Архив
1152
1153
1154
1155
1156
1157
1158
1159
1160
1161
1162
1163
1164
1165
1166
1167
1168
1169
1170
1171
1172
1173
1100
1101
1102
1103
1104
1105
1106
1107
1108
1109
1110
1111
1112
1113
1114
1115
1116
1117
1118
1119
1120
1121
1122
1123
1124
1125
1126
1127
1128
1129
1130
1131
1132
1133
1134
1135
1136
1137
1138
1139
1140
1141
1142
1143
1144
1145
1146
1147
1148
1149
1150
1151
1049
1050
1051
1052
1053
1054
1055
1056
1057
1058
1059
1060
1061
1062
1063
1064
1065
1066
1067
1068
1069
1070
1071
1072
1073
1074
1075
1076
1077
1078
1079
1080
1081
1082
1083
1084
1085
1086
1087
1088
1089
1090
1091
1092
1093
1094
1095
1096
1097
1098
1099
997
998
999
1000
1001
1002
1003
1004
1005
1006
1007
1008
1009
1010
1011
1012
1013
1014
1015
1016
1017
1018
1019
1020
1021
1022
1023
1024
1025
1026
1027
1028
1029
1030
1031
1032
1033
1034
1035
1036
1037
1038
1039
1040
1041
1042
1043
1044
1045
1046
1047
1048
944
945
946
947
948
949
950
951
952
953
954
955
956
957
958
959
960
961
962
963
964
965
966
967
968
969
970
971
972
973
974
975
976
977
978
979
980
981
982
983
984
985
986
987
988
989
990
991
992
993
994
995
996
897
898
899
900
901
902
903
904
905
906
907
908
909
910
911
912
913
914
915
916
917
918
919
920
921
922
923
924
925
926
927
928
929
930
931
932
933
934
935
936
937
938
939
940
941
942
943
844
845
846
847
848
849
850
851
852
853
854
855
856
857
858
859
860
861
862
863
864
865
866
867
868
869
870
871
872
873
874
875
876
877
878
879
880
881
882
883
884
885
886
887
888
889
890
891
892
893
894
895
896
792
793
794
795
796
797
798
799
800
801
802
803
804
805
806
807
808
809
810
811
812
813
814
815
816
817
818
819
820
821
822
823
824
825
826
827
828
829
830
831
832
833
834
835
836
837
838
839
840
841
842
843
740
741
742
743
744
745
746
747
748
749
750
751
752
753
754
755
756
757
758
759
760
761
762
763
764
765
766
767
768
769
770
771
772
773
774
775
776
777
778
779
780
781
782
783
784
785
786
787
788
789
790
791
687
688
689
690
691
692
693
694
695
696
697
698
699
700
701
702
703
704
705
706
707
708
709
710
711
712
713
714
715
716
717
718
719
720
721
722
723
724
725
726
727
728
729
730
731
732
733
734
735
736
737
738
739
635
636
637
638
639
640
641
642
643
644
645
646
647
648
649
650
651
652
653
654
655
656
657
658
659
660
661
662
663
664
665
666
667
668
669
670
671
672
673
674
675
676
677
678
679
680
681
682
683
684
685
686
583
584
585
586
587
588
589
590
591
592
593
594
595
596
597
598
599
600
601
602
603
604
605
606
607
608
609
610
611
612
613
614
615
616
617
618
619
620
621
622
623
624
625
626
627
628
629
630
631
632
633
634
531
532
533
534
535
536
537
538
539
540
541
542
543
544
545
546
547
548
549
550
551
552
553
554
555
556
557
558
559
560
561
562
563
564
565
566
567
568
569
570
571
572
573
574
575
576
577
578
579
580
581
582
479
480
481
482
483
484
485
486
487
488
489
490
491
492
493
494
495
496
497
498
499
500
501
502
503
504
505
506
507
508
509
510
511
512
513
514
515
516
517
518
519
520
521
522
523
524
525
526
527
528
529
530
427
428
429
430
431
432
433
434
435
436
437
438
439
440
441
442
443
444
445
