулуп калат. Кайра айылга кеткиси келбеген жигит таякеси экөө шаарды кыдыра ылайыктуу билим алуу мекемесин издешет. Ошентип, алар электрондук эсептөө техникаларынын өндүрүшү боюнча адистик берүүчү политехникалык техникумга тапшырат.
Сынактан өтүү кыйынчылык туудурган жок. Директордун орун басары эки-үч тапшырма бергенде аны оозеки чыгарып айтып койсом, “айылда да ушундай билим береби?” деп таң калганы эсимде.

“АЛГАЧКЫ ГЕЗИТ ҮЙДӨ ЖАРАЛГАН”
Кыйынчылыктарсыз ийгилик жаралбайт. Кылычбек мырза да көп кыйынчылыктарга туш болуп, анын жыйынтыгы жаңы гезит ачууга алып келет. Гезит чыгаруу идеясы каражаттын тартыштыгынан улам пайда болот. Үй-бүлөнү багуу үчүн пайда алып келе турган кайсы бир жумушту баштоо керек болчу. Себеби мурунку иштеген жеринде айлыкты учурунда бербей, аз-аздан бөлүп, жүдөтүп жиберишкен. Башкалардан көз карандысыз болуу тилеги да буга кошумча болот.
Гезиттин алгачкы сандарын үйдө эле отуруп жасагам. Компьютерди болсо карызга алгам. Шаарда үйүм жок, батирде күн кечирип жүргөн кезибиз. Менин жумушума тоскоол болбойлу деп келинчегим кичинекей эки баламды алып сейилге чыгып кетчү да, кечке чейин жүрө берчү.
Астейдил отуруп, гезитке окурмандар кызыга баштаганда үйдө иштөө оор болуп, терезеси жок, араң эки киши сыяр бөлмөнү ижарага алат. Аны менен удаа редакцияга биринчи кабарчы келет.
Аны жумушка аларда кеңсебиз даярдалып бүтө электигинен Бишкектеги ЦУМдун жанында жайгашкан сааттын алдында жолугушканбыз. Алгачкы кездерде өзүм кабарчы да, корректор да, дизайнер да, гезит сатуучу да элем. Сканворддон турган гезит бир жылдан кийин кызыктуу макалалар менен толуктала баштады. 2002-жылы 31-майда “Супер-Инфонун” алгачкы саны чыгып, эки жылдын ичинде алдыңкы гезиттердин катарына кошулду. Ошентип, 2006-жылдан тарта бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстандагы эң көп нускалуу гезит статусунда келе жатат.

“ЖЕҢИШТИН ЭҢ ЖӨНӨКӨЙ СЫРЫ”
Күн санап гезиттин нускасы жогорулаган сайын биздин каармандын дилинде “ошол деңгээлге татыктуубузбу?” деген чочулоо пайда боло баштайт. Бирок сыртынан оңой көрүнгөнү менен, ийгиликтин артында канчалаган эмгек жана кызматкерлердин уйкусуз түндөрү жаткан. Азыр “ошол кезде күндөп-түндөп иштеген адамдарыбызга терең ыраазымын” деген кепти көп кайталайт.

“АЛДЫДА БАГЫНТУУЧУ ЧОКУЛАР КӨП”
Ооба, “Супер-Инфо” гезит тармагында чоң жаңылыкты жаратып, окурмандардын арасында ийгиликтүү боло алды. Бирок Кылычбек мырза муну чыныгы ийгилик деп айтуудан алыс.
Айтканга оңой болгону менен, 100 миң эмес, гезитти 10 миң нускага көтөрүү же 50 эмес, 5 кишини жумуш менен камсыз кылуу сыйкыр таякча менен ишке ашчу жагдай эмес.
Эгерде биздин иш тажрыйбабызды тоо деп элестетсек, анда мындай сүрөттөөгө болот. Жете электе тоо укмуштай бийик көрүнөт эмеспи. Акырындык менен алга жыла берсең, тоонун чокусуна да чыгасың. Бирок чокуга чыккан соң андан да бийик тоолордун бар экенин байкайсың. Муну менен биздин зор ийгиликтер али алдыда экендигин айткым келет.

