БИР БҮРКҮМ. ЖУМГАЛ ЭЛИ ПИКЕТКЕ ЧЫКТЫ...
№904 27-февраль - 4-март, 2020-ж.
-
Кой-Таш окуясы боюнча иш Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна жөнөтүлдү.
-
Ажылык сапардын баасы 3350 долларды түздү.
-
Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Баткен облусуна барды.
-
Текебаев менен Чотоновдун үй камагындагы мөөнөтү эки айга узартылды.
-
Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 262 ардагери калды.
-
Жумгалдын тургундары түндүк-түштүк жолун салып жаткан кытайлык ишкананын жумушчуларына каршы пикетке чыгышты.
-
Баткен жана Согди облустарынын ортосунда кызматташуу планы бекитилди.
-
Милиция Арстан Алайга карата ачылган жазык териштирүүсүн токтотту.
-
Республиканын аймагында коронавирус менен жабыркагандар катталган жок. 566 жаран медициналык көзөмөлдө.
-
Түркияда өтчү Көчмөндөр оюндарында көк бөрү тай казансыз ойноло турган болду.
-
Асеин Исаев Индияга кошумча, Кыргызстандын Бангладештеги атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды.
-
Президент Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгуну "Достук" ордени менен сыйлады.
-
Кыргыз жарандары үчүн Шенген визасын алуу боюнча жаңы эрежелер күчүнө кирди.
-
Коронавирустун жайылышына жол бербөө максатында 22 санитардык-карантиндик жай уюштурулду.
- Өлкөдө 27-28-февралда туруксуз аба ырайы күтүлөт.
Гүлжан Асанкожоева
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
-2