446
447
448
449
450
451
452
453
454
455
456
457
458
459
460
461
462
463
464
465
466
467
468
469
470
471
472
473
474
475
476
477
478
374
375
376
377
378
379
380
381
382
383
384
385
386
387
388
389
390
391
392
393
394
395
396
397
398
399
400
401
402
403
404
405
406
407
408
409
410
411
412
413
414
415
416
417
418
419
420
421
422
423
424
425
426
322
323
324
325
326
327
328
329
330
331
332
333
334
335
336
337
338
339
340
341
342
343
344
345
346
347
348
349
350
351
352
353
354
355
356
357
358
359
360
361
362
363
364
365
366
367
368
369
370
371
372
373
264
265
266
267
268
269
270
271
272
273
274
275
276
277
278
279
280
281
282
283
284
285
286
287
288
289
290
291
292
293
294
295
296
297
298
299
300
301
302
303
304
305
306
307
308
309
310
311
312
313
314
315
316
317
318
319
320
321
Популярдуу макалалар
|
БЫЧАК МИЗИНДЕГИ ЖАШОО (Тынч жашоосу күтүүсүз бузулуп, Казакстанда оор күндөрдү баштан кечирген жигиттин жашоосу тууралуу сериал)№906 12-18-март, 2020-ж
Бир топтон кийин Адыл ага: – Самат, өзүң жалгыз кантип коркпой келдиң?- деди. – Чынын айтайын, адегенде Карагандага абалды байкайын деген эле ойдо келгем. Анан бир топ күн резиденцияны күзөттүм. Катаал күзөтүү жок экенин билгенден кийин сизди куткарып кетүүгө көзүм жетти. Бул шансты колдон чыгаруу мүмкүн эмес болчу. – Рахмат, иним, көйгөйлөрдү чечип алалы биринчи, анан сүйлөшөбүз калганын. Баары бир уктай албайт окшойм, уктайын десем эле өзүмдү капаста жаткандай сезип жатам. Самат, сен айдай бер. Жол узак, мен сага мындай жашоого кантип аралашып калганымды, башымдан өткөргөн күндөрдү айтып берейин. Сен менин иним болуп калдың,- деп өмүр баянын айтууга киришти. Бирде кабагы түйүлүп, бирде жылмайып, бирде ой басып тагдырын баяндап баратты Адыл ага: – Ата-энем Союз маалында Карагандада алтын комбинатта иштечү, бардар жашачубуз. Жокчулук эмне экенин билбей, эски же жыртык кийим кийбей өстүм. Мектепти бүтүп аскерге кеттим, Рязандагы десанттык бөлүктө кызмат кылгам. Аскердик милдетти өтөп бүтөрүмө 1 ай калганда Союз ыдырап кеткен. Аскерден келип атам катуу ооруп калганын билдим, мени кыжалат болбосун деп айтышпаптыр. Алтын комбинатта зыяндуу заттарды изилдөөчү лабораторияда иштегендиктен ден соолугу кетиптир. Бир жарым жыл мурун иштен чыгып, дарыланып жүргөнүн укканда катуу тийди. Дайыма зыңкыйып, сүрдүү жүргөн атамды ооруп төшөктө жатып калат деп такыр ойлогон эмесмин. Бир жылдан бери көрүнбөгөн дарыгери, каккылабаган эшиги калбаптыр. Дарыланууга көп акча керек болуп, шаардагы төрт бөлмөлүү батирди сатып, шаар четиндеги чакан жер үйдө жашап жатышкан экен. Бул арада комбинатта кыскартуулар болуп, апам да иштен бошотула турган болуп калганда атамдын ооруп жатканын айтышып, араң ишин сактап калыптыр. Баягы бардар жашоо жок, төрт бөлмөлүү чакан үй көзүмө бир башкача көрүнүп маанайым түштү. Оору деген оору, атам арыктап жүдөп калыптыр. Аны караган апамдын көрүнүшү да аянычтуу болчу. Иштейин десем ылайыктуу иш чыкпай аргам түгөндү. Акыры апам суранып жүрүп өзү иштеген комбинаттын коопсуздук кызматына мени ишке киргизди. Бир сутка иштеп, үч сутка бошмун. Айлыгы