“КАРЫЗДЫ КАЙТАРЫП БЕРЕ АЛБАДЫМ”
Каарманыбыздын башынан далай кыйынчылыктар өткөн. Алсак, Бишкекте Аскердик шаарчадан цирктин аймагынан орун алган кеңсебизге чейин бут кийиминин таманы тешиле баскан күндөрү... Паспортун күркөгө барымтага коюп нан алган учурлары... Анын бирин Кылычбек мырза жылмаюу менен эскерет.
1998-1999-жылдары жаңы үйлөнүп, жаңы балалуу болгон учуру... Ошол күндөрдүн биринде Ошко иштеп келгени барып акчасыз калып, мурун өзү тааныбаган айылдашынан 80 сом карыз алат. Баласы ооруп калып, шашылыш Бишкекке кайтууга аргасыз болуп, баягы карызды ошол бойдон кайтара албай калат.
– Ал эже мени тааныбаса да, ошол кезге салыштырганда чоң сумманы карматып кыйын абалдан чыгарганын унуткан жокмун. Азыр ошол карызды 10 эселеп, балким, 100 эселеп кайтарууга даярмын. Бул макала аркылуу ал эжени таап калармын деп үмүт этем.
Ошто жүргөн бир айлык сапарында жатаканадан бир бөлмөлүү батир алса, ал таракандарга толо болуп чыгып мазасын алат. Таза батирлерге тапкан каражаты жетпейт. “Таракандар каалагандай тайрактап баскан бөлмөдө түнү бою жарыкты өчүрбөй уктап, уулумдун бети-башын карап жаткан күндөр болгон. Таракан кулагына кирип кетеби деп коркчумун”,- дейт.

“АЗЫР БААРЫ ЭЛЕ САЯСАТЧЫ, БИРОК...”
Учурда элдин баары эле саясатчы болуп калгандай кө­рүнөт. Анын 99 пайызы акыл үйрөткөндү жана талап кылганды гана билишет. Биздин каарман жоопкерчиликти моюнга алып, белгилүү бир тармакта мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошсом деген тилекте саясат дүйнөсүнө баш багып турат.
– Жалпы калктын абалын төмөндөн жок дегенде орто деңгээл­ге чыгаруу зарыл. Калк байыса, ошол эле салык төлөөчүлөр көбөйө баштайт, аны менен аткаминерлер бир топ мамлекеттик маселелерди чече алышат. Элдин эсебинен жашагысы келгендер деле алыска кетпесин, арам тамак бир күнү тешип чыгарын турмуш өзү далилдеп койбодубу.

“ҮЙ-БҮЛӨМ – МЕНИН БЕКЕМ ТЫЛЫМ”
Жубайы турмушка чык­кандан кийин журналистикалык жогорку билим алат. Бирок балдардын жана үйдөгү иштерди бүтүрүү милдетин моюнга алып, кесиби боюнча иштеген жок. Муну менен ал үйдүн ээсин бардык майда-чүйдө милдеттерден бошотуп, баштаган ишинен жыйынтык чыгарууга шарт түзүп берди. Үйдө ыңгайлуулук жана тынчтык өкүм сүрсө, үй-бүлө ээсинин ишинде ийгиликтер жаралат эмеспи. Каарманыбыздын Мухаммед жана Исабек деген уулдары бар. Балакайлар окуу менен катар сууда сүзүүгө кызыгышат. Бош убактыларынын көпчүлүк бөлүгүн бардык заманбап жаш балдар сымал интернет дүйнөсүндө өткөрүшөт.