деле жарыбаган сумма болчу, бирок ал кез айлык чана турган убак эмес эле да. Бош күндөрү ар кандай иште жалданып иштеп, кошумча акча табам. Атам комбинатта иштеп турганда кадырлуу киши болгону менен, дарылануусуна деп акчалай жардам беришпеди. Кээде мен тааныбаган кишилер келип ал-жайын сурап, мөмө-чөмө таштап кетишчү. Иштегениме жарым жылдай болгондо комбинаттын базасында жаңы ишкана түзүлүп калды. Жетекчиси Нартай Калыкович деген киши эле. Бир күнү түнкү саат үчтөрдө ишканага капкара жол тандабас минип келип калды, күзөттө мен болчумун. Бөлмөдөн чыккыча күтпөй сигнал басып шаштыны кетирди. Тартип боюнча, эртең мененки саат жетиге чейин ишканага бир да адам кирип, бирөө да сыртка чыкпашы керек. Унаанын жанына барсам айнегин түшүрдү эле, ичтен арактын жыты “бурр” дей түштү. Тиги жетекчи учурашкан да жок, шылдыңдап буйрук бере сүйлөдү: – Эй, кумурска, ач дарбазаны! Эмне, Кудайыңды тааныбай калдыңбы?- деп каткырып күлдү. Жанында дагы бир адам отуруптур, анысы кошо каткырып күлүп калды. Арткы орундукта жапшаш эки кыз отурат, баары кызуу экени көрүнүп турат. Алар арт жактан коштоп калышты: – Кумурска? Ха-ха-хаа... Нартай ага, кана, күчүңүздү көрөлүчү,- деп шыңкылдап күлүштү. Бул Нартай деген комбинатка ишке жаңы киргенде атамдын колунда бир жылдай иштеген. Мени бул жерге жумушка апам ушул адам аркылуу киргизген. Тигинтип “кумурска” деп шылдыңдап турса, өзүмдү араң кармадым. Дарбаза ачпайм десем сөгүп, жаңжал салмак. Ачып киргизип жибердим. Бул окуядан көп өтпөй, атамдын оорусуна керек күчтүү дары табылып калды. Бирок кымбат экен, акча издеш керек. Атамдын “барба” дегенине болбой ушул Нартай Калыковичке бардым. – Нартай Калыкович, билесиз, атам көптөн бери ооруп жатат. Керектүү дары табылды, бирок кымбат болууда. Акча бере турсаңыз, айлыгымдан төлөп кутулам,- дедим. Мени бир топко тиктеп турду да, “ойлонуп көрөйүн, эртең кел” деди. Бул жооп мага “макул, берейин” дегендей угулуп, апама сүйүнчүлөп жибердим. Эртеси жолуксам көңүл кош гана “иним, акча болбой калды, бере албайм” деп, ошол маалда кабинетине кирип келген адамдар менен учурашып, алар менен бир нерселерди сүйлөшө баштады. Ызам келип, кабинетинен атып чыктым. Кийин жанагы жер үйүбүздү күрөөгө коюп бирөөдөн акча таап, дарыны алганбыз. Атам ошону ичип жакшы болуп кетти. Жайлоого барып жайы менен саамал, кымыз ичип, күздө кадимкидей өзүнө келди. Атамдын “кайра иштейм” дегенине апам экөөбүз болбой койдук. Нартай Калыковичтин баягы мамилесин көпкө чейин унута албай жүрдүм. Коопсуздук кызматынын башчысы Пётр Иванович деген киши эле. Анын тилин таап, колуна акча берип жатып ишкананын башка бөлүгүнө которулуп алдым. Ал жакта иштегендер айлыгын айтышпайт эле, бирок жакшы төлөнөрүн билчүмүн. Анткени анда иштеген жигиттер тез эле үй, машина алып бутуна туруп кетишчү. Бул жай негизги пост, таза алтынды ушул бөлүктүн цехине алып келишип калыптарга куюп, номерлерди басып, андан ары банктарга алып кетишчү. Ал жерге кирип чыккандар атайын сканерден өтүшчү, адамда кымындай алтын болсо аппарат чыйылдап жиберет. Алтын уурдоо дегеле мүмкүн эместей. Жаңы бөлүктө иштегениме бир ай болоюн деп калган, бир күнү иштен чыксам артымдан Санёк деген орус бала унаасы менен жете келип, “үйүңө жеткирип коёюн” деп салып алды. Демейде минтчү эмес, бир нерсе айтарын же сурай турганын дароо сездим. Үйгө жеткиче унчуккан жок, жетип эми унаадан түшөрдө: – Адыл, токтосоң, сенде сөз бар,- деп калды. Сөздү эмнеден баштаарын билбей ыңгайсыздана түштү эле: – Санёк, айта бер. Мени билесиң, ачык сүйлөшкөндү жактырам. Сыр болсо экөөбүздүн ортобузда эле калат,- дедим ага ишеним бере. – Билем, ошон үчүн сага айтайын деп жатам. Адыл, сөздүн ачыгы, сени көпкө чейин байкап жүрдүк. Ишеничтүү, сатып кетпей турган баласың. Кыскасы, комбинаттан алтын алып чыгабыз, ага сенин жардамың керек,- деди да, эмне дээр экен дегендей түр менен тиктеп калды. Күтүүсүз сунуш уккансып чочубадым, кубанып да кетпедим, жөн гана кандай жардам керектигин сурадым. Кыскасы, жигиттер алтын уурдап чыгышарын, күзөттө турган мен эмне кыларымды, текшерүү болуп калса эмне деп жооп беришим керектигинен бери айтты. Акырында “азыр уурдабасаң жашай албайсың” деп менден жооп күтүп калды. Муктаждык эмне гана кылбайт, сунуштан баш тарта алган жокмун. Анын үстүнө атамды толук дарылатууга да акча керек болчу. Жигиттер өз ишин кылып, менин үлүшүмдү берип жатышты. Бир жолку эле үлүшүм айлыгымдан эки эсе көп акча болчу. Тез эле акча топтоп, үй-жайды жаңылоого жетиштим. Алтын уурдаган командадагы жигиттер шаарда тез-тез жолугуп турабыз. Бир күнү Артём деген шеригибиз мени үйүнө чакырып калды. Ичимдик ичтик, бактын ичинде көпкө сүйлөшүп отурдук. Жөн чакырган жок, азыр бир иштин башын чыгарат деп күтүп жаттым. Жаңылбаптырмын, бир убакта Артём оюндагы сунушун ортого салды: – Адыл, карьерде үч-төрт куюлма алтын бар. Салмагы бир килограммга барып калат чамасы, ошону алып чыгыш керек. Жолун тапсак болобу?.. – Азыр бир нерсе айта албайм. Жообун кийинчерээк берейин,- дедим сөздү атайын башкага буруп. Унчукпай, бир топко ойлонуп калды. Артём ишеничтүү эле жигит, алдабайт. Карьер тоонун арасында эле. Аянт айлантып аябай зым менен тосулуп, ар бир элүү метр жерде бирден кароол мунара орнотулган. Тегерете камералар да орнотулуп, ар бир 50 метрде бирден күзөтчү турат. Бир караганда бул жерден жашырып бир нерсе алып чыгып кетүү мүмкүн эместей. Карьерде куюлма алтындар үч-төрт даана деп жатса, демек, андан башка да бар. Алтын таап алгандар “бир күнү алып чыгып кетем” деп бекитет да баары бир. Алысты көз алдыңа даана көрсөткөн жаңы дүрбү сатып алып, карьердин маңдайындагы тоого чыгып алып үч күн дүрбү салып байкаштырдым. Карьердин адам барбаган жагында түлкү, жолбун ит-мышык көп жүрөт экен. Түлкүлөр адамдарга жакындабайт, ит-мышыктар күзөтчүлөрдүн жанына чейин коркпой-үркпөй келип, кайра кетишет. Күзөтчүлөр да көнүп бүткөн го, аларга көңүл бурушпайт деле. Башыма бир ой келди... (Уландысы кийинки санда) "Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(1)
rafo80
![]()
16.03.2020. 11:51
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сонун, азаматсын.
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:
|