“ГЕЗИТ САТКАН ЖЕРДЕН КАЙДИГЕР ӨТПӨЙМ”
Ар тараптуу билим алууну эңсе­ген адамдарга эл-жер көрүүгө кызыкдар болгон сапат да мүнөздүү. Биздин каарманды да мындай сапат кыйгап өтпөптүр.
– Убактың, мүмкүнчүлүгүң болсо, түркүн элди-жерди көрүүдөн өтөрү барбы? Көп эле өлкөнү кыдырып, далай элдин кулк-мүнөзүн, салтын байкап көрдүм. Түштүк-Чыгыш Азиядагы мамлекеттерде элинин сылык мамилеси жана Европадагы темирдей тартип өзгөчө таасир берди. Ар бир саякаттан идеясыз келбейм. Аларды иш тажрыйбамда пайдаланып да көрөм. Албетте, чет өлкөлөрдө жүргөндө гезит саткан жайларга кылчайып алмай адатым бар. Атүгүл Бишкекте деле гезит сатылып жаткан жерлерден көңүл кош өтө албайм.

“КЫЯЛЫМ – ЖОМОКТУ ИШКЕ АШЫРУУ”
“ММКларды колдоо борбору” фондун түптөгөн маркум Андрей Миясаров: “Супер-Инфо” – Кыргызстандагы көп басылмалар үчүн “америкалык кыял”,- дээр эле. А мен үчүн “америкалык кыял” – дүйнөлүк коомчулуктун Кыргызстанды суктануу жана таң калуу менен таануусу.
Чет өлкөлөрдө жүргөндө кай жерден келгенимди сурагандар болот. "Кыргызстандан" деп жооп берсем, көбү "Курдистан" же "Туркистан" деп түшүнүшөт. Ошондуктан дүйнө эли "кыргыз" дегенди жазбай тааныган деңгээлге жетишибизди каалаар элем. Бул бир тобуна жомоктой сезилиши мүмкүн, бирок ага жакынкы 20 жылда жетишебиз деп эсептейм. Анткени 5 жыл мурун деле "Супер-Инфонун" бүгүн­кү ийгиликке жете аларын көбү фантастика деп ойлошкон. Же Сингапур менен Малайзияны алалы. Алар деле 20 жыл мурун бүгүнкүдөй ийгиликтерди, жетишкендиктерди түшүндө да көрүшпөсө керек эле.

“Америкалык кыял” (англ. "аmerican dream") – АКШнын калкынын идеалдуу жашоосун чагылдырган түшүнүк. Бул сөз “менчик үй, жогорку маяналуу жумуш, кымбат баалуу машина, кадыр-барк” дегенди туюндурат. "Анын баарына адам өзүнүн күчү жана эмгеги менен жетишкен" деген түшүнүктү билдирет.

Эльвира Караева
koom@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  19 
Комментарийлер(21)
05.09.2010. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kylychbek baykenin iygilikteri "Kyrgyzskaya mechta" ekendigi talashsiz.
07.03.2013. 09:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бул маекти окуган ар бир адам кадимкидей сергек тартып, жашоого болгон умтулуусу, шыктануусу кучой тушот экен. Чынында эле жоктон бар нерсени жаратуу бул ар бир адамдын эле колунан келе бербейт. Элестеткиле ЦУМдун жолдорун жырткан жоо адам бугун журналистика айдынындагы эн чон ийгиликтерди багынткан адам.Бул нерсеге албетте анын талбаган эмгеги,тынымсыз изденуусу,жанычыл коз карашы негиз болду. Маекти окуп Уилл Смиттин бир кинодогу турмушун эстеп кеттим.Ийгилик сизге Мырзакенин кулуну!!!
08.03.2013. 00:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Abdan jonokoi insan eken.Ushundai adamdan dagy beshoo bolgondo KG alda kachan onukmok.
09.03.2013. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ийгилик агай!мындан башка соз таба албайт экенсин окуп алып.
11.03.2013. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кооп изденуунун артында дайым ийгилик жаралат,жана талыкпаган эмгек кооп мээнетти талап кылаары анык.Сиздин мээнетиниздин акыбети кайтып,жемишин коруп,эл оозуна алынган инсан болудунуз.Уй булоонуз менен бактылуу болуп,коп жашаныз!
12.03.2013. 04:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жердешим Кылычбек акеге ийгилик,ден соолук,уй булолук бакыт каалайм.
15.03.2013. 09:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мына ушул адамды айтса болот, мээнет менен ийгиликке жетти деп. Байлыгы гезити, гезит болсо окурмандын сырдашы, мундашы. Бул орунга ошол он жыл ичинде басылмага байма бай жарыяланган калктын жарды катмарындагы койгойлорду коруп билип туруп барса керек. Азаматсыз сизге ден соолук, ийгилик, куч-кубат каалайм. Алла озу жар болсун!
22.03.2013. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кандай гана ийгиликтерди багынтпасын, кандай гана кызаматта болбосун- жонокойлук, адамгерчилик сапаттарына баа берем. Алдыда болгон ой-максаттарыныз ишке ашсын!!!
23.03.2013. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ака,коз тийбесин!суктанам сизге,сиз бактылуусуз!менда сизге окшоп кайсы бир ишкананын башчысы болгум келет.Мени бироо башкарып директор болуп турса мейли,бирок кекетип эмгекти баалабай турса кайып болгум келет кээде.суктанам,сиз иш билги аллах суйгон пендесиз.супер сканвордтторду 2003 жылы окучу элек,6 класс элем ошондо..эххх
23.03.2013. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
супер инфо гезити аркылуу биз,коп нерсени билебиз,мен айын 80сом берип коем гезит саткан эжеге ал,мага ар жума куну берип турат.акчам жок болсо озу окуганын да берип коет бекер эле.
27.03.2013. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дайыма жылмайып жургон суротун кором. Турмушта да жонокой адам болсо керек дейм да. Эл учун иштеп ак эмгегинизди элге арнап журо бериниз байке. Биз мындай адамды колдоп коштогонго даярбыз
12.04.2013. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ишинизге ийгилик! Кыргызстанда сиздей курч адамдар коп болсун!Атынызга жараша затыныз бар жакшы адамсыз!
12.04.2013. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жонокойлук,адамгерчилик ар бир адамга жарашат.
29.04.2013. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ишиңе ийгилик!Мындан да бийиктиктерге жетише бер!
03.05.2013. 00:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кылыч акебиз эмгекти суйгон жан экени дайыма жузунон эле билинип туратко , бар болунуз дайыма ийгилик сизди жандап журсун .
03.05.2013. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кылыч байке аллах сизге эки дуйнодо жакшылыктарды насип кылсын,сиз эл учун кандай сонун газета ачып койдунуз,сиздин козомолунуз менен супер инфо эл менен бийликтин ортосунда копуро болуп келет,жана сиздер ар дайым калыс жана чындык тараптасынар,карапайым элдин башына оор иш тушкондо энесине даттанган баладай болуп силерге барып,жана жакшылыктарды силерден гана умут кылат, кыргызстан деле алакандай мамлекет,
03.05.2013. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
канча оор жолдорду бассаныз да бара бара супер инфодой кылып кыргызстанды ондоп кеткенге умутубуз бар,сиздей адамдар керек элге,саясаттан кетпениз,ишинизге чон чон ийгиликтерди каалаймын,уй булоонуз менен бактылуу болунуз бар болунуз.
28.07.2014. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик! Алысты жакын кылган маалымат борбору!! Эне тилге,каада салтты Кыргыздын нукура жузун чагылдыра турган Кыргыз тилинен жазбаган мыкты аалам тордогу баракча болоруна ишеним артабыз! Озунзго ден соолук, уй булолук бакыт каалайбыз! Эне тилсиз,Эл болбойт! Эне тилге болгон салымынз заманбап технология жашоосунда зор!Ийгиликтер!
08.08.2014. 20:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ишинизге ийгилик!Копчулук жоготкондорун ушул гезит аркылуу табат,бирок сиз жердешинизди таап калсам карызды берет элем дегениниз кулкулуктуу болот экен.Эмне учун аялынын суротун чыгарбайт?
13.12.2014. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгиликтерди каалайм.
26.04.2015. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен бул гезитти мектепте окуп жургонумдо ар жума сайын алып окуучумун. Анда кайдагы акча эптеп бир жумада чогулткан акчам гезитке кетээр эле. А эми болсо акысыз окуйм